“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Таластагы "Манас ордо" комплексиндеги жаңжал коомдо талкууга түштү. Ага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышканы тууралуу маалымат тарады. Бийлик өкүлдөрү муну четке кагууда. Окуядан соң мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча маселе козголду.
Кыргызстандын атайын кызматы Threads социалдык тармагынын эки колдонуучусу кармалганын жарыялады. Аларга соцтармакка жазган билдирүүлөрү менен "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып тагылууда. Акыркы маалда дал ушул соцтүйүндө бийликке сын айткан пикирлер байкалып жатат.
Орусияда сентябрдан соң Украинадагы согушка жарандарды мобилизациялоо башталат деген имиш тараганы ал жакта иштеп жүргөн мигранттарды чочулатып жатат. Буга чейин орус жарандыгын алган айрым кыргызстандыктар мекенине кайтып келип жатканы айтылууда.
Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөштөн казынага 4 млрд доллар түшкөн деген маалыматын четке какты. Билдирүү коомдо талкуу жаратып, коррупцияга каршы күрөштө өндүрүлгөн каражат боюнча суроолорду пайда кылды.
Көз жумгандан кийин сөөгүн өрттөөнү суранган, абакта жатып каза болгондо жакындары табылбаган же тек-жайы белгисиз адамдардын сөөгүн кремациялоо сунушу Кыргызстанда эки жыл мурда мыйзам кабыл алууда талкууланган. Эми ал мыйзамдын айрым беренелери өзгөртүлдү, маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды.
Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары үчүн Бакиевдер куруп берди деген тигүү фабрикасына барды. Бул жайда 400 жумуш орундуу тигүү фабрикасы, 320 кишилик жатакана жана бала бакча курулган.
2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев апрелчилерге "кун үчүн куруп берди" делген ишкана бир-эки айда кишке кирери кабарланды. Бишкекте ксалынган фабрикага президент Жапаров барды.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жаңы спикердин тушунда кыргыз парламенти өз вазыйпасын кандай аткара алат? 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен кызматтан кетти.
Москва облусунда кыргызстандык мигранттар ымыркай сатууга айыпталып, 4 жылдан 4,5 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алар - бала багып алууну көздөгөн жубайлар, ымыркайдын энеси. Мындан тышкары бул ишке байланыштуу жеке клиниканын дарыгери да соттолгону белгилүү болду.
Апта башында Агартуу министрлиги В, С категорияларындагы айдоочуларды он айдан бир жылга чейин окутуу боюнча сунушун коомдук талкууга чыгарган.
Темирлан Султанбековго жана аны менен чогуу кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.
Караколдун тургуну майыптыгы бар кызынын зордукталышы боюнча сот ишине нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылды. Бул иш Каракол шаардык сотунда каралууда. Прокуратура шектүүгө 15 жыл сураган. Бирок кыздын апасы "бул ишке башкалардын дагы тиешеси болушу мүмкүн" деп жатат.
Эл аралык уюмдар менен жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда акыркы жылдарда саясий укуктар жана эркиндиктер чектелип, көз карандысыз медиага басымга тушукканын айтып келишет.
Бул окуя өткөн жылы жай айында катталып, коомчулукта резонанс жараткан эле.
1-декабрдан тартып Кыргызстанда тигилген кийим-кечени Орусияга сатууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөнүн ырастаган СТ-1 деп аталган документ талап кылына баштады. Өкмөттигүү тармагын сактап калуу далалаты болуп жатканын, казак-орус чек арасындагы маселе чечилерин билдирүүдө.
Орусия президенти Владимир Путиндин ноябрдагы Бишкек сапарында тигүү тармагы туш болгон кырдаал талкууланып, маселе чечилери тууралуу сөз болгон.
Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү келишпестиктерден биринчи кезекте балдар жабыркап жатканына, миграциянын агымы күчтүү өлкөлөрдүн баарында эле ушул сыяктуу көйгөйлөр курчуганына көңүл бурууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-округдагы шайлоону жараксыз деп таанып, эми ал округдан чыккан талапкерлер кайра шайлоого катыша албай турганы маалымдалды. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бул округдагы айрым тилкелердеги мыйзам бузуулар тууралуу видео-аудио материалдар жарыяланган.
Бишкекке ЖККУнун саммитине келген Лукашенко Минск Бакиевди өткөрүп бербесин, бирок бийликтен кулатылган президентти Кыргызстанга бир келип кетиши тууралуу кыргыз жетекчилери менен сүйлөшөрүн айткан эле.
Дагы жүктөңүз