Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:16

Ошто турак жайдан чыккан өрттөн энеси беш баласы менен каза болду


Өрт чалган үй.
Өрт чалган үй.

Ош мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт алоолонуп чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде адамдардын сөөгү таанылгыс болуп күйүп кеткени аныкталган. Тактоо учурунда алар энеси жана анын беш жашы жете элек баласы экени белгилүү болгон.

Маалымат боюнча, келин 34 жашта улуу баласы 13, андан кийинки кыздары 11, 9, 6 жана эң кичүү уулу 2 жашта болгон. Жолдошу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн.

Кырсык болгон жерде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

19-октябрдын таңында эле Ош шаарындагы көп кабатуу үйдөн өрт чыгып, жалпы 1 миң 895 чарчы метр жер күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG