Кыргызстанда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары, кыргыз тилдүү аудиторияга иштеген YouTube каналдар Кремлдин расмий видеолорун жана Орусиянын телеканалдарынын программаларын чыгарып жатат. Бул орус пропагандасын жайылтуунун жаңы ыкмасы деп бааланууда.
YouTube видеохостинги Украинада согуш башталгандан кийин Орусиянын телеканалдарынын, Кремлдин негизги пропагандачыларынын каналдарын жапкан.
“Кремлдин пропагандасы дүйнөгө Кыргызстан аркылуу тарап жатат”
Кыргызстандагы AКИpress маалымат агенттиги 20-мартта YouTube каналына Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кремлдеги жолугушуусун чыпчыргасын коротпой берди. Кыргызстандын аудиториясына иштеген жалпыга маалымдоо каражаты жарыялаган 16 мүнөттүк видео 1 миллиондон ашык көрүлүп, алты миңден көп комментарий топтоду. Пикир калтыргандардын дээрлик бардыгы орус тилинде.
Ушул эле AKIpressnews 19-мартта Кремлдин дагы бир видеосун – Владимир Путин Украинанын окуппацияланган Мариуполь шаарына барганы тартылган 27 мүнөттүк тасманы да чыгарган. Бул видео 4,5 миллиондон көп көрүүчү топтоп, комментарий калтыргандар 40 миңден ашты.
Сөз болуп жаткан медиа акыркы беш айдын аралыгында Владимир Путинге байланыштуу бир нече видеону жарыялады. Арасында Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду кабыл алганы, 21-февралда Федералдык жыйынга жасаган жылдык кайрылуусу да бар.
Редакция Кремлдин расмий видеолорун жарыялоодо коммерциялык кызыкчылык же кандайдыр бир келишим жок экенин, болгону Орусиянын президентинин сайтынан алынган тасмаларды чыгарып жатканын билдирди.
Бул YouTube Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынын жана Кремлдин пропагандачыларынын каналдарын жапкандан кийин маалымат таратуунун жаңы ыкмасы катары кабыл алынды.
“Орусиянын геосаясаттагы пропагандасы Кыргызстанда кенен тарап, элге сиңип келаткан болсо эми Орусиянын пропагандасы биз аркылуу дүйнөгө тарап жатканы кейитет. Дүйнө согушту, империалисттик, колонизатордук идеологияны четке кагып атканда биз тескерисинче орус пропагандасына жол ачып берүүдөбүз. Бул улуттук кызыкчылыкка да туура келбейт. Орусиянын “Биринчи канал”, РТР телеканалдарынын программаларын Кыргызстанда элге үзгүлтүксүз берип турганыбыз өз кызыкчылыктарыбызга каршы келип жатканы аз келгенсип менчик ЖМКлар да таратууда”, - деди саясат талдоочу Эмил Жороев.
YouTube Орусиянын каналдарын жапкан
Google компаниясына караштуу YouTube порталы 2022-жылы Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарын жана аларга байланышы бар медиаканалдарды жапкан. Алардын арасында Орусиянын бюджетинен каржыланган Russia Today жана Sputnik маалымат каражаттарынын бир нече каналдары бар. Тагыраагы, ушул учурда расмий орус пропаганда каналдары YouTube платформасында жокко эсе.
Мындай чечимге Европа Биримдигинин бул медиаларга киргизген санкциясы себеп болгон жана YouTube зордук-зомбулукту жайылткан, Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу бул эрежени бузган контентти алып саларын эскерткен.
YouTube мындан тышкары Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйындарын көрсөткөн Дума каналын да бөгөттөгөн. Ошондой эле Кремлдин негизги пропагандачылары - орусиялык режиссёр Тигран Кеосаяндын “Кеосаян Daily”, орусиялык теле алып баруучу Владимир Соловьёвдун “Соловьёв Live” жана анын “Воскресный вечер с Владимиром Соловьёвым” (“Жекшемби күнү кечинде Владимир Соловьёв менен”) теле берүүсүнүн каналдарын өчүргөн.
Муну менен Орусия маалымат таратууда негизги ролду ойногон YouTube платформасындагы мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырады.
Жеке каналдарды эмне кызыктырат?
Соңку күндөрү бирок Орусиянын телеканалдарынан чыккан кээ бир программалар кыргыз аудиториясы үчүн иштеген айрым YouTube каналдарга да жарыялана баштады.
Маселен, порталдагы “Акыркы жаңылыктар” деген 700 миңден ашык катталуучусу бар канал “Россия 1” телеканалынын “60 мүнөт” деген программасын бир нече жолу түз эфирде берди.
Каналды иштеткен Мирлан “Азаттыкка” аны мындайча түшүндүрдү:
“Каналга башында кыргызча эле видеолор чыгып киреше алып келчү. Бирок кийин YouТube Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда монетизацияны өчүрүп салып акча түшпөй калды. Бул каналдан футболдук мелдештерди да англис тилинде түз эфирде кетирип турчумун. Азыр болсо YouТube Орусиянын каналдарын өчүрүп салбадыбы. Алардын программаларын менден башка деле толтура киши чыгарып атат. Монетизация Орусиянын өзүндө да өчүп калган. Украинада болсо иштеп атат. Мен чыгарган видеолорду Орусияда көп көрүшөт. Бирок акча Украинадан, Беларустан, Польшадан, Казакстандан түшүп атат. Кыргызстанда көп деле көрүлгөн жок. Украинанын берүүлөрүн чыгарсаң алар Ютубга арыз берет. Ал эми Орусиянын каналдары бул платформада жок болгондуктан арызданбайт”.
Мирлан “Россия 1” каналынын “60 мүнөт” теле берүүсүн түз эфирде гана берет. Ушундан улам видео Youtube каналында сакталып калбайт. Ал “Орусиянын пропагандасын жайылтып жатат” деген сөздөрдү четке кагып, анын максаты стримден каражат гана табуу экенин айтты.
Былтыр 10-марттан баштап YouTube Орусиядагы колдонуучулар үчүн монетизациялоо же көрсөткөнү үчүн акча табуу функциясын толук токтоткон. Андан тышкары Premium, Music Premium жазылуулары, демөөрчүлүк жана дагы бир катар кызматтары да иштебей калды. Видеохостинг “бул авторлор Орусияда аталган функциялардан киреше албай калат дегенди билдирет” деп түшүндүргөн.
Аккаунту Орусияда катталган же негизги аудиториясы бул өлкөдө жайгашкан кыргызстандык ютуберлер менен стримерлердин көрүүчүлөрү азайып, тапкан кирешеси кыскарган.
Мындан тышкары америкалык Meta компаниясы Russia Today жана Sputnik маалымат каражаттарынын Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларын да Европа континенти үчүн жапкан.
Москва Украинага согуш ачкандан кийин Орусияда Фейсбук жана Инстаграмга кирүүгө тыюу салынып, алардын ээси - Meta корпорациясы экстремисттик уюм деп табылган. Ошондой эле Twitter'ге кирүү бөгөттөлгөн. Орус бийлиги Кремлди колдогон орус медиа аккаунттарына бөгөт койгону үчүн YouTube хостингине Орусиянын аймагында тыюу салынарын кабарлап, бирок жапкан эмес.
YouTube орус пропагандасы үчүн эмнеге маанилүү?
Жарандык активист, акыркы учурларда журналисттик ишмердик менен алектенип жүргөн Адил Турдукулов орус пропагандасы тууралуу мындай деди:
“Орусия маалымат жайылтуунун бейформал ыкмасын да колдонуп жатат. Алар Ютубдагы каналдарды сатып алып Орусиянын пропагандасын жеткирүүгө аракет кылууда. Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда маалымат таратууда YouТube биринчи орунга чыкты. Дүйнөнүн кайсы жеринде болбо Ютубду ача калып жаңылыктарды көрүп, уккан ыңгайлуу. Андан тышкары, бул платформада маалымат жеңил-желпи берүүлөр да бар жана тандоо абдан көп. Ушундан улам Орусия бул мүмкүнчүлүктү колдонуп жатканы түшүнүктүү эле. Орусия азыр АКШны жамандап ошол эле кезде Америка ойлоп тапкан социалдык тармактарды АКШга каршы колдонууда”.
Орусиянын пропагандасы боюнча талкууну марттын башында Бишкекте кафелердин биринде болгон окуя күчөттү. Борбордогу тамактануучу жайлардын биринде Владимир Путиндин саясатын колдогон макалалар жазылган “Российская газета” басылмалары турганы сынга кабылган.
“Европада, АКШда жана цивилдүү мамлекеттерде Орусиянын телеканалдарына тыюу салынды. Тилекке каршы, Кыргызстанда Russia Today каналынын программалары санариптик берүүлөр аркылуу жайылып атат. Ал эми YouTube платформасындагы ар кандай каналдар менен берилип аткан программалар Кремлдин жасап жаткан пропагандасы. Мунун баары келип эле акчага такалат”, - деди медиа эксперт Айбек Турдалиев.
Орусиянын талкуудан түшпөгөн эки каналы
Орусиянын маалымат каражаттарынын таасири Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндө да күчтүү.
Кыргызстанда Орусиянын “Биринчи канал” жана РТР телеканалдарына байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп турат. 2022-жылы март айында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, ушул тапта төрага болуп турган Нурланбек Шакиев Орусиянын эки каналына бюджеттен акча төлөөнү токтотууга чакырган.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз болуп жаткан каналдарга бюджеттен акча берилбей турганын айтууда.
“Республикалык бюджеттен каражат кетпейт. Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси (РПО РМТР) сигналды алып бергени үчүн ага акы төлөш керек. УТРК болсо РТР жарнама алышы үчүн уруксат берет. Ал эми РТР жарнамадан тапкан акча РПО РМТРдин чыгымына кетет”.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 92 телеканал 40 радио каттоодон өткөн.