Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

"Туугандарга айтпай, жалгыз келдим". Мариуполдо иштеген мигранттар


Мариуполдо ишке тартылган борбор азиялык мигранттар.
Мариуполдо ишке тартылган борбор азиялык мигранттар.

Орусия Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарына, Луганск жана Донецк облустарына курулуш иштерине борбор азиялык мигранттарды тартууда. "Азаттык" орус күчтөрү кыйратып, басып алган шаарларга барып иштеген мигранттар менен байланышты.

Мариуполдо иштеген борбор азиялык мигранттар.
Мариуполдо иштеген борбор азиялык мигранттар.

Атын атоону туура көрбөгөн кыргыз мигранттын Мариуполго келгенине бир жыл болуптур. Ал кыргызстандык курулушчулардан турган топтун бригадири.

"Азыр менде кыргыз балдардан турган эки бригада иштейт. Ар биринде 15тен адам бар. Мариуполго мен иштеген орусиялык курулуш фирма аркылуу келдим. Иштеген жеримден жиберди. Дээрлик баары талкаланган, 50-60% талкаланган. Эч ким жок болчу. Башында өзбекстандык, тажикстандык мигранттар келип, шаарды тазалоо иштерине катышкан. Калган сөөктөрдү терип, тазалашкан. Кийин биз сыяктуу бригадалар келип, курулуш иштерин баштады. Мындайча айтканда, бомбаланган шаарды кыргыздар оңдоп-түзөдү. Азыр 100гө жакын кыргыз мигранты барбыз. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген 500гө жакын мигранттар бар деп уккам. Былтыр келгенибизде документтерди такыр текшерчү эмес. Документи жок эле келип, иштегендер болгон. Азыр текшерүү катуу. Үч айда бир кирди-чыкты кылып же улам каттоого турабыз".

Курулушчулар орус армиясы талкалаган Мариупол театрын оңдоп жатышат. 4-апрель, 2024-жыл
Курулушчулар орус армиясы талкалаган Мариупол театрын оңдоп жатышат. 4-апрель, 2024-жыл

Мариуполдо иштеген мигрант бир жыл ичинде шаар өзгөрүп, кадимки жашоого кайта баштаганын айтып берди. Ошентсе да, мигранттар арасында согуш болгон аймакта жашап, иштөөдө коркуу сезими кете элек.

"Башында үй-бүлөмө такыр айтпай келдим. Туугандардын баарынан жашырып, жалгыз бардым. Чынын айтсам, 2-3 ай согуш болгон жерде жашап жатабыз деген сезим кетпей койду. Мен сыяктуу мигранттарды ал деле токтотпойт экен. Иштеш керек, үй-бүлөнү багыш керек деген ой менен эле келдик. Коркуп жата берсек, бизге акчаны ким берет? Бир жыл ичинде шаар аябай өзгөрдү. Жергиликтүү эл арасында көчүп келгендер көп. Жаңы үйлөр салынып жатат. Сатыкка чыккан үйлөр көп. Мисалы, азыр биз оңдоо иштерин бүтүп жаткан үйдөн эки бөлмөлүү батирди 6,5 миллионго сатыкка коюшту. Орус өкмөтү ипотекага берип, башка шаарлардан тургундарды чакырып жатат".

Мариуполдо мигранттардын күчү менен курулган үйлөр
Мариуполдо мигранттардын күчү менен курулган үйлөр

Мариупол Азов деңизинин түндүк жээгинде жайгашкан, металлургия тармагы мыкты өнүккөн, Украинанын маанилүү экономикалык жана өнөр жай борборлорунун бири деп саналган шаар. Ири деңиз порту болуп турган калаа согушка чейин жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын бири деп таанылган. 2022-жылы Орусия кол салган февраль айынан апрелге чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде бул шаар Украинанын адам өмүрү эң көп кыйылган, эң кооптуу аймагы болду. Мариуполдо согушка чейин 425 миңдей эл жашаса анын 350 миңдейи үй-жайын таштап, ар жакка качууга мажбур болгон. Бир нече ай ичинде курчоодо калган шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн 90%, жеке турак-жайдын 60% талкаланганы же таптакыр жок кылынганы да БУУнун баяндамасында белгиленген. 2022-жылы 16-мартта Мариуполдун драма театрына жасалган авиачабуул кеминде 300, айрым булактардагы маалымат боюнча 600 адамдын өмүрүн алган. Украин бийлиги билдиргендей, Мариупол үчүн салгылашууларда кеминде 25 миң өмүр кыйылган, алардын 5-7 миңи талкаланган имараттарда уранды астында калган. 10 миңден ашуун адамдын сөөгү жапырт көмүлгөн жерлерден табылган. Укук коргоочулардын эсебинде, Мариуполдо өлтүрүлгөндөрдүн чыныгы саны үч эсе көп болушу ыктымал.

"Азаттык" менен сүйлөшкөн мигрант буга чейин Москвада иштегенин, азыр эми Мариуполдогу мигранттар арасында Луганск жана Донецк облустарына каттап иштегендер бар экенин айтып берди:

"Азыр бул жакта жалаң эркектер иштеп жатат. Былтыр бир-эки аял келген. Биз азыр бир объектти бүтүрүп жатабыз. Эмки апта аялдар келип, ички оңдоо иштерин аткарат. Баягыда бир кыргыз кыз келип, көрүп кетти. "Тынч, келе бер" деп айтсаң көбү ишенбейт. Луганск менен Донецкиде да ушундай эле курулуш иштерине мигранттар барып жатканын угабыз. Менин укканыма караганда, көбү өзбек мигранттар экен. Кыргыздар арасында кыска мөөнөттүк иштерге баргандар болсо керек. Мариопулдон ал облустарга жакын эле. Мен өзүм ал жакка баргандан корктум. Дагы деле чабуул токтой элек деп угуп калам".

Мигранттарды азгырган Луганск

Орусиялык компаниялар Украинанын оккупацияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы, арасында Кыргызстандын жарандары да бар экени тууралуу маалыматтар буга чейин эле маалым болчу. Мариуполдон тышкары, Луганск жана Донецк облустарына да мигранттар курулуш иштерине жөнөтүлүп жатканын билдик.

Луганск облусундагы Рубижне шаары
Луганск облусундагы Рубижне шаары

Мигранттар көп кирген Телеграм-каналдарда ал шаарларга жүргүнчү ташыган айдоочулардын атайын тайпалары түзүлгөн.

"Мен Луганск менен Мариуполго каттайм. Воронеж, Ростов аркылуу өтөбүз. Кардарларыбыз мигранттар. Мисалы, азыр Луганскиге өзбек мигранттары көп барып атат. Мариуполго кыргыздарды көп ташыдым. Документтер болсо эле болду. Коркпош керек. Баары тынч", - деп ишендирди айдоочулардын бири.

Мигранттардын Телеграм-каналдарында соңку күндөрү оккупацияланган Луганск шаарына жумушка чакырган жарыялар байма-бай чыгууда. Андай жарыялардын биринде көрсөтүлгөн номерге байланыштык. Телефонду өзбекстандык мигрант алып, Луганскиге курулушка мигранттар ишке чакырылып жатканын айтты.

"Азыр бизде үч бригада бар. Дагы 5-6 бригадага орун бош. Өзбек, казак, кыргыз, тажик баарын кабыл алабыз. Кайрылган өзбектер азыр көп. Эч кандай документтин кереги жок".

Ал жерде коопсузбу? Согуш болгон аймак эмеспи...

"Азыр сиз мени менен сүйлөшүп жатасызбы? Демек, баары жакшы да. Мына мен аман-эсен эле сүйлөп атам го".

Луганск.
Луганск.

"Азаттык" менен сүйлөшкөн мигрант жогорудагы сүрөттөгү үйдү оңдоп-түзөө иштерине адам издеп жатканын тактап, иш шарттары боюнча маалымат жана видеолорду жиберди. Тасмада эски үйдүн подъездин оңдоп-түзөп жүргөн мигранттарды көрүүгө болот.

"Айлык маяна, иштөө шарты жакшы. Ошондуктан азыр кызыкккан мигранттар көп болуп жатат. Бирок бирден адам албайбыз. Даяр бригадалар керек".

"Оккупцияланган аймакка барбагыла!"

Орусия Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө борборазиялык мигранттарды 2022-жылдын күзүндө жөнөтө баштаган. Мариуполду калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартылып, убада кылынган айлыкты ала албай калган учурлар катталган.

Бир жыл мурун "Азаттыкка" Мариуполдо орусиялык фирмада иштеп жаткан кыргызстандык жаран кайра кайтып келатып Орусияга кире албай калганын айтып кайрылган. Тогуз айга жакын Мариуполдо иштеген кыргызстандыкты орус чек арачылары "кара тизмедесиң" деп өткөрбөй коюшкан.

“Азаттыктын” тажик кызматы миграцияда жүргөн тажикстандыктар Мариуполдо курулушта иштеп, маяналарын ала албай жатканын жазып чыккан. Оккупацияланган аймакта окоп казып иштеген айрым мигранттар согушка катышуу сунушу болгонун айтып беришкен.

Укук коргоо органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарына согуш жүрүп жаткан аймактарга барбоону эскерткен. Эгер жарандар башка өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылары мыйзамда жазылган.

Укук коргоочу Валентина Чупик да мигранттардын Орусия оккупациялаган аймактарга ишке барганы "кылмышка тете" деп билдирди:

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

"Мен андай мигранттар менен иштебейм, жардам дагы көрсөтпөйм. Башка өлкөнүн жерин оккупация кылган бийлик менен иштешкен мигранттардын өзүлөрүн кылмышкер деп атаса болот", - деди укук коргоочу.

Ал эми Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырган:

"Киев Орусия оккупациялаган аймактарга мыйзамсыз кирген мигранттарды баскынчылардын өнөктөшү катары көрөт. Биздин мыйзамдар боюнча Украинага жана убактылуу оккупацияланган аймактарга чет элдик жарандар украин бийлигинин уруксаты менен чек арадагы көзөмөл өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алат. Башка жактан кирүү мыйзамсыз жана андай адамдар баскынчылардын өнөктөшү катары эсептелет".

Ал тапта Орусия эмгек мигранттарын кармап, жоопко тарткан текшерүүлөрүн Украинанын оккупацияланган аймактарында да жүргүзүүдө.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган жикчил аймактагы башкармалыгы маалымдагандай, 18 мыйзамсыз мигрант аныкталып депортацияланды. Атайын кызмат өкүлдөрү полиция жана Росгвардия жоокерлери менен бирге Мариупол шаарында рейд жүргүздү.

Рейд учурунда тартылган видеодон мигранттар иштеген курулушка куралчан күч кызматкерлери барып, баарын тизип, бронетранспортерго салып кеткенин көрүүгө болот.

Ал арада Донецк аймагында легалдашууга 3 миңдей мигрант документ тапшырганы белгилүү болду. Аталган жикчил аймактын башчысы Денис Пушилин "Россия-24" телеканалында сүйлөп жатып бийлик рейддерди күчөткөндөн кийин чет элдиктер документин мыйзамдаштырууга көбүрөөк аракет көрө баштаганын билдирди.

Мариупол: Кремль пропагандасы

Орусия кол койгон 1949-жылдагы Женева конвенциясынын 49-беренесине ылайык, оккупация кылган өлкө калкынын “бир бөлүгүн” басып алган аймакка көчүрүүсү согуштук кылмыш болуп саналат.

Кремль Украинанын Донецк, Херсон, Луганск жана Запорожье облустарынын орустар көзөмөлдөгөн аймактарын эл аралык укукту бузуп эле Орусиянын “жаңы аймактары” деп атап келет.

2022-жылы февраль айында Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден бери канча орус жараны бул оккупацияланган аймактарга иштөөгө же туруктуу жашоого көчүп келгени белгисиз. Орусиянын расмий статистикалык агенттиги бул тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек. А бирок 2023-жылдын сентябрында Орусиянын Борбордук банкы Украинанын оккупациялаган төрт аймагына айрыкча курулуш, айыл чарба жана траспорт тармагына жумуш күчү тартылганын белгилеген.

Жыл башында Украинанын Орусия басып алган шаарларынын мурунку жетекчилери "Настоящее время" телеканалына курган маегинде оккупация болгон аймактагы соңку абал тууралуу айтып беришкен. Алар Мариупол өңдүү шаарларда орус тектүү калктын саны соңку бир жылда кескин өскөнүн жана орус бийлигинин алар отурукташтыруу үчүн жеңилдетилген ипотека өңдүү чараларын белгилешкен.

Марипулдун мурдагы мэринин катчысы Петр Андрющенко буларды белгилеген:

Петр Андрющенко
Петр Андрющенко

"Орусия Мариуполдо эки чоң саясатты ишке ашырууда. Биринчиси - калкты маргиналдаштыруу саясаты. Экинчиси - орустарды ал аймактарга отурукташтыруу. Туура бир жыл мурун Мариуполдун жергиликтүү калкынын саны 110-120 миң болгон. Бир жылдын ичинде украиндер дээрлик 40 миңге азайып, алардын ордун орустар ээледи".

Орус пропагандасы согушта кыйраган Мариупол канчалык тез калыбына келтирилип жатканын утур-утур көрсөтүп келет. Мариуполдо жаңы үйлөрдүн курулушу киреше-чыгашасын жашырган "Победа" фонду аркылуу ишке ашырылат.

Бул күндөрү Германияда Украинаны калыбына келтирүү боюнча эки күндүк эл аралык конференция (Ukraine Recovery Conference – URC2024) өтүп жатат. Ага бир катар мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдар, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда. Берлинге Украинанын президенти Владимир Зеленский да барды.

Конференцияда Мариуполго деоккупациянын биринчи жылында 250 миң адам кайтып келиши мүмкүн экени жана шаарды калыбына келтирүү боюнча бир нече план талкууланды.

Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) отчетуна ылайык, Орусиянын толук масштабдуу басып алуусу башталган эки жылдын ичинде 14 миллиондон ашык украиналык же өлкөнүн калкынын дээрлик үчтөн бири үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын 6,5 миллиондон ашыгы азыр дүйнөнүн булуң бурчунда баш калкалап жатышат.

Украина: Батыштын куралы Москвага чейин жетеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:55 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG