Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

2025 эң ысык жылдардын бири болду. Келечекте эмне күтөт?


"Мелисса" бороонунун кесепети. Гаити, 2025-жылдын октябры.
"Мелисса" бороонунун кесепети. Гаити, 2025-жылдын октябры.

мазмуну

  • СОР30 Бразилияда климаттын өзгөрүүсүнө каршы глобалдык аракеттерди талкуулап жатат.
  • БУУнун докладына ылайык, абанын температурасы кылым аягына чейин 2,3–2,5°C көтөрүлүшү мүмкүн.
  • Климаттын өзгөрүүсү миллиондогон адамдарды көчүүгө мажбурлап, жакырчылыкты жайылтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

Мындан он жыл мурун 200 чакты өлкөнүн лидерлери Париж келишимине кол коюп, Жер шарынын ысышын 1,5 градустан ашырбоо жөнүндө макулдашкан. Бирок окумуштуулар климаттагы өзгөрүүлөрдү ооздуктоо кыйын болуп баратканын, максатка жетүү дээрлик мүмкүн эмес экенин айтышат.  

Дал ушул маселе жана табигый кырсыктардын алдын алуу, массалык миграция жана жакырчылык Бразилияда башталган климаттын өзгөрүшү боюнча глобалдык жыйында (COP30) талкууланмакчы.

Амазон аймагындагы Белем шаарына чогулган лидерлер, илимпоздор, эксперттер, экоактивисттер менен бейөкмөт уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү он күн бою климаттын өзгөрүүсү кандай коркунучтарга алып келгенин, алар менен күрөшүү жолдорун сөз кылат.

Аталышы айтып тургандай эле бул форматтагы жыйындар (Conference of the Parties - Тараптардын конференциясы) 30 жыл мурун уюштурула баштаган. Алгачкы жыйын Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн.

Бул жолку саммит абдан маанилүү учурга туш келип жатат. 2015-жылы Париж конференциясында Жердин ысышын 1,5°C ашырбоо макулдашылган. Бирок БУУнун докладына ылайык, абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну чектеген азыркы милдеттенмелерди аткарган шартта да бул кылымдын аягына чейин абанын температурасы 2,3–2,5°C көтөрүлүшү ыктымал.

"Илимпоздор эң кеч дегенде 2030-жылдардан баштап абанын температурасы 1,5 градустан ашары анык деп айтышат. Бирок канча градуска жана кандай тездик менен жогорулайт белгисиз. Анын бардыгы биздин бүгүнкү аракеттерибиздин масштабына жана ылдамдыгына жараша болмокчу. Кылымдын аягына чейин абанын ысышын 1,5 градустан ашырбоо максатына жетүү үчүн зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүп чыгуусу 2030-жылга чейин 50% азайып, 2050-жылы такыр жоюлушу керек", - деп билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

4-ноябрда Дүйнөлүк метеорология уюму 2025-жыл байкоо жүргүзүлүп жаткандан берки эң ысык жылдардын бири болуп калат деген божомолун чыгарды. Маалыматка караганда, абанын орточо температурасы индустриалдык доорго чейинки орточо температурадан 1,4 градуска жогору болду.

Мунун айынан сел, бороон, адаттан тыш аптап, кургакчылык өңдүү жаратылыш кырсыктары көбөйүп, миллиондогон киши үй-жайын таштап көчүүгө аргасыз. БУУнун Качкындар агенттигинин докладына караганда, акыркы он жылда климаттын өзгөрүүсүнөн улам 250 миллиондой киши жер которду.

Бул өз кезегинде жакырчылыктын жайылышына алып келет, азык-түлүк жана суу коопсуздугун коркунучка кептейт.

COP30 жыйынында дал ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу жолдору талкууланмакчы.

Улуттар Уюму Бразилия жетектеген жаңы фонд токойлорду коргоого өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Демилгеге ылайык, токойлордун суюлушун алдын алган өлкөлөргө ал фонддон каражат бөлүнүп турмакчы.

Кыргызстандын делегациясын жыйынга баштап барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, Бишкек тоолуу аймактардын көйгөлөрүн козгоп келатат:

“Биз Кыргызстандын, региондун гана эмес дүйнөдөгү тоолуу мамлекеттердин жоопкерчилигин сүрөөнгө алып келатабыз. Токойлор өлкө аянтынын 7% түзөт. Биз аны эки эсе көбөйтөбүз. Анын пайдасы жалпы дүйнөгө тийет. Токойлорду жөн гана тигип койбостон аларды жакшылап багыш керек. Бул үчүн миңдеген жумуш ордун түзүү зарыл дегенди билдирет. Кыскасы, бул чоң маселе".

Байсалов: "Климат саясатында тоо экосистемасын алга сүрөйбүз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:48 0:00

Андан тышкары конференциянын катышуучулары жер алдынан казып алынуучу энергия булактарынан баш тартуу, кайра калыбына келүүчү булактарга өтүү маселесин талкуулашат.

Бул жааттагы милдеттенмелерди аткарууга, албетте, каражат зарыл. Буга чейинки саммитте бай мамлекеттер өнүгүп келаткан өлкөлөргө 2035-жылга чейин жылына 300 млрд доллар бөлүп турууну макулдашкан. Бирок эксперттер бул каражат климаттагы өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн жетишсиз деп санашат. Бразилия жалпы сумманы 1,3 триллион долларга жеткирүү үчүн "жол картасын" иштеп чыгууну сунуш кылууда.

Климаттагы өзгөрүүлөрдөн жапа чеккен майда өлкөлөр атмосферанын булганышына чоң салым кошкон индустриалдык ири мамлекеттерди глобалдык алкакта аракет көрүүгө чакыршты.

Суринамдын президенти Женнифер Саймонс октябрдын этегинде “Мелисса” бороонунан жабыркаган бир нече өлкөнүн атынан кайрылуу жасады:

"Мелисса" бороону Ямайка, Гаити жана Кубада чоң кыйроого учуратты. Жапа чеккен мамлекеттерге көңүл айтабыз жана эл аралык коомчулукту тез жана туруктуу жардам берүүгө үндөйбүз. Бирок ошол жардам берилип бүтүп, окуя дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл сыртында калгандан кийин сөз болгон өлкөлөр жылдарга созулган кесепеттери менен жалгыз калат".

Бирок Бразилиядагы саммитке АКШнын жана айлана-чөйрөнү эң көп булгаган Кытайдын лидерлери катышкан жок. Вашингтон атүгүл 10 жыл мурун кол коюлган Париж келишиминен чыккан.

Кытайдын делегациясы сүйлөшүүлөргө кошулары кабарланган. Ак үй жогорку аткаминерлерди жөнөтпөй турганын алдын ала маалымдаган. Президент Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө климаттагы өзгөрүүлөрдү “дүйнөдөгү эң чоң көз боемочулук” деп сындаган.

Мындан улам эксперттер конференцияда алгылыктуу бир жыйынтыкка жетүү кыйын болорун белгилешет.

Саясий пикир келишпестиктерге карабай, COP30 дүйнө өлкөлөрү үчүн глобалдык алкактагы милдеттенмелерин ырастоого жана “жашыл долбоорлор” жаатындагы реалдуу кадамдарды көргөзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG