Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-ноябрда №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бахтияр Бообековдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, каттоосун жокко чыгарды.
Боршайком 13-ноябрдагы отурумунда аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматыны ылайык, Бахтияр Бообеков октябрь айында өзүнүн штаб башчысы (М.З.) аркылуу көк бөрү оюнунда колдонулуучу тай казанды сатып алуу үчүн 800 миң сом берип, аны жеке ишкер (Н.Р.) даярдаган. Тай казан кийин Сосновка айылына жеткирип, жергиликтүү жаштарга пайдаланууга берилген.
“Ушундай жол менен Б.Б. (ред: Бахтияр Бообеков) жана анын тарапташтары шайлоочулардын колдоосун мыйзамсыз жол менен камсыз кылууга аракет көрүшкөн”, - деп билдирген облустук милиция.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция талапкер жана окуяга тиешеси бар адамдарды суракка алып, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга мыйзам чегинде баа берилип, тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынарын билдирген.
Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, 39 жаштагы Бахтияр Бообеков Социалдык фонддун аппарат жетекчиси. “Азаттык” анын жана жакындары же ишенимдүү өкүлдөрүнүн да пикирин берүүгө даяр.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)
Шерине