Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Ак үйдөгү булактар Трамптын Путин менен жолугуу планы жоктугун билдиришүүдө


Трамп менен Путин Аляскадагы жолугушууда
Трамп менен Путин Аляскадагы жолугушууда

АКШ президенти Дональд Трамптын орус президенти Владимир Путин менен “жакынкы мезгилде” жолугушуу планы жок.

Бул тууралуу Reuters агенттиги Ак үйдөгү булактарына таянып таратты. Мындай маалыматты CBS News жана CNN баштаган бир нече америкалык каналдар да билдирүүдө. NBC News каналынын булактары Будапештте өтөрү пландалган Трамп менен Путиндин жолугушуусуна даярдыктарга “пауза” берилгенин кабарлашкан.

Андагы маалыматка ылайык, АКШ президенти эки тарап азырынча сүйлөшүүлөргө даяр эмес деп эсептейт. Бирок Трамп бул боюнча комментарий бере элек. Будапешттеги жолугушуу кийинкиге калганын кабарлаган медиалар өз булактары Трамптын планы тууралуу кайдан таанышканын тактаган жок.

Буга чейин CNN АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун үстүбүздөгү аптада болот деген жолугушуусу кийинкиге калганын билдирген эле.

Кездешүүнү которууга эмне себеп болгону белгисиз. Телеканал менен маектешкен булактардын бири айтып бергендей, башкы дипломаттардын Украинадагы согуш кандай аякташы керек деген көз карашы бири-биринен айырмаланат.

Ага чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ президенти сунуштап жаткан фронттун азыркы абалында ок атууну токтотуу планы Москванын кызыкчылыгына каршы келерин жана андай болсо “Украинанын бир топ аймагы нацисттердин карамагында калат” деп билдирген.

Өткөн аптада орус мамлекет башчысы менен телефондон сүйлөшкөндө Трамп “эмки жумада кеңешчилердин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтөт деп макулдашылганын” айткан. Андан соң эки апта ичинде Путин менен Трамп Будапештте жолугушу мүмкүн экени белгилүү болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG