Чатыр жалбырттап күйүп жатканын кошуналары көрүшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде адамдардын сөөгү таанылгыс болуп күйүп кеткени аныкталган. Тактоо учурунда алар 34 жаштагы энеси жана анын 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары экени белгилүү болгон.
Кырсык болгон жерде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
19-октябрдын таңында эле Ош шаарындагы көп кабатуу үйдөн өрт чыгып, жалпы 1 миң 895 чарчы метр жер күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Ош шаарында 13-кабаттуу үйдө өрт чыгып, 200гө жакын адам эвакуацияланды. Жалпысынан 1895 чарчы метр аянтты өрт каптаган. ӨКМ турак жайда өрт коопсуздугун алдын алууга шарт түзүлбөгөнүн айтууда. Ош мэриясы күйгөн үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада берди.
Буга чейин 19-октябрда эртең менен Ош шаарынын Айша Маматисакова көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 200 адам эвакуация болгон.
Өрттү өчүрүүгө Ош шаарынын жана Кара-Суу районунан техникалар тартылган.
Өрт жалпысынан 1800дөн ашуун чарчы метр аянтты каптап, алты батир күйгөн. Кырсык болгон жерге барган Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирип, турак жайдын чатырын жаап берерин убада кылган.
Август айында Өзгөн шаарынын Таштак тилкесинде эки кабаттуу мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калган.
Февралда Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгы учурунда эки бейтап бала өмүрүнөн ажыраган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жараат алган.
Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет.
Шерине