Башкы каржы мекемеси муну менен доллардын наркын туруктуу кармоо максатын көздөп жатат. Бирок доллар арзандаган жок. Адистер доллар дагы кымбаттай турганын эскертип, буга чек ара кризиси жана экономикалык кырдаалдар себеп болуп жатканын айтышат.
Банк: доллар кескин көтөрүлбөйт
Кыргызстандын Улуттук банкы 16-ноябрда 450 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул мекеменин ноябрь айындагы эле алтынчы интервенциясы болуп калды. Мунун алдында бир жарым миллион, эки жарым миллион жана үч миллион долларды интервенция жасаган. 8-ноябрда 13 млн 200 миң долларды дүң жүгүртүүгө киргизген эле. Ошентип жалпысынан Улуттук банк 32 миллион доллар сатты.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева муну валюта рыногун туруктуу кармап калуу аракети деп түшүндүрдү:
- Бизде улуттук валютанын өзгөрүлмө курсу кабыл алынган да. Кандайдыр бир суроо-талап болгон учурда чет өлкөлүк валютаны сатууга чыгарып туруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул валюта рыногун туруктуу сактоодогу бир инструмент, пландуу эле аракет. Ошондуктан 8-ноябрдан 16-ноябрга чейинки аралыкта биз жалпысынан алты жолу интервенция жасадык. Мунун жалпы суммасы 32 млн долларды түздү.
Карабаева рынокто учурда доллар дефицити жоктугун жана каржы дүрбөлөңү болбогонун билдирет. Ал ошондой эле доллар жакын арада кескин көтөрүлүп кетет деген коркунуч жоктугун белгилейт.
Экономист: убактылуу аракет
Деген менен жарым айга жетпеген убакытта эле катар-катар интервенция жасалышын айрым эксперттер доллардын мындан аркы “ыктымал кымбаттоосун” алдын алуу аракети катары түшүндүрүүдө. Анткени ноябрдын айынын башында эле 68 сомдон сатылып жаткан доллар ушу күндөрү дээрлик эки сомго көтөрүлүп, 17-ноябрга карата 69 сом 75 тыйынга чыкты. Соңку интервенциялар деле анын арзандашына салым кошо элек.
Аттокуров: Суроо-талап доллардын баасын көтөрдү
Аттокуров: Суроо-талап доллардын баасын көтөрдү
"Азаттык" доллардын тегерегиндеги кырдаал тууралуу серепчи Азамат Аттокуров менен маектешти.
Көз карандысыз экономист, финансист Марат Мүсүралиев муну убактылуу гана “сооротуу аракети” катары баалап, доллардын кымбаттоосу улана бериши мүмкүндүгүн эскертет:
- Эки жыл мурда рубль менен теңгенин катуу девальвациясы болгон учурда кыргыз сому да девальвация болуш керек эле. Бирок бийлик ал кезде ар кандай социалдык толкундоолор, нааразылык болуп кетпесин деп сомду бир калыпта кармап турду. Доллардын кымбатташын өкмөт азыр да соңку шайлоого, саясий жагдайларга байланыштуу буугусу келип жатат. Анткени эгер доллар дагы кымбаттап кетсе, сомдун наркы кетип, айлык тыйынга тете болуп калат. Бул элде нааразылыктарды жаратат. Бирок долларды кымбаттатпай кармап туруу бул убактылуу эле нерсе. Узак мөөнөттүү ала турган болсок доллар дагы кымбаттайт, кеминде 70-80 сомго чыгат.
2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75-76 сомго барган. Муну токтотуу үчүн Улуттук банк былтыр 820 млн долларлык интервенцияларды жасаган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн, июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштаган. Улуттук банк натыйжада быйыл жайда да 40 миллион долларга жакын сумманы жүгүртүүгө киргизген.
Чек ара кризисинин эпкини
Жыл аяктап жатканда сомдун куну дагы түшө баштаганын эксперттер кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга байланыштырышууда. Кээ бир эксперттер Казакстандын блокадасынан улам кеминде 200 млн доллар каражат Кыргызстанга кирбей калышы доллардын наркын көтөргөнүн айтышууда.
“Бул өзгөчө ишкерлерди тынчсыздандырып жатат” дейт ЖИА ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов:
- Биринчиден, бизде өндүрүш жетиштүү эмес. Экинчиден, чек ара жабык болуп биз эптеп чыгарып жаткан продукция да азыр экспортко жетиштүү кетпей жатат. Демек бизге доллар келбей жатат, биздин экономикабызда кыймыл аракет жок болгонуна байланыштуу доллар дефицити байкалууда. Ошол себептен тез арада кыргыз-казак чек арасын ачууга кам уруш керек. Анткени азыр андан башка экспортко жолубуз жок да, аба аркылуу кыйраткан жакка уча албайбыз же темир жол аркылуу да тыңдап экспорт кыла албайбыз.
Улуттук банк долларды сатуу менен кошо жыл башынан бери беш жолу интервенция жасап, 30 млн доллардай каражатты кайра сатып алган. Ушул тапта Улуттук банктын алтын менен бекитилген резервдик фонду эки млрд доллардан ашыгыраак сумманы түзөт.