Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

ИИМ сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү сунушун берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Кылмыш-жаза кодекске “Сексуалдык ыдык” беренесин киргизүү сунушун берди. Министрлик иштеп чыккан документ коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү айтып жыныстык органдарды көрсөткөндөр, адам каршылык кылганына карабай аны кармалап, сылап, чымчыса, ошондой эле, сексуалдык маанидеги сүрөт, видео же аудио жибергендерге 20 миң сом айып салынат же үч суткадан жети суткага чейин камакка алынат.

Мындай мыйзамсыз ишти кайталап жасаган адам үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

ИИМ акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук жайларда ыдык көрсөтүүгө байланышкан даттануулар жана кайрылуулар көбөйгөнүн билдирди. Өлкөдө буга чейин коомдук жайларда, жумушта аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар боюнча арыз-даттануулар болгон. Айрым кызматкерлер кармалган да учурлар бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG