2024-жылдын март айынан бери Орусия Түндүк Кореяга 50 танкер аркылуу Чыгыш деңиз порту жана анын Жапон деңизиндеги терминалы аркылуу болжол менен 1,3 миллион баррель мунай жеткиргени айтылууда. Мындан сырткары Орусия Түндүк Кореяга дагы кеминде 322 миң баррелди темир жол аркылуу экспорттогон. Бул тууралуу Open Source Center долбоорунун "Важные истории" басылмасы жана "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" (OCCRP) борбору менен биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.
Мунай Түндүк Кореяга БУУнун 2017-жылы киргизилген санкциясына карабай ташылууда. Санкциялар Түндүк Кореяга мунай продуктуларынын жалпы экспортун жылына бир өлкөгө 500 миң баррелге чейин чектейт. Лимитти кыйгап өтүү үчүн Москва менен Пхеньян бир нече жашыруун төлөм каналдарын, анын ичинде БАЭ аркылуу да түзүшкөн.
Open Source Center долбоорунун маалыматына караганда, түндүккореялык танкерлер 2024-жылы "Чыгыш" портуна 40тан ашуун каттам жасаган. Ал Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Врангель булуңунда, Находка булуңунда жайгашкан. Ошол жылдын май айында Улуу Британия бир нече орус компанияларына санкция киргизген, Лондон аны Түндүк Корея менен "мунайга куралды алмашуу соодасы" деп атаган.
Мындай компаниялардын бири "Чыгыш" портунда иштеген жана коңшулаш Находка шаарында жайгашкан Fuel and Bunker Company (ТБК) болгон. ТБК ээлерин ачыкка чыгарбайт. Бирок анын 2020-жылдагы финансылык отчетуна ылайык, компания ал учурда кипрдик Dolcestar Holdings Limited компаниясына таандык болгон.
"Важные истории" басылмасынын колуна тийген TBK банктык жазуулары анын Москвадагы күйүүчү май сатуучу Southern Railway Expedition (Түштүк темиржол экспедициясы) компаниясы менен байланышын көрсөтүп турат. Мунай продуктуларын жеткирүүчүлөрдүн бири Краснодар аймагынандагы "Славянск ЭКО" компаниясы. Ага ээлик кылгандардын бири аймактык мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү Роберт Паранянц экенин "Настоящее Время" жазды.
"Түштүк темиржол экспедициясы" 2024-жылы ТБКга 240 млн рубль төлөгөн, бул мунай танкерлери "Восточныйдан" Түндүк Кореяга жөнөтүлгөн учурда которулган.
2024-жылдын мартында Түндүк Кореяга мунай ташыла баштаганда Орусия КЭДРге каршы санкцияларды көзөмөлдөгөн БУУнун эксперттик тобунун мөөнөтүн узартууга вето койгон.
Ошол жылы жайында Орусия Түндүк Корея менен союздук келишимге кол коюп, 2024-жылдын күзүнөн тартып Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка катышып келет. КЭДР Орусияны ок-дары менен да камсыздайт.
Шерине