Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:40

"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты"


"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты".
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:18 0:00

"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты".

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда, бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат. Бул жайга кирип чыккан мигранттар жана алардын жакындары “Азаттыкка” борбордун кармоо шарттары туурасында айтып берди. Мигранттар менен иштеген укук коргоочулар "Сахаровону" Украинадагы согушка тартуунун негизги очогу деп эсептешет.

Жакында эле интернетке "Сахарово" борборунда кармалып чыктым деген кыргызстандык кыздын видеосу жарыяланды. Ал бул жайга түшкөн мигранттар кордук көргөнүнө, кош бойлуу аялдар бар экенине жана эркек балдарды уруп-сабаган учурларга күбө болгонун айтып берген:

"Сахароводо" бизге көрбөгөн күндү көргөзүштү. Ал жерде темир керебеттерге жаттык. Балдарды электрошокер менен урганын өз көзүм менен көрдүм. Кыздарды деле кордоп, "мага убактылуу аял болосуңбу" деп мыскылдап, өтө жаман мамиле кылышты. Кош бойлуулар, алты ай боюнда бар келиндер жүрдү.

Биз бул кайрылууну жарыялаган Бактыгүл Молдобаева менен жолуктук. Ал бул жайда кармалышына каттоосунун мөөнөтү өтүп кетип, эмгек келишими жок иштеп жүргөнү себеп болгонун айтып берди. Анын билдиришинче, ушул айдын башында "Сахарово" борборуна түшүп калган Кыргызстандын 40 жараны мекенине кайтып келген:

"Сахарового" барганда эле кордуктар башталды. Балдарды ургулап, телефондорун алып, кыйкырып, аялдарга деле ушундай корс мамиле кылышты. Ал жерге барганда аялдарды өзүнчө камерага камады. Биз түнкү саат 1де барганда ал жер аябай суук болчу, кондиционер дагы иштеп жаткан. Бизге матрас дагы берген жок, темир керебеттерде жаттык. Эртеси гана текшерип башка камерага которду. Ошол жактан кол койдуруп матрас беришти. Мен ал жерде үч күн отурдум. 1-июнда түнү Кыргызстанга учтук. Акыркы кетер күнү аябай кордоду. Биз менен отурган бир жаш кыз бар болчу, ага барганда эле "мага аял болбойсуңбу" деп айтып жаткан. Кетип жатканда дагы "мага көнбөй койдуң" деп мыскылдады".

"Сахарово" борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Телефонго видеого тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берилет.

Бактыгүл Молдобаева "Сахарово" борборундагы абалды өз көзү менен көргөндөн кийин Орусиядагы элчилигинен, миграциялык өкүлчүлүктөн мигранттардын укугун коргоону суранууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүгүнүн маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын 173 жараны "Сахарово" борборунда кармалып турат. Жасаган кылмышына же айып пулду төлөшүнө жараша аталган борбордо февралдан бери кармалып тургандар бар.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева буларды билдирди:

"1-июнга карата 173 жараныбыз отурат. 2023-жылы эки миңге жакын биздин жараныбыз ушул борбор аркылуу мекенине чыгарылган. Видеокайрылуу жасаган кыз 2023-жылы соттун чечими менен административдик жазага тартылып, өз ыктыяры менен өлкөдөн (Орусиядан) чыгып кетиши керек болгон. Чыгып кеткенден кийин "кара тизмеге" киргенине, беш жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынганына карабай, өлкөгө кирип алыптыр. 28-майда кайра кармалып, күнөөлүү деп табылып, мажбурлоо түрү менен чыгарылган. Ал өзүнө карата мыйзамсыз аракеттер жасалганы тууралуу айткан эмес. Башка өлкөнүн жарандарына карата ушундай аракеттер болгонун айткан. Биз өзүбүздүн жарандар тууралуу гана айта алабыз. Ушундай жагдайлар болсо, Орусиянын ИИМине, тийиштүү органдарына кайрылабыз. Бүгүнкү күнгө чейин андай маалыматтар келген эмес".

Мигранттар менен иштеген укук коргоочулар "Сахаровону" Украинадагы согушка тартуунун негизги очогу деп эсептешет. Борборазиялык мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген, кийин өзү дагы Москвадан чыгып кеткен укук коргоочу Валентина Чупик буга чейин Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда мигранттарды согушка баруу үчүн келишимге кол койдуруп жатканын билдирген.

Миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева кыргызстандык мигранттардан Украинадагы согушка мажбурлап алып кеткендиги тууралуу арыз-даттануулар түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Бирок ал согушка өз ыктыяры менен кеткендер тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады. Галиева ушундай өз ыктыяры менен Украинадагы согушка катышкан канча кыргызстандык бар экенин тактаган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG