Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

"Сурактан кийин асынып алды". Тоңдогу табышмактуу өлүм


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кармап, кийин үй камагына чыгарган “Тон Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору Мирбек Исмаилов 13-мартта үйүнөн асынып каза болду.

Ал бир күн мурда үй камагына чыгып, эртеси кайра атайын кызматтын Каракол шаарындагы башкармалыгына суракка кирип чыккан.

Маркум Мирбек Исмаиловдун инисинин айтымында (аты-жөнүн атоону каалаган жок-ред.) агасы үй камагына чыккан күндүн эртеси асынган.

“Агам башында суракка чакырылып, барып жаткан. 28-февралда суракка баргандан кийин 48 саатка камакка алынган. Бизге кайсы берене менен камалып жатканын айткан эмес. 1-мартта райондук сот бир айга камакка алды. Биз облустук сотко кайра арыздандык, 12-мартта облустук сот агамдын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды. Ошол аралыкта он күндөн ашуун тергөө камагында жатып калды. 12-мартта үйгө чыгарып келдик, маанайы жакшы болчу. Үйгө келерибиз менен телефон чалуу болуп кайра эртеси саат 9га суракка чакырышты. Эртеси сурактан чыгып келе жатканда эле байкем башкача болуп калган, үйгө келгенден кийин бир саатта ушундай иш болуп кетти”, - деди муркумдун иниси.

Каза болгон Исмаиловдун жубайы Гүлзада Шаршенбек кызы жолдошунун өзүнө кол салышына укук коргоо органдарынын басымы түрткү болду деген пикирде.

“12-мартта үйгө чыгарып келгенде абалы жакшы болчу. Анан менин телефонума билдирүү келди, анда жолдошумду суракка келүүгө чакырган экен. Эртеси кайра Каракол шаарына суракка кетти. Түштөн кийин телефон чалсам, бир аз капа болуп калыптыр. Үйгө келди, бирок мени сарсанаа болбосун дедиби, айтор ашыкча сөз айткан жок. Бирок менин билишимче аны ыза кылышкан. Жолдошум эч кандай кылмыш кылбай эле камалды. Жолдошума карата далил деле жок, Тоң районундагы УКМКнын бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазам. Жолдошум жашоону сүйчү, мындай ишке жөн эле бармак эмес. Кысымга кабылган. Эми ошол адамдар жооп беришин талап кылам”.

Гүлзада баш-аягын жыйып алгандан кийин УКМК кызматкерлеринин үстүнөн арыз жаза турганын билдирди. Ал кызмат абалынан пайдаланып, адамды өлүмгө түрткөн окуя акыйкат териштирилүүгө тийиш деп эсептейт.

Атайын кызмат Исмаиловдун өлүмүнө байланыштуу комментарий бере элек.

Тоңдун Бөкөнбаев айылынын тургуну, 40 жаштагы Мирлан Исмаилов “Тон Манжылы сервис” ишканасын 2021-жылы ачкан. Ар кандай тендерлерге катышып, сырттан техника алып келип иштеп жүргөн. Маркумдун артында эки баласы калды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМК кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалганын билдирген.

Маркум Мирбек Исмаилов 2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар делген шек менен Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген. Атайын кызмат анын кармалганын 13-мартта гана билдирген. Мындан кийин Исмаиловдун жактоочусу Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, шектүү 12-марттан 28-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.

Абактагы басым жана өлүмдөр

Коомчулукта суракка барган кишинин үйүнө келери менен өз жанын кыйганы суроо жаратууда. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова маркум бул жолго кандайдыр бир кысымдан улам барышы мүмкүн деп күмөн саноодо:

"Сурак учурундагы кысым адамдын өмүрүнө коркунуч келтирет. Башына баштык кийгизет же зордуктоо түрүн колдонушат. Мисалы, лейлектик жигитти Ошто милициялар кармап келип дубинка менен зордукташкан. Аны видеого тартып алышып, интернетке чыгарабыз деп коркутуп, кылмышты моюнга алууга мажбурлашкан. Бул акыркы жети-сегиз жылдагы кыйноонун түрлөрү. Дагы бир кыйноо - тууган-уругун айтып коркутуу. Аларга кол салуу болорун же жумушуна тийиштүү басымга кабыларын айтышат. Бул кыйноолор менен алар кармалган адамга күнөөнү моюнга алдырышат же акча талап кылышат. Мына жакында абакта катталган өлүмдөр көп болууда. Бирок бул өлүмдөргө эч ким жооп бербей жатат, үй камагына чыккандарга андан бетер жооп бербейт. Бул киши үйүнө барып өлүптүр, "муну билбейбиз, сурактан тирүү кеткен" деп кутулушат. Эч ким соттолбойт, эч ким жазаланбайт. Бул эми чоң трагедия да, атайын кылынган, өлүмгө түрткөн кылмыштарга кирет. Өлгөн адам видео же кат гана калтырбаса, күнөөнү аныктоо оор болот", - деди Абдирасулова.

Мирбек Исмаиловдун өлүмү буга чейин абакта же ага байланыштуу жагдайда каза болгондорду эске салды.

2022-жылы саясат талдоочу Марат Казакпаев атайын кызматтын абагынан ооруканага которулганда каза болгон. Андан кийин "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев атайын кызматтын абагындагы камерада асынып алган. Былтыр №1 тергөө абагында кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов бычакталган. Быйыл 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаев каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы анын өлүмүн "суицид" катары сыпаттаган.

Арстан Алайдын өлүмүнөн кийин “Азаттыкка” талкууга келген Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков абактагы өлүмдөр дыкат иликтенбей жатканын белгилеген:

“Былтыр беш суицид болду. Азыр ошол беш окуя боюнча териштирүү болдубу деген суроо турат. Же атагы чыккан адамдардын окуясына байланыштуу эле комиссия түзүлөбү? Ошол эле №31 түзөтүү мекемесинде ушул жылдын башында эле кургак учуктан бир киши каза болду. Былтыр 31-декабрда сокур ичегиден дагы бир киши өлгөн. 21-кылымда сокур ичегиден өлөт деген акылга сыйбай турган нерсе да”, - деген Рысбеков.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматы боюнча, 2019-2023-жылдарда жабык мекемелерде жалпы жонунан 23 адам өз жанын кыйган. Адатта жабык мекемелерде жанын кыйды делгендердин жакындары ал иштердин артынан түшпөйт. Кыйноолорго каршы улуттук борборго да, Акыйкатчы институтуна да каза тапкандардын жакындары арыз менен кайрылышкан эмес.

Ал эми 2020-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта 151 адам ар кандай жагдайда жашоо менен кош айтышкан.

  • 16x9 Image

    Айсалкын Качкынбекова

    Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, 2016-жылы Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG