Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Жазуучу Олжобай Шакир коркутууга кабылды


Жазуучу Олжобай Шакир өзүнүн атеисттик көз карашы үчүн Фейсбуктан анын өмүрүнө коркунуч келтирген жорумдар жазылып жатканына кабатырланып, бийликке жана күч кызматтарына кайрылуу жолдоду. Социалдык тармактын бир пайдалануучусу жазуучунун "башы үчүн акча сайганын” кабарлаган. Пикир жазды делген адам болсо муну четке кагууда.

Белгилүү жазуучу, блогер Олжобай Шакир президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысына жолдогон кайрылуусунда өз өмүрүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздап берүүнү өтүнгөн. Ал акыркы эки күндүн ичинде Фейсбуктагы колдонуучулардан өзүнө карата опуза жана коркуткан пикирлер көбөйгөнүн билдирүүдө.

Олжобай Шакир өзү муну динди сынга алган жана атеисттик макалалары менен байланыштырууда:

- Фейсбукка Нурмухаммед Чомоев деген колдонуучу "ким Олжобай Шакирдин башын кесип келип берсе, Алланын ыраазычылыгы үчүн мен дароо 2500 доллар берем. Жеке кат жазгыла, сүйлөшөбүз" деп эле ачыктан-ачык пикир калтырыптыр. Мындан башка да “силерди тизмеге алып койдук, аттырып салабыз” дегендей чакырыктарды жасап жатышат. Мына, диний коопсуздук ушуга алып келди. Мен блогумда ислам динин сынга албайм, аны тутунуп жаткан фанаттарды сынга алып келем. Өзүмдүн макалаларымды чыгарам, маектерди берип келем. Ошентип исламдын терс жагын ашкерелеген материалдарды байма-бай жарыялап келатканым үчүн исламчылар мага карата коркутуп-үркүтүү аракетин күчөттү.

Олжобай Шакир айрым динчилдердин чектен чыгуусуна мамлекет жол берип жатат деп кошумчалады. Ал арызын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине расмий түрдө тапшырганы жатат. Бирок Шакир "баш кесер деңгээлдеги чакырыктарга арыз-даттануу күтпөй эле, коопсуздук кызматтары көңүл бурушу керек” дейт.

УКМКнын өкүлдөрү бул факт боюнча комментарий берген жок. Ал арада Олжобай Шакирди опузалап пикир жазды делген Ош облусунун Түз-Бел айылынын Нурмухаммед Чомоев аттуу тургуну өзү “Азаттыкка” комментарий берип, коркутууларды ал жазбаганын билдирди:

- Мен атеисттерге каршы деле эмесмин, Олжобай Шакир деген кишини да тааныбайт экем. Ага карата ар кандай пикирлерди да мен жазган эмесмин. Мен он күн мурда телефонумду саткан элем, анда Фейсбуктун тиркемеси ачык калып кетиптир. Сатып алган киши менин атымдан жазып койгон окшойт. Социалдык тармактагы ысым меники, сүрөттө да менмин, бирок пост мага тиешелүү эмес. Мен мектепте мугалим болуп иштеп, айылда кой баккан карапайым эле бир адаммын, андай пикирлерди жазуу оюма да келбейт.

Деген менен Олжобай Шакир Чомоевдин аны опузалаган пикирин бөлүшкөн постуна кайра эле Нурмухаммед Чомоев аттуу колдонуучу эскерткен комментарийлерди калтырган. Ал постко башка бир колдонуучу Самат Жалилов “жазуучунун башына миллиард сом саюуга даяр” экенин, "муктаждык болсо өзү да атып кетиши мүмкүндүгүн" жазган. Азамат Абдуллаевич аттуу колдонуучу да "Олжобай Шакирдин башы текейден арзан экенин" айтып, Чомоевди колдоп оюн билдирген.

"Коом радикалдашты"

Радикализм менен экстремизмди алдын алуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып жүргөн эксперт Кеңешбек Сайназаров жагдайды мындайча комментарийледи:

- Психологиялык жактан алганда кээ бир жаштар социалдык тармакта отурган учурда алдында монитор эле тургандай болуп, ойлорун тарс-тарс жазып салып, анан түштөн кийин эсине келишет. Аны башкалар да окуй турганын, ар бир пикирдин артында жоопкерчилик бар экенин эске албай калып жатышат. Бетме-бет отурганда ошондой катуу пикирлерди жаза алышмак эмес. Мунун баары коом радикалдашып баратканынан кабар берет. Коом эки-үчкө бөлүнүп калган кезде ушундай карама-каршылыктар болот. Муну биз алдын ала эле эскертип келгенбиз. Бирок бул жакшылыкка алып келбейт. Ошол себептүү бийликтер жаштардын радикалдашуусун алдын алуу аракеттерин күчөтүшү керек.

Бизде динди, же бирөөнүн ишенимин шылдыңдаганга мыйзам жол бербейт. Дин эркиндиги бар, ишенбей коюу эркиндиги да бар.

Олжобай Шакир өзүнүн "РухЭш" (ruhesh.kg) сайтына агартуу жаатында жана дин тутунгандарды сынга алган макала-маектерди көбүрөөк жайгаштырат. Диниятчылардын туура эмес аракеттерин, ашыкча жорук-жосундарын ашкерелейт. Бишкек шаарында азандын өзгөчө катуу үн менен жаңырып чакырылышына каршы пикирин билдирген жайы бар. Анда да ушундай коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган.

Динге карата сынчыл көз караштагы адамдардын опузага алынышы орунсуз дейт талдоочу Орозбек Молдалиев:

- Олжобай Шакир динди эч нерсе деп каралаган жок. Тескерисинче, динде жүрүп алып, динди уят кылгандарды сындап жүрөт. Туура эмес мамиле кылып, динге зыян келтиргендерди жазып жүрөт. Эгер ошондой эле динди жаманатты кылды дегендер болсо, анда аны сотко беришсин. Экспертиза жүргүзүшсүн. Бизде динди, же бирөөнүн ишенимин шылдыңдаганга мыйзам жол бербейт. Дин эркиндиги бар, ишенбей коюу эркиндиги да бар. Мына ошол мыйзамдык талаада өз ишенимдерин, өз укуктарын коргосун. Анан чыгып алып эле “өлтүрөбүз, жок кылабыз” дегендери мусулмандын табиятына туура келбейт. Ислам дини экстремизмди жана радикализмди жектейт.

Ошол эле кезде Олжобай Шакир динди жактаган макалаларын да өз сайтына жайгаштырып турат. Айталы мусулман медицинасы, дөөлөтү, санаты жана даанышмандарынын акыл-кептери тууралуу да жазып жүрөт.

"Кемигинде да, кертигинде да бар..."

Ага карабай Олжобай Шакир өзү да мусулмандардын ишенимине шек келтирип, алардын кыжырына тийип жатат деген пикирдегилер да бар. Журналист Кайрат Жапаров блогер-жазуучу радикалдарга атайылап тийишип жатат дейт:

- Олжобай Шакир башкаларды радикал деп атаганы менен, өзү деле өз ишениминин радикалы болуп жатпайбы. Анткени ал дагы башкалардын ишенимдерин келекелеген учурлары арбын. Маселен, макалаларында Чубак ажы менен Абдышүкүр ажыны “маскарапоз”, башка диниятчыларды “чала молдоке” деп атап жүрөт. Анан ошентип башкалардын ишенимин да шылдыңдап жатса, ушундай коркутуулар болот да. Кааласа атеист болсун, кааласа теңирчи болсун. Бирок ал өз ишенимин пропагандалагысы келсе, башкалардын ишенимине доо кетирбей тургандай жайылтышы керек. Ал өз оюн эркин айтуу укугу менен, башкалардын да укугун тебелебеши керек. Бул жерде айып эки тараптан тең кетип жатат.

УКМК соцтармактарда бийликти сындаган пикир жазганы жана китебинде диний маселелерге кайрылганы үчүн айрым жарандарды суракка чакырганы белгилүү. Бирок Олжобай Шакирге карата опузалоо маселеси кандай чечилери белгисиз.

Атеисттик көз карашына байланыштуу “ыдык көрдүм” деп даттанган учур Кыргызстанда 2012-жылы катталган. Өзгөндүк Жаныбек Таштанкулов атеисттик көз карашты тутунганы үчүн жана намаз окубаганы үчүн аны мечиттен чыккан 15тей жигит сабап салганын айтып чыккан. Ал динчилдер үйүнө чейин кирип урганын айтып даттанган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG