Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Маңгыстауда жети киши, арасында беш бала иске ууланып каза тапты


Казакстандын Маңгыстау облусунда бир үй-бүлөдөн жети киши, арасында беш бала иске ууланып каза тапты. Аймактын жетекчисинин басма сөз кызматы алардын бардыгы жеринде үзүлгөнүн билдирди. Чукул кырдаалдар департаментинин жергиликтүү бөлүмү кырсыкка жер тамдагы газ жабдыгын туура эмес колдонуу алып келген деп болжолдойт.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, үй-бүлө Өзбекстандын жарандары. Бирок өзбек Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үй-бүлөнүн атасы гана өзбек жараны экенин тактады.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн облустун акиминин орун барасы жетектеген атайын комиссия түзүлдү.

Буга чейин Казакстанда балдардын өрттөн же истен каза тапкан учурлардан кийин 12 жашка чыга элек жеткинчектерди кароосуз калтырууга тыюу салуу сунуш кылынган.

Алсак, былтыр ноябрда Костанай облусунда үч бала жана бир чоң киши иске ууланып өлгөн. Ошол эле күнү Астанада менчик үйдөгү өрт төрт баланын өмүрүн алып кеткен.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, өрт кырсыгы көп катталган аймактардын башында Акмоло, Астана, Жамбыл облустары турат, кырсык көбүнчө жеке сектордогу үйлөрдө катталат.

2019-жылы 4-февралда башкалаадагы жер тамда өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш кызы каза болгон. Алардын улуусу 12 жашта, кичүүсү тогуз айлык болчу. Өрт чыккан учурда кыздардын ата-энелери түнкү нөөмөттө жумушта болушкан. Бул каргашалуу окуядан кийин айрым чиновниктер отставкага кеткен.

Ошондон бери казакстандык көп балалуу аялдар социалдык маселелерди ачык айтып көчөгө чыгып, бийликке талап коюп келатышат. Алардын негизги талабы – көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу жана үйдөгү ар бир балага ай сайын жөлөк пул төлөө.

Шерине

XS
SM
MD
LG