Орусияда Тажикстандан учуп барган 30дан ашуун киши аэропортто кармалып турат. Алар Москванын Внуково аэропортунда 14-июндан бери отурганын, арасында аялдар жана балдар бардыгын 17-июнда «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлады.
Ал арада орус полициясы Санкт-Петербургдагы базарларда рейд жүргүзүп, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 49 чет элдикти кармаганын жергиликтүү басылмалар жазды. Орусияда соңку айларда мыйзамсыз миграцияга каршы текшерүүлөр, рейддер тынымсыз өткөрүлүп келүүдө.
Аэропортто камалып калган мигранттардын айрымдары Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү аларга «Орусиянын тынчын алып жатасыңар», «Кайра үйүңөргө кеткиле» дешкенин, телефондорун текшерип, «Крокус» окуясы тууралуу сурашканын айтып, видеолорун журналисттерге жөнөтүштү.
Быйыл 22-мартта Москванын сырртындагы «Крокус Сити Холлдогу» концерттик залга жасалган террордук кол салуудан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга басым-кысым күчөдү. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалгандардын арасынан 10дон ашуун кишинин теги тажикстандык экени аныкталган.
Ал тапта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы дүң соода базарларында өткөрүлгөн рейд учурунда "миграция мыйзамдарын бузган" деп 49 чет элдик жаран кармалганын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Петербург жана Ленинград облусу боюнча полиция билдиргендей, жалпысынан 350 мигранттын документи текшерилген. Мындан сырткары жол коопсуздугу боюнча чет элдиктердин 242 машинасы текшерилип, алтоо администрациялык жоопкерчиликке тартылды.
Бул рейдге туш болгон эмгек мигранттарынын арасында кыргызстандыктардын бар же жоктугу азырынча белгисиз. Бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен да, Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунан да тактоо мүмкүн болгон жок.
Аталган шаарда кыргызстандык мигранттарга колдоо көрсөтүп келе жаткан коомдук демилгенин өкүлү шаарда дем алыш күндөрү рейддер жүргөнүн ырастады. Ал коопсуздуктан улам ысымын ачык айткысы келген жок.
“Жума, ишемби, жекшемби күндөрү шаарда рейд болду. Аны мен билем. Себеби, биз мигранттар боюнча программа өткөрүп, София жер-жемиш базасына (Софийская овощная база - Санкт-Петербургдагы ири базар) барганбыз. Иш-чара бүтөрү менен эле келип, 20-30 адамды кармап кетишкен. Анын ичинде бир кыргыз жок, мен карап турдум. Жалаң эле өзбек, тажик улутундагылар. Теракттан кийин мигранттарды ушинтип текшерүү күчөдү. Кыргыздар такыр эле кармалбайт деген болбойт. Маселен, мага жуамасына 2-3 киши кармап кетти деп жардам сурап байланышып турат”.
Орус полициясынын маалыматына караганда, 11-июнда Борбор Азиядан келген 20 жаштагы эки киши коңшу өлкөнүн 26 жаштагы жаранын уурдап, сабап, телефонун жана жеке буюмдарын, банк картасындагы 55 миң рублин алып алган окуя катталган. Соңку рейд ошондон улам өткөрүлүп жатканы айтылды. Санкт-Петербург шаарында такси айдаган кыргызстандык мигрант (аты-жөнүн ачык атагысы келген жок) көчөлөрдө такай рейддер анчейин көп жүргүзүлбөгөнү менен, милициянын мигранттарга мамилеси катаалдашып кеткенин айтып жатат.
“Негизи Петербургда патрулдук милиция токтотуп, катуу текшерген деле учур боло элек. Бирок милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийинки мамиле абдан катаал экен. Мен муну жубайым бөлүмгө кирип чыккандан кийин түшүндүм. Кичинекей бир документтеги маселе үчүн чоң кылмыш ишин кылган адамдардай кабыл алышат экен. Капкараңгы бөлмөгө камап коюшуп, тамак-аш беришпейт. Тамак киргизсем, ал дагы жетпептир. Ал жак муздак болот деп жууркан-төшөк алып барайын десем, кереги жок, баары берилет дешкен. Бирок беришпептир, терезеси жок жерде, сызда жатыптыр”.
Полиция кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн деген жүйө менен мигранттар жашаган жерлерди такай текшерип турат. Айрыча быйыл мартта "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин мыйзамсыз миграция менен күрөшүү чаралары күчөтүлгөн.
Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга бир канча жылдан бери укуктук жардам көрсөтүп келаткан "Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаевдин айтымында, көбүн эсе мигранттарга батирлерин ижарага берген орус жарандары салыктан качып, батирлерин каттабайт. Кийин рейд же текшерүү учурунда мигранттар каттоодо жок батирде турганы үчүн айыптуу болуп калат. Юрист муну кайысы бир деңгээлде мигранттарга карата атайын даярдалган система катары баалайт:
“Бул атайын жасалган система деп айтсак болот. Себеби, курамында коррупциялык жагдай бар. Аларды кармайт, бир бөлүгүн кетирет, кармагандардын артынан түшүп, акча талап кылган учурлар да бар. Рейддер болсо күчөп жатат. Борборазиялык мигранттар үчүн бул көптөгөн кыйынчылыкты жаратууда. Азыр мигранттар өздөрүнүн ички Вотсап группаларында бири-бирине эскертүү берип, кайсы жерде кандай текшерүү болуп жатканын айтып турганга өтүшкөн. Биздин мигранттар үчүн рейд жаңылык эмес. Каалайбы, каалабайбы, буга көнүп калышты”.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, азыр Орусияда 410 миңдей кыргызстандык иштеп жатат. Буга чейинки расмий маалыматтарда Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашуун экени айтылып келген. Соңку эки жылдан бери мигранттар саны кескин азайды.
Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февралынан кийин мигранттардын көбү Батышка, АКШга ооду. Соңку бир жылда эле 180 миңдей кыргызстандык Орусиядан чыгып кеткени айтылган. Бир жагынан мигранттарга карата текшерип-тескөөлөр күчөсө, экинчи жагынан Батыштын санкцияларына улам рубль туруксуз болуп, соңку аптада акча которууда дагы маселе жаралганын мигранттар белгилеп жатышат.