Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча курама командасы Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарынан 20-ноябрда кайтып келишти. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан спорт тармагындагы дирекциялардын жетекчилери, спортчулардын үй-бүлөсү, жакындары тосуп алышты.
Аталган курама команданын катарында дзюдодон 60 килограммга чейинки салмакта Сурдлимпиаданын коло байгесине ээ болгон Байсалбек Орозали бар. Ал 16-ноябрда Венесуэланын жана Жапониянын дзюдочуларын жеңип, жарым финалда бразилиялык спортчуга утулган. Коло медал үчүн таймашта Байсалбек Орозали уулу ирандык балбанды “иппон” ыкмасы менен жыгып, 3-орунду ээлеген. Бул быйылкы оюндардагы Кыргызстанга таандык алгачкы байге.
Байсалбек Орозали уулу 2017-жылдан бери спорт менен алектенип келет. Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өткөн бир катар чемпионат жана Олимпиадаларга катышып, эл аралык жана республикалык турнирлердин чемпиону жана байге ээси.
Анын жеке машыктыруучусу Ильгиз Каналбек уулу. Алгачкы машыктыруучусу Бакыт Абдыкаримов экенин спорт агенттиги маалымдады.
15-ноябрда башталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндары 26-ноябрда аяктайт. Төрт жылда бир өткөн мелдешке спорттун 21 түрүнөн 3000ге жакын спортчу 81 өлкөдөн катышууда. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстандан 18 спортчу спорттун беш түрүнөн: стол тенниси, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо, эркин күрөш түрлөрүнөн күчтөрүн сынайт. Алардын бешөө кыз-келиндер. Алдыда грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана таэквондодон таймаштар бар. (ECh)
Шерине