Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:21

Лос-Анжелесте өрттөн набыт болгондордун саны 16га жетти


Лос-Анжелестеги өрт.
Лос-Анжелестеги өрт.

АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн кеминде 16 адам каза болгонун Associated Press (AP) агенттиги жазды.

"Аймактын соттук-медициналык экспертиза кеңсеси өрттөн каза болгондордун саны 16га жеткенин ырастады", - деп жазылган билдирүүдө.

Жергиликтүү бийликтин маалыматында, өрт миңдеген үйлөрдү жалмап, 180 миңдей адам коопсуз жактарга көчүүгө аргасыз болгон.

AccuWeather компаниясы өрт АКШ бюджетине 135-150 млрд доллар чыгаша алып келгенин билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Калифорнияда масштабдуу жаратылыш кырсыгы режимин жарыялады жана токой өртүнөн жабыркаган райондорго федералдык алкакта жардам көрсөтүү буйругун берди.

Тилсиз жоонун тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Версиялар арасында чагылган, электр зымдарынын жабыркашы, атайылап өрт коюу жана фейерверк бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG