Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ош шаарында алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы алдын ала маалымат боюнча үйдө электр жылыткычын колдонуудан чыкканын биллдирди. Турак жай оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан.
Расмий маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жетип, саат 06:25те өрт чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 280 чарчы метрди түзгөн
Өрт өчүрүүчүлөр келгенде маркумдардын сөөгү күйүп кеткенин көрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен алты адам — 34 жаштагы келин жана анын беш баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон. Жолдошу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн.
ӨКМ жыл башынан Ош шаарында жалпы 65 өрт кырсыгы катталганын, алардын көбү жеке турак жайлардан чыкканын билдирди. 33 учур электр шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен болгон. (BTo)
Шерине