Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 20-ноябрда саат 18:35те Кыргызстандын аймагында 3,5 баллды түзгөн жер титирөө катталды. Анын очогу Чүйдүн Сары-Булак айылынан түштүк-чыгышты карай 13 чакырым, Табылгы айылынан түштүк-батышты көздөй 19 чакырым, Казармандан 30 чакырым аралыкта Көк-Ирим тоолору тарапта болгон.
Сары-Булак, Табылгы, Көл айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түздү.
Ушуну менен бул аптада төртүнчү жолу жер силкинди.
18-ноябрда саат 05:56да Нарын облусунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн күчү Орто-Саз айылында 4 балл, Нарын шаарында 3,5 балл, Жан-Булак айылында 3 баллга сезилген.
19-ноябрда Нарындын Ат-Башы тарабында 4 баллга жеткен жер силкинип, Өзгөрүш, Талды-Суу, Большевик, Биринчи май айылдарында анын күчү 3,5 балл болгон.
Ушул эле күнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталып, Баткендин Ак-Суу айылында, Раззаков шаарында 2 балл болуп сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган жок. (КЕ)
Шерине