Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

"Сахарово" согушка тартчу жайга айланды". Мигранттар укугун коргоого чакырышты


Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп жатканын айтууда.

Расмий маалыматка караганда учурда бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат. Ал жердеги мигранттар жана алардын жакындары “Азаттыкка” кармоо шарттары жана эмне себептен борборго түшкөндөр кескин көбөйгөнүн айтып берди.

Мигранттар менен иштеген укук коргоочулар "Сахаровону" Украинадагы согушка тартуунун негизги очогу деп эсептешет. Ал арада Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бул жайга түшкөн мекендештерге кезигип, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.

"Инимди эки күн издеп, "Сахароводон" таптым"

Орусияда он жылдан ашуун иштеген Рахима Айтахун кызы "Азаттыкка" кайрылып, Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу "Сахарово" борборундагы мигранттар туурасында айтып берди.

Анын бир тууганы жакында эле Москвада кармалып, ушул борборго жеткирилген. Рахима иниси жаткан он күн ичинде бул борборго эки-үч жолу кирип чыкканын, андагы катаал мамиле жана шарт туурасында айтып, бийлик өкүлдөрүн мигранттардын укугун коргоого чакырды.

"Май айында инимди метродон полиция кармап кетет. Азыр жашаган жеринде каттоого туруу, каттоонун мөөнөтүн узартуу дагы кыйын болуп калды. Иштеген районуна каттоого турса, кийин ал базадан чыкпай калыптыр. Метродон кармап, кишен салып, телефон менен дагы сүйлөштүрбөй полиция бөлүмүнө алып кетишиптир. Иним "мени рецидивист катары эле кармап кетишти кыймылдатпай" деп айтып берди. Иним болгону 22 гана жашта. Калуга бөлүмүнө камайт, бирок жакындарына бир дагы кабар бербейт, бердиртпейт. Мен ар бир полиция бөлүмүнө чалып издей баштадым. Эч ким маалымат бербейт. ИИМдин тез байланыш кызматына чалсам, иним документке байланыштуу кармалганын, сот болуп "Сахарово" борборуна жиберилгенин айтышты".


Рахима инисин эки күн издеп "Сахароводон" тапкан. Жолугушууга барып, ал жактагы мигранттарга жасалган мамилеге капа болгонун жашырган жок.

""Сахарового" барганда имарат алдында консулдукпу же башка мекеменин өкүлдөрүбү бар экен. Алар борбор бала бакчага окшоп төрт маал тамак бере турганын, телевизор коюлуп, бардык шарттар түзүлгөнүн айтты. Көңүлүм тынчыды бирок, баары бир жолугуп чыгайын дедим. Эшиктин оозундагыларга акча берсең, жолугушууга киргизет экен. Кирсем шарты жакшы экен, бирок мигранттарга жасаган мамилеге аябай зээним кейиди. Борбордун алдында башка дагы кыргызстандыктар отурат жакындарын күтүп. 70теги энени көрдүм, баласы жанында паспорту жок болгон үчүн кармалганын айтты. Ошентип инимди Кыргызстанга жөнөтүү үчүн бардык чыгымды кошкондо 60-70 миң рублдей акча кетти. Инимдин айтымында, балдарды электрошокер менен талылуу жерине урат экен. Бир баланын оозунан көбүк кеткенин айтты. Борбордун сыртында турган эки өзбек аялга жолуктум. Баласы борбордогу мамилеге чыдабай венасын кесип жибериптир. Мен инимди "абайла, катуу сүйлөбө, тийишпе деп жаттым, ойлоно берип 10 күн кандай өткөнүн билбейм. Чакан камерада 13 киши отурат экен. Ишенесизби, иним он күндө 10-15 кг арыктап кетти. Борбордо айрымдардын артынан ээрчип, согушка үгүттөгөн учурлар болгонун, чогуу отургандардын үч-төртөө келишимге кол коюп кеткенин айтты".

Рахима бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, чет өлкөгө чыккан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрым мыйзамдар боюнча маалымат берүүгө чакырды.

"Балдарды электрошокер менен урду, кыздарды убактылуу аял болосуңбу деп мыскылдады"

Жакында эле интернетке "Сахарово" борборунда кармалып чыктым деген кыргызтандык кыздын видеосу чыккан.

"Сахаровадо" бизге көрбөгөн күндү көргөзүштү. Ал жерде темир керебеттерге жаттык. Балдарды электрошокер менен урганын өз көзүм менен көрдүм. Кыздарды деле кордоп, "мага убактылуу аял болосуңбу?" деп мыскылдап, өтө жаман мамиле кылышты. Кош бойлуулар, алты айлык боюнда бар келиндер жүрдү. Боюнан козголуп калганына деле карашпайт экен. 20 күндөн баштап үч-төрт айдан бери жаткан кыргызстандыктар бар экен. Эки эженин документи жок кармалып турат, ошолорго дагы жардам бергиле... Биз ит көрбөгөн күндөрдү көрдүк, аны душманыма да каалабайм", - деген ал.

Видеодо кыргызстандык кыз мекендештерине кайрылып, документтерге сак жана так болууга чакырган.

"Кыйноого кабылган учурлар тууралуу кайрылуу жок"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева видео кайрылуу жасаган аялга байланышып, айрым маалыматтарды такташканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандын 173 жараны "Сахарово" борборунда кармалып турат. Маалыматка караганда, жасаган кылмышына же айып пулду төлөп бүткөнгө чейин аталган борбордо февралдан бери кармалып тургандар бар.

"Видеокайрылуу жасаган кыз 2023-жылы соттун чечими менен административдик жазага тартылып, өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетиши керек болгон. Чыгып кеткенден кийин кара тизмеге киргенине, беш жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынганына карабай өлкөгө кирип алыптыр. 28-майда кайра кармалып, күнөөлүү деп табылып, мажбурлоо менен чыгарылган. Ал өзүно карата мыйзамсыз аракеттер жасалганы тууралуу айткан эмес. Башка өлкөнүн жарандарына карата ушундай аракеттер болгонун айткан. Биз өзүбүздүн жарандар тууралуу гана айта алабыз. Ушундай жагдайлар болсо Орусиянын ИИМине, тийиштүү органдарына кайрылабыз. Бүгүнкү күнгө чейин андай маалыматтар келген эмес".

Галиева Орусияда жарандарды согушка үгүттөгөн көрүнүштөр бар экенин ырастады. Мындай көрүнүш чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда дагы бар экенин кошумчалады.

"Мажбурлап алып кетти дегендер болгон жок. Өз ыктыяры менен кеткендер бар, жок эмес".

"Сахарово" мигранттарды согушкан тарткан очокко айланды"

Борборазиялык мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген, кийин өзү дагы бул өлкөдөн чыгып кеткен укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда мигранттарды согушка баруу үчүн келишимге кол койдуруп жатканын айтып чыккан.

"2023-жылы марттын аягында согушка мажбурлап алып кетүүлөр азайган. Азыр өз эрки менен акча жана жарандык үчүн барышууда. Бирок алардын саны аз. Жылына 100-200 киши. Анткени орустардын ичинен өз ыктыяры менен баргандар жетиштүү", - деген Чупик.


Мындан сырткары мигранттар менен иштеген кыргызстандык укук коргоочу мигранттарды "Сахарово" согушка тарткан негизги очокко айланганын айткан.

"Азыр Украина менен Орусиянын согушу абдан кызуу этапка өтүп, эки тараптан тең чоң жоготуулар болуп жатат. Эки тарап тең кандай аскер болбосун аскер бөлүктөрүн толуктоого муктаж. Ошондуктан акча же жарандык үчун бир жолу согушка барып келгендерди кайра тартпайт, алып кетпейт деген кепилдик жок. Тескерисинче, алар тажрыйбалуу, баалуу аскер болуп эсептелип калды. "Сахарово" мигранттарды согушка тарткан негизги очокко айланды".

Бирок орусиялык расмийлер мындай айыптоолорду кескин четке кагат.

Сахарово борбору – Москванын четиндеги мигранттарды кармоочу жабык мекеме.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG