Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Шайлоо-2017: БШК камылгасы талкууда


12-.05.2017-жыл
12-.05.2017-жыл

Бишкекте президенттик шайлоого даярдык, БШКнын ага камылгасы тууралуу жыйындар эки күндөн бери өтүп жатат.

Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деген аталышта тегерек үстөл өтүп жатат. Иш-чараны "Жарандык көзөмөл комитети" уюштурууда. Аталган комитеттин өкүлү Наргиза Нанакеева "Азаттык" радиосуна:

- Жарандык көзөмөл комитети бийлик тарапты, партия лидерлерин элди дүрбөлөңгө салбай, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыгын, туруктуулугун эң башкы максат кылып, алдыдагы президенттик шайлоону таза жана тынч өткөрүп алалы деген ниетте ачык диалогго чакырып атат, - деп билдирди.

Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министрлер Феликс Кулов, Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев жана башка саясатчылар катышууда.

Түз эфир

БШКнын кибер коопсуздугу текшерилет

11-майда Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттер үчүн ачык талкуу түрүндөгү семинар уюштурду. Анда журналисттер добуш берем деп келген шайлоочу өтө турган бардык жол-жоболорду өз көзү менен көрүп, сынап чыгышты.

Добуш берүү үчүн Кыргызстандын жараны алгач бармак изи же жүзү аркылуу тек-жайын аныктайт. Биометрикалык маалыматтар аныкталган соң ал бюллетендеги талапкерин белгилеп, бланкты урнага салат. Добуш берүү аяктаган соң урна добуштарды жана бюллетендердин санын автоматтык түрдө эсептеп, ар бир байкоочуга маалыматты кагаз түрүндө чыгарып берет.

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт
Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, Кыргызстан электрондук эмес, аралаш добуш берүү системасына өткөн.

- Добуштарды автоматтык түрдө саноо көзөмөлдөө инструменти болуп эсептелет жана анын эки негизги артыкчылыгы бар. Биринчиси - бизге алдын ала жыйынтыкты кыска мөөнөттө алууга шарт түзүлөт. Бир жарым саат ичинде 97% участоктон алдын ала жыйынтыкты ала алабыз. Экинчиден, кол менен саноо жана автоматтык түрдө алдын ала саноо жыйынтыктарынын айырмасы 0.3 пайыздан ашпайт. Акыркы шайлоодо айырмачылыктын пайызы ушундай болду. Бул албетте шайлоонун тактыгына жана чынчылдыгына жол ачат.

Урналар добуштарды автоматтык түрдө санаганы менен, кол менен саналган добуштардын жыйынтыгы гана анык болуп таанылат жана жыйынтыктоочу протоколго киргизилет. Добуш саноо процессин адамга тапшыруу ишенбестик жаратат. Бирок БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов тынчсызданууга негиз жоктугун айтып, мындай жобо тактыкка алып келерине ынандырат.

- Добушту кол менен эсептөө байкоочуларда тактык үчүн киргизилет. Добуш туура берилген күндө да, эгер бюллетендин кагазында так болсо, урна сезгичтиги жогору болгондуктан аны автоматтык түрдө керектен чыгарып коет. Ошолорду тактап, тескерисинче, кол менен санаган добуштардын так саналышына жол ачат.

Абдыжапар Бекматов 11-декабрда айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоо учурунда жараксыз болуп калган урналар толугу менен алмаштырылганын кошумчалады.

Боршайком ушинтип ишендирип жатканы менен шайлоо кызыкчылыктарсыз, калыс өтөрүнө оппозициялык көз караштагы саясатчыларда шектенүү күч. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков добуштар кандай жол менен саналса да, бурмаланат деген ишенимде.

- Өткөн шайлоодо электрондук жана кол менен эсептеген учурларда көп чатак чыкты. Кээ бир жерлерде аябагандай көп айырмачылыктар бар. Башкасында кол менен эсептеген шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай, көпкө чейин кармап отурган учурлар аябай көп болду. Мына ошондой нерселер сөзсүз түрдө ишенич жаратууга жолтоо болот. Ал эми сервер турган бөлүмдө эки киши отурабы же он кишиби, алардын баары Боршайкомдун адамдары. Ал эми БШК келип эле бир адамдын гана кызыкчылыгын коргойт.

Боршайком кибер коопсуздук боюнча аудит жүргүзүү тууралуу Кыргызстандын Программалык камсыздоо ассоциациясы менен сүйлөшүп жатканын да айтты. Аталган ассоциациянын теңтөрайымы Ширин Муканбетованын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинин коопсуздугу тууралуу аны текшерген соң гана сөз кылууга болот.

- Азыр бул тууралуу сөз кылуу эртелик кылат. Аны аудит өткөргөн соң гана айта алабыз. Азыр алардын коопсуздук деңгээли төмөн же жогору деп божомолдоо туура эмес. Алар бизге кайрылышкан. Бирок аудит качан өтөрү аныктала элек.

Кибер чабуулдарга АКШ, Франция сымал өлкөлөрдүн мамлекеттик серверлери да кабылып жаткан чакта, Кыргызстанда да андай коркунуч бар экени анык. Президенттик шайлоо Кыргызстанда ушул жылдын күз айларына мерчемделген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG