Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:43

Орусияда мигрант эне абакка, наристеси балдар үйүнө түштү


Орусия.
Орусия.

Москвада кыргызстандык келин мигрант мекендештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн камакка алынып, ага "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" деген берене менен кылмыш иши козголгону айтылууда.

Жакындары камакка алынган келиндин бир жарым жаштагы ымыркайы убактылуу балдар үйүндө экенин айтып, кыргыз бийлигинен жардам сурады.

Орус полициясы баланы атасы нике күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, алып кетсе болорун айткан. Бирок баланын атасы быйыл депортация болгондуктан Орусияга бара албай жатат.

"Батирге чогуу жашап, ижара акысын чогуу төлөшчү"

47 жаштагы кыргызстандык мигрант келинге Москвада "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" деген берене менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Эжесинин айтымында, аны полиция камакка алганда 1,5 жаштагы ымыркайын балдар үйүнө өткөрүп берген:

"Сиңдим Москвада иштеп жүрүп төрөгөн. Баласын бакчага берейин десе, кичинекей деп албай коюптур. Батирдин акчасын өзү жалгыз төлөй албай, кыргызстандык үч-төрт адамды чогуу жашатып жүргөн экен. 15 күн мурда булардын батирин полиция басып, баарын кармап кетиптир. Документ текшерген учурда анда жашаган төрт баланын документтери туура эмес чыгып калыптыр. Буларды алып барып, коё берген экен. Алып кеткен учурда сиңдим 1,5 жашар баласын Подмосковьеде жашаган кичүү сиңдиме берип кеткен экен. Полициядан чыккандан кийин барып, кичүү сиңдимден баласын алып, үйүнө барса, полиция ошол жерден кайра кармап кетип, камап коюптур. Биз аны билбей, сураштырып аттык. Анан "котормочумун" деген бирөө "эжеңерди баласын алып, өзүн камап коюшту" деп чалыптыр".

Келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов жакындарынын сөзүн ырастап, кыргызстандык келин эки жумадан бери Москвадагы тергөө абагында камакта жатканын билдирди:

"Бул келиндин батирди ижарага алуу боюнча анын ээси менен келишими бар. Ал өзү ошол батирге мигрант катары каттоого турган. Бирок ал 65 миң рубль төлөй албай, жердештери менен чогуу жашап жаткан экен. Полиция аны Орусиянын Кылмыш кодексинин 322-беренеси боюнча айыптап, "сен мыйзамсыз миграция уюштургансың, чет өлкөлүк жарандарды өзүң чакыргансың, Орусиянын аймагында мыйзамсыз миграция уюштуруп жатасың" деп айыптап, камап, 1,5 жашар баласын балдар үйүнө өткөрүп коюшуптур. Учурда келин Москвадагы №6 тергөө абагында кармалып турат. Жактоочу катары менин көз карашымда, батирди ижарага берген тарап катары анын ээси - орусиялык жаран жооп бериши керек болчу. Жок жерден кыргызстандык жаранга оодарып коюшту. Биз азыр анын укугун коргоп жатабыз. Тергөө менен байланышып, Кыргызстандан да керектүү документтерин алдырып бердик. Жакынкы күндөрү тергөө аяктайт".

Эрлан Токтосунов
Эрлан Токтосунов

Адвокаттын айтымында, жакынкы күндөрү тергөө аяктайт. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, беш жылга чейин кесилип кетиши ыктымал.

"Полиция башында батирдегилердин баарын кармап, суракка алган. Ал жерден эки адамды сот аркылуу Орусиядан чыгарыптыр. Калгандарын коё берген. Кызга мурдагы адвокаты "күнөөнү мойнуңа алсаң жеңил болот" десе, ал "күнөөлүүмүн" деп көрсөтмө берип, кол коюп коюптур. Укугун билбей, түшүнбөй туруп, кол коюп берген. Мен кылмыш иши менен таанышканда көрдүм, тергөөчүнүн компьютерде терген кагазынын баарына тийиштүү жерлерине кол коюп бериптир", - дейт адвокат.

"Баланын атасы депортацияланган, ал Орусияга кире албайт"

Учурда ымыркайлар үйүндөгү баланы атасы нике күбөлүгү жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып кетсе болорун полиция билдирген. Жамилянын эжесинин сөзүнө караганда, баланын атасы да быйыл январда Орусиядан депортация болуптур, кайра кире албай турган абалда:

"Күйөөсүн керектүү документтер менен келип, баланы алып кетсин десек, ал дагы быйыл Орусиядан мажбурлап чыгарылган. Эми ал Орусияга кире албай турган абалда. Кичүү сиңдим ымыркайлар үйүнө барса, "сага бербейбиз, энеси чыкканда өзүнө гана беребиз" деп айтыптыр".

Адвокат учурда келиндин баласын туугандарына кайтаруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн батирдин ээси бербей койгон:

"Мен 24-июнда тергөөчү менен байланышып, батирдин ээсинен баланын метрикасын алып кетүүгө көмөктөшүүсүн сурандым. Ал макулдугун берип, участковый полиция аркылуу алып бермек болду. Анткени баланын атасы кыздын жакындарына ишеним кат берсе, алып кетсе болот дешти".

Бул окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылдык. Басма сөз кызматы биздин маалымат Москвадагы консулдукка берилгенин, иликтеп көрүп жооп беришерин кабарлады.

"Минте берсе Москвадагы кыргыздын баары камалат"


Орусиядагы мигранттарда бир батирде бир нече адам жашап, каттоого туруп, батир акысын чогуу төлөө мурдатан келаткан көрүнүш дейт көп жылдан бери сыртта иштеген мигранттардын бири. Буга батирдин ижара акысы кымбаттыгы себеп болсо, экинчиден, жергиликтүү тургундар мигранттарды үйүнө каттоого коюуга уруксат бергилери келбейт.

"Орусияга кыргыздар 2000-жылдардан тарта мигрант катары бара баштаган болсо, ошондон бери эле батирлерде көпчүлүк болуп жашап, акысын көптөп төлөп келе жатышат. Полиция андай батирлерге улам "рейд" деген шылтоо менен келип басып, мигранттарды кармап кетип, акчасын алып кайра коё берип жүргөнүн деле билебиз. Азыр эми мурдагыдай 20-30 киши жашабаса да, Москвада бир батирде 5-10 киши чогуу жашаган учурлар бар. Көп десек да болот. Ошонун баарын эле минтип чекесинен "мыйзамсыз миграция кылдың" деп кармап, камай берсе.... кыргыздын баары эле камалып кетет го?" - деди атын атагысы келбеген маектешибиз.

Мигранттар жашаган үй. Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Мигранттар жашаган үй. Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы мигранттарга мамиле жана эреже, талаптар Украинадагы согуш башталгандан кийин өзгөчө катаалдашты. Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык уюмда - ЕАЭБде экенине карабай кыргыз мигранттары тынымсыз текшерүүлөргө, басым-кысымга кабылганына даттанып келет.

Өзгөчө апрелдеги "Крокус Сити Холл" оюн-зоок борборундагы теракттан кийин тынымсыз рейддер өткөрүлө баштады дейт Орусияда иштеген кыргызстандыктарга бир канча жылдан бери укуктук жардам көрсөтүп келген"Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаев:

Нурсултан Карабаев.
Нурсултан Карабаев.

"Жыл сайын Орусияда мигранттар үчүн мыйзамдар катаалдашып, ал жакта жашап-иштөө оорлошуп баратат. Минтип жок жерден камалып кетүү коркунучу ар бир мигрантты тооруп турат. Ошондуктан биздин мекендештер Араб өлкөлөрүнө, Европага, Түркияга, андан ары Канада, АКШга барып иштөө жолдорун караштырып, аракет кылышса жакшы болмок. Өзүбүздө жумуш орундары түзүлүп, эч жакка кетпей иштесе, андан да жакшы болмок", - деди Карабаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыктын” суроолоруна кат түрүндө жооп берип, 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болгонун билдирген.

Жакында эле Орусиянын Мамлекеттик Думасы полицияга чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Азыркы мыйзамдарында Орусияда чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же чек ара кызматы кабыл алат. Эреже, талаптардын улам катаалдашып жатышы менен жогорудагы кыргызстандык мигрант келин сыяктуу оор тагдырга кабылгандар да көбөйдү.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG