Бүгүн, 19-октябрда эртең менен Ош шаарынын Айша Маматисакова көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 200 адам эвакуация болду. Социалдык тармактарга тараган видеолордо үйдүн чатыры алоолоп күйүп жатканы көрүнүп турат.
Өрттү өчүрүүгө Ош шаарынын жана Кара-Суу районунан техникалар тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Абдылдаев жарандарды куткарууга көп убакыт кеткенин айтууда.
“Жалпысынан сегиз өрт өчүрүүчү техника тартылды. Эки автошаты иштетилди. Бири он сегиз кабатка жетет, 54 метр бийиктикке көтөрүлөт. Экинчи шатыбыз отуз метр бийиктикке көтөрүлөт. Көп убакыт жашоочуларды сыртка алып чыгууга кетип калды. Жабыркагандар жок. Бизде техникалар жана өздүк курамдын күчү жетиштүү”.
Өрт электр чубалгыларынан чыкканы айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абдылдаев көп кабаттуу турак үйдө өрт коопсуздугуна ылайыкташкан шарттар каралбаганын айтып, тиешелүү экспертизадан өтпөгөнүн да билдирди.
"Өрт чыккан үй боюнча айтсам, талапка жооп бербейт. Буга чейин кагаздар келгенде биз макул болгон эмеспиз. Алтынчы кабаттын жогорку жагында өрт өчүрүүгө ылайыкташкан суу түтүктөрү коюлган эмес".
Ош шаарынын мурдагы архитектору Нурбек Баетов турак үйлөрдүн үстүңкү кабаттары жыгачтан жасаларын, бул кооптуу экенин айтууда.
Буга чейин көп кабаттуу турак үйлөрдүн үстүңкү кабаттары мансард тибинде жасалып, “пентхаус” же тамактануучу жай катары пайдаланылып келген. Ал жеңил типтеги жыгач курулуштарга чектөө коюлганын кубаттады.
“Негизи көп кабаттуу турак үйлөрдүн үстү жеңил типтеги курулуштан жасалышы керек. Жеңил тип - бул темир менен жыгач да. Бул үйдүкү жыгачтан жасалып калган экен. Мамлекеттик курулуш агенттиги буга чейин "мындан ары жыгачтан жасабагыла" деп чектөө койгон. Чектөө коюлганына үч жылдай болуп калды окшойт. Жыгачтан жасалганда деле анын талаптары башкача болот”.
Өрт жалпысынан 1800дөн ашуун чарчы метр аянтты каптап, алты батир күйгөн. Кырсык болгон жерге барган Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирип, турак жайдын чатырын жаап берерин убада кылды.
“Мага урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич "Ошол жерди өзүң көзөмөлүңө алып, чатырын, күйүп кеткен үйлөрдү толук бүтүр" деп тапшырма берди”, — деди мэр жашоочулар менен жолугуу учурунда.
Он үч кабаттан турган көп кабаттуу турак жай “Эмаком” курулуш компаниясына тиешелүү. Бул убакка чейин аталган турак жай документ иштерине байланыштуу бир топ убакыт бою толук бүтпөй, үй алган жарандар бир нече жолу маалымат жыйын өткөрүп, өлкө башчысына кайрылган. Жыл башында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы мыйзамсыз деп аталган турак жайларды мыйзамдаштыруу чечимин кабыл алганын билдирип, “Эмаком” курулуш компаниясынын турак үйлөрү да мыйзамдаштырыла турганын айткан.
“2024-жылы Бишкек шаарында документи жок үйлөрдү документтештирип чечип бергенбиз. Эми кезек Ош шаарына келди. Эртең менен кыдырып үч үйдү көрдүк. Ал үйлөрдө адамдар жашап жатат, бирок документтери жок. Бул үйлөрдүн да документтерин чечип беребиз деп мен сиздерди ишендирип кетейин”, - деген Орунтаев.
“Эмаком” курулуш компаниясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жусуповго таандык. Бул компанияга тиешелүү көп кабаттуу турак үйлөр Бишкекте жана Ош шаарында бар. Бирок эки шаарда тең эле компаниядан үй алган үлүшчүлөр нааразы болуп келишкен. Эмил Жусупов өзү 2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып, кийин өз арызы менен мандатын тапшырган. Ал депутат учурунда компанияга карата ар түрдүү сын-пикирлер, нааразычылыктар айтылып, 2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Өткөн жылдын сентябрь айында Бишкек шаардык милициясы Мелис Жусуповго Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен кылмыш ишин козгогон.
Бул кырсык өлкөдө көп кабаттуу турак жайларды курууда өрт коопсуздугу сакталбай жатканын ачык көрсөттү. Ошондой эле, мыйзамдаштырылбаган же жарым-жартылай мыйзамдашкан имараттардагы кемчиликтерди калыбына келтирүү керектигин айгинеледи.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жараат алган.
Шерине