Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Азербайжан Арменияга транзиттик жүк ташууга салынган чектөөнү алып салды


Азербайжандын жана Казакстандын президенттери Илхам Алиев менен Касым-Жомарт Токаев. Астана, 21-октябрь 2025-жыл
Азербайжандын жана Казакстандын президенттери Илхам Алиев менен Касым-Жомарт Токаев. Астана, 21-октябрь 2025-жыл

Азербайжан Арменияга транзиттик жүк ташууга салынган чектөөнү алып салды. Бул тууралуу азери президенти Илхам Алиев шейшембиде Астанада Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, биринчи болуп казак буудайы Азербайжан аймагы аркылуу Арменияга ташылды.

«Бул - Азербайжан менен Армения ортосундагы тынчтык кагаз жүзүндө калбай, ишке ашырылууда деген жакшы көрсөткүч деп ойлойм», - деп белгиледи Алиев.

Транзит жолдору эки коңшу ортосунда жаңжал башталганда, СССРдин соңку жылдары маалында буулуп калган.

Алиевдин жардамчысы, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Хикмет Хажиев жүк Арменияга Грузия аркылуу жеткирилерин, ал транзит «бейпилдик тартуулаган экономикалык артыкчылык» экенин айтты.

Армениянын премьери Никол Пашиняндын басма сөз катчысы Алиевдин аракеттерин «регионалдык байланышты өнүктүрүү, ортодогу ишенимди жана тынчтыкты бекемдөөгө багытталган кадам» катары кубаттады.

Эки кошуна 1980-жылдардын аягынан бери Тоолуу Карабак аймагы үчүн согушуп, Баку анын үстүнөн толук көзөмөлдү 2023-жылдын сентябрь айындагы аскердик операциянын жыйынтыгында орноткон.

Быйыл 8-августта АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен Пашинян жана Алиев тынчтык декларациясына кол коюшкан.

Макулдашууга ылайык, АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөнү алып салат. Вашингтон Баку жана Ереван менен энергетика, соода, жасалма интеллектти өнүктүрүү багытында кызматташат.

Армениянын аймагы аркылуу өткөн Зангезур коридорунун тилкеси америкалык компанияга 99 жылга берилет. Бул транзиттик коридор "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу" (Trump Route for International Peace and Prosperity - TRIPP) деп аталат.

Документ Армения менен Азербайжан ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоону, энергетика, технология, соода, инфраструктураны өнүктүрүү, чек араларда коопсуздукту камсыздоону камтыйт.


Шерине

XS
SM
MD
LG