Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир киши каза болду


Бишкек, өрт кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек, өрт кырсыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын Маевка айылына жакын Белозерский кыска көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Саат 14:30га чукул өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлдү.

ӨКМ 14-январда өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирген. Кырсыктын көбү Бишкекте катталган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG