Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:58

Блогерлердин сурагы: сөз эркиндиги жана жоопкерчилик


Ыдырыс Исаков жана Улубек Карыбек уулу.
Ыдырыс Исаков жана Улубек Карыбек уулу.

5-февралда эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясына чакыртылып, TiK Tokто тараган видеого байланыштуу суралды. Өткөн айда дагы бир блогер Улукбек Карыбек уулу даярдаган тасманын негизинде кылмыш иши козголгон.

Эки блогер тең муну журналисттик ишмердиги менен байланыштырууда.

Исаковду милицияга чакырткан эски видео

Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун айтымында, 2020-жылы 9-октябрда тартылган эски видеого байланыштуу суракка чакыртылган. Ал видео парламенттик шайлоодон кийинки тополоңдон соң, Сооронбай Жээнбековдун кызмат орду олку-солку болуп, жаңы бийлик келе электе тартылган экен. Тасмада Исаков Фейсбуктагы баракчасына түз эфирге чыгып, ошол учурдагы саясий кырдаалга пикирин билдирген. Аталган эфирдин Садыр Жапаров тууралуу айткан бөлүгү өзүнчө кесилип, 5-февралда TiK Tok платформасына кайра жүктөлгөн.

“Ошол учурда Садыр Жапаров бийликке келе элек болчу. Ошондо мен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев өнүгүүнүн жолу эмес экенин, эл үмүт кылган нерселер аткарылбай турганын айткан элем. Үч жыл мурдагы видеону алгач Ютуб канал иштеткендер көчүрүп алган экен. Алардын TiK Tok колдонуучусу алып таратып жибериптир. Бийликти эмнеге сындаса болбойт? Маалында Садыр Жапаров деле ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындап турган да”, - деди Ыдырыс Исаков

Ал эми Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаковдун Садыр Жапаров тууралуу айткандарын кайра тараткан TiK Tok баракчасынын ээси изделип жатканын, анын аталышы чагымчыл мүнөздө болуп калганын билдирди.

"Өткөн аптада Тик-Ток социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков "Альберт" деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, "уйгур мафиясын" билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпген убакыт болду",-деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналында 418 миң катталуучу бар. Анда резонанс жараткан иликтөөлөр, карапайым калктын көйгөйлөрү жарыяланып турат. Ыдырыс Исаков соңку учурда бийликтин кадамдарын сындап, жогорку кызматтагы адамдар менен криминалдын байланышы тууралуу бир нече билдирүү жасаган.

"Шамал каяктан согуп атканын билем"

Бул эркин журналист жана блогерлер суракка чакырылган биринчи учур эмес. Блогер Улукбек Карыбек уулу өзүнүн Ютубдагы каналына 7-январда “Өз элиндеги өгөйлөр” деген видео жарыялаган. Анда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар туш болгон көйгөйлөрдү, алардын төрт айдан бери документ ала албай жатканын айтып берген.

Ысык-Ата райондук милициясы үч күндөн кийин аталган видео боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөчүнүн токтомунда Карыбек уулу Красная Речка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысын, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин коррупцияга айыптаганы, бирок аталган фактылар далилденбегени айтылат.

Мындан улам аталган фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 363-беренесинин (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде иш козголгон. Ал эми “Өз элиндеги өгөйлөр” деп аталган видео болсо экспертизага жөнөтүлүп, анда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар же жоктугу текшерилип жатат.

Блогер Улукбек Карыбек уулу соңку окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырууда.

“Мен шамал каяктан болуп жатканын билип турам. Буга чейин туш тараптан ар-түрдүү кысымдар болуп келген. Мага каршы топтоп бир күчкө биригип, азыркы тапта мага асылып атышат. Аталган видеодо биз Ысык-Атадагы жергиликтүү бийликтин, милициянын кыймыл-аракеттерин сынга алганбыз. Тескерисинче, мага иш козгоп коюшту. Бул бөрк ал десе баш алган жорук”, - деди Карыбек уулу.

Улукбек Карыбек уулу тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоо токтомун мыйзамсыз деп табуу боюнча райондук прокуратурага жана сотко арыз менен кайрылган. Анын өтүнүчү райондук сотто жарым-жартылай канааттандырылды.

Карыбек уулу 31- Курманкул Зулушевдин маалымат жыйына катышып, башкы прокурорго райондук милиция козгогон иш тууралуу маалымат берген. Анын айткандарына Зулушев мындай деп жооп берди:

“Өзүңүздүн Ысык-Ата районундагы факты боюнча бүгүнкү күндө кылмыш иши козголуп, экспертизанын корутундусу чыга элек экен. Эгерде козголгон кылмыш иш боюнча нааразылык болсо, төртүнчү күнү келиңиз кабыл алып, жеке көзөмөлгө алып карап берем. Эгерде аракетиңизде кылмыштын белгиси болсо, жалпы жарандар сыяктуу жоопко тартыласыз. Жок болсо, анда ишти кыскартабыз”.

Улукбек Карыбек уулунун Ютуб каналында 386 миң катталуучу бар. Ал соңку бир жылдан бери Кыргызстанды кыдырып, аймактагы социалдык көйгөйлөрдү, мамлекеттик мекемелердеги коррупцияларды чагылдырып келет. Карыбек уулу 2021-жылдагы парламенттик шайлоого “Эл үмүтү” партиясынан талапкер болгон.

Сөз эркиндигине кысым же жоопкерчилик?

Соңку бир-эки жылда блогерлер, жарандык активисттер суракка чакыртылып же камакка алынган бир нече учур катталды. Мындан тышкары Маданият министрлиги “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу сотко кайрылган.

Көз карандысыз “Кактус Медианы” “Вечерный Бишкек” басылмасы сотко берип, 50 млн. сом өндүрүп алууну максат кылууда.

Ал эми "Клооп" (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын 1-февралда кабарлаган.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Ал азыноолак тыныгуудан кийин иликтөөлөрдү кайра чыгара баштаганын билдирди.

Журналист Аскер Сакыбаев бийликтин өз оюн эркин айткан блогерлерди кысымга алуу аракети күчөп жатат деген ойдо.

“Эркин ой, сын айткандардын баардыгын тыюу, болбосо түрмөгө салуу аркылуу сөз эркиндигин жок кылууга жасалган кадам деп түшүнөм. Мындай иш аракеттерди башкача түшүнүүгө мүмкүн эмес. Буга чейин блогерлердин жасалган иш-аракеттери жарандык, болбосо административдик мыйзамдар менен жолго салынып келген. Тилекке каршы, азыр дароо милицияга алып баруу, түрмөгө камо сыяктуу араккеттер бул бийликтин түзтөн-түз авторитардык тарапка баратканын көрсөтүп турат. Айла жок ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болуп атам. 30 жыл демократияга умтулуп келсек, эми кайра айртка чегинип баратабыз”.

Ал эми "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев интернет өнүккөн шартта блогерлердин ишине көзөмөл болушу керектигин айтып жатат. Мындан пикирин төмөндөгү жүйөөлөр менен негиздеди:

"Мен жетектеген өкмөттүн гезитине караганда бир топ блогерлердин катталуучусу көп. Интернет өнүккөн заманда жоопкерчилик деген болуш керек. Анткени алар биринчи чагылдыруу же көп катталуучу тартуу максатында маалыматтарды текшербей чыгара беришет. Ар кандай темаларды коюшат. Мунун айынан элде ажырым пайда болду. Көпчүлүк жарандарыбыз чын-жалганды ажырата беришпейт. Биз жарандарды медиа сабаттуулукка үйрөтүшүбүз керек же блогерлерди көмөлөмөлгө алуу зарыл. Биздин шартта эки ыкманы тең колдонсок болот. Интернеттеги маалыматтарга көзөмөл керек. Бирок чеги менен болсун".

Бийликтин соңку кадамдарын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып келе жатышат. Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG