Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

"Азандын үнү жай чыгат". Ташкентти түпөйүл кылган дин таасири


Муфтий Нуриддин Холикназаров (солдон үчүнчү), президент Шавкат Мирзиёев жана премьер-министр Абдулла Арипов Ташкентте жамаат намаз окуп жатышат. 2023-жыл, 31-август.
Муфтий Нуриддин Холикназаров (солдон үчүнчү), президент Шавкат Мирзиёев жана премьер-министр Абдулла Арипов Ташкентте жамаат намаз окуп жатышат. 2023-жыл, 31-август.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда бийликке келгенден кийин диний ырым-жырымдарга карата катуу чектөөлөрдү алып салган, бирок азыр Өзбекстандын шаарларында азандын үнүн басаңдатууну талап кылышып, коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзамдар кабыл алынууда. Эмне үчүн мындай өзгөрүүлөр болуп жатат?

10-сентябрда Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары жана өкмөтчүл коомдук уюмдардын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин имаратына “талуу маселени” талкуулоо үчүн чогулушту.

Премьер-министр Абдулла Арипов менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалим Азизовдун айтымында, Өзбекстан “диний радикалдашуунун” жаңы толкунуна туш болууда.

Жолугушуу жөнүндө эч жерде жарыяланган эмес – анын өтөрү тууралуу жыйындан кийин, 14-сентябрда гана маалымат берилген.

Дем алыштагы жыйынга катышкандар аты-жөнүн жашырып, “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маектешкенде өлкөдөгү негизги динди радикалдык чечмелөө күчөгөнү менен бирге, расмий өкүлдөр көп аял алуу фактысынын арбып баратканына жана жарандардын, анын ичинен мамлекеттик кызматкерлердин жумуш убактысында намаз окуу үчүн мечиттерге көп каттап жатканына кооптонорун айтышты.

Ариповдун айтымында, чиновниктер же “динди тандашы керек же мамлекет үчүн иштеши керек”.
Ариповдун администрациясы 14-сентябрдагы билдирүүсүндө 13-сентябрда “Азаттыктын” өзбек кызматы биринчи жолу кабарлаган премьер-министрдин сөзү тууралуу маалыматты төгүндөдү.

35 МИЛЛИОН КИШИ ИСЛАМ ДИНИН ТУТУНАТ

Президент Шавкат Мирзиёевдин өкмөтү 2016-жылы бийликке келгенден бери диний ырым-жырымдарга, айрыкча мусулман жөрөлгөлөрүнө коюлган чектөөлөрдү жумшартуу менен өлкөдө жана чет өлкөлөрдө кадыр-баркка ээ болду.

Ислам бул өлкөнүн негизги дини болуп саналат. Аны калктын 90 пайыздай бөлүгү, б.а. 35 миллионго жакын адам карманат.

Бирок азыркы бардык өзгөрүүлөр өкмөттүн саясаты президент Ислам Каримовдун тушундагыдай мамлекет динди катуу көзөмөлдөп, кысымга алган, миңдеген динчилдер экстремист катары абакка түшүп, кыйноого кабылган авторитардык режимге кайта баштаганын көрсөтүүдө.

Ташкенттеги Хазрати Имам мечитинде мусулмандар жума намазды окушууда. 2021-жыл, октябрь.
Ташкенттеги Хазрати Имам мечитинде мусулмандар жума намазды окушууда. 2021-жыл, октябрь.

Аталган жолугушуу болор алдында (9-сентябрда) Өзбекстандын жогорку даражалуу диниятчысы мусулмандар арасында “аша чабуулар” көп байкалып жаткандыктан, ислам кийимдерин кийүү жана сакал коюу жагынан “чектен чыкпоого” чакырды.

"Ислам дини кандайдыр бир кийим кийүүнү жана кайсы бир сырткы көрүнүштү билдирет деген пикир жаңылыш, – деди муфтий Нуриддин Холикназаров, кыязы, аялдын көзүнөн бөлөк бетин толук жаап турган никабды эске алып. – Пайгамбарыбыздан бизге калган эреже бар. Исламдын конкреттүү формасы жок, бул мүмкүн да эмес, ал бир элдин дини эмес, бир климаттын да дини эмес”.

Момун-мусулмандарга бул сөз катуу жана ачык-айкын айтылганы менен, өлкөнүн кээ бир аймактарында азандын үнү улам барган сайын акырын чыгып калып жатканын кабарлашууда.

Ушул айда эле “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчылары азандын үнү – Ташкенттеги райондордун биринде да – акырындатылганын бир нече жолу байкашкан.

"Азаттыктын" кырдаалга комментарий берүү өтүнүчүнө Муфтияттын өкүлү жооп берип жатып, бул маалыматтар “чындыкка дал келбейт” деп билдирди.

Өзбекстандын түндүк-батышындагы Нукус шаарындагы жаңы мечит
Өзбекстандын түндүк-батышындагы Нукус шаарындагы жаңы мечит

Диний жөрөлгөлөрдү көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган – Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарбады.

КӨЧӨЛӨРДӨ ЭЭН-ЭРКИН ЖҮРӨЛҮ

Соңку окуялар күлкүлүү көрүнөт, анткени жакында эле, 2017-жылдын аягында Мирзиёев азанды кайра үн күчөткүчтөрдөн айта баштоону “Жаңы Өзбекстандын” символдорунун бири деп атаган.

Бул Ташкентти АКШнын Мамлекеттик департаментинин “өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкөлөр” тизмесинен чыгарууга алып келген кадамдардын бири болгон эле. Мамдепартамент берген бул аныктама азыркы кезде дин тутуу эркиндигин өтө одоно бузган 12 өлкөгө карата колдонулат.

Өзгөрүүлөрдүн катарында жашы жете электердин намазга баруусуна расмий эмес, бирок сөзсүз сакталышы керек болгон тыюунун жокко чыгарылышы, жаңы мечиттерди ачууга уруксат берилиши жана экстремисттик диний ишенимде делип көзөмөлгө алынган жарандардын узун кара тизмесин кыскартуу да бар.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов калктын 90 пайызга жакыны тутунган ислам динине каршы репрессиялык саясаты менен белгилүү болгон.
Диндин таасири күчтүү Анжиян облусунда быйыл жайкысын кайра шайланар алдында сүйлөгөн сөзүндө Мирзиёев өзбектер эми “көчөлөрдө ээн-эркин, коркпой баса алышат” деп, Каримовдун учурундагы репрессияларды кыйытып айткансыды.

"Ушул күнгө жеткенибизди [түшүнүп], азанды укканда ыйлагым келет, – деди ал. – Бизде акыркы жолу качан ушундай болду эле?".

Бирок Мирзиёевдин минтип айтканынан соңку бир нече жылдан бери мусулмандар көчөлөрдө өтө кооптонуп жүргөн баамдасак болот. Кийинки кезде динге ишенгендерди кармаган, суракка алган, кишилердин сакал-мурутун мажбурлап кырып салган учурлар жөнүндө маалыматтар чыга баштады.

Мындан тышкары, өкмөттөгү булактардын биринин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өзбек аткаминерлери мындан ары БУУнун дин эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы менен да, АКШнын эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы менен да мурдагыдай байма-бай байланышпай калды.

Булактын айтымында, акыркы жылдары атайын баяндамачы өлкөгө кеминде үч жолу келиши керек болчу, бирок бир да жолу чакырылган жок.

Борбор Азиядагы ислам боюнча эксперт бишкектик Илхам Умарахуновдун “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, “учурда эл аралык коомчулук көргүсү келген нерсе менен [Өзбекстан] өкмөтүнүн дин тутуу эркиндиги жаатында эмне кылууга даяр экендигинин ортосунда чоң ажырым бар".

"Жергиликтүү эксперттер менен сүйлөшкөндө, Өзбекстанда дин мурдагыдай эле эркиндикке караганда коопсуздук өңүтүнөн көбүрөөк караларын байкадык", – деди ал.

Умарахуновдун айтымында, эл исламдык “экотутумдардын” пайдасына жарыкчыл институттардан толугу менен баш тартат деген ой бийликтегилерди көбүрөөк кооптондурат.

"Бир жагынан дин тутуу эркиндиги маселеси бар, экинчи жактан, бир жамаат тез тамыр жайып, өз эрежелерин башкаларга таңуулоого аракет кылышы, бул чыр-чатакка алып келиши ыктымал. Алар ушундан абдан коркушат", – деп кошумчалады ал.

Чын эле, 5-сентябрда Олий Мажлистин төмөнкү палатасынын депутаттары жарыкчыл тартипти бузгандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамды жактырышты.

Мыйзам шарият эрежелери боюнча кыйылган, бирок мамлекет тарабынан катталбаган никелерге, ошондой эле эл арасында “өңүн таанытпай турган” кийим кийген (никаб) аялдарга жайылтылат.

Депутаттар мыйзам долбоорун "кызуу талкуулардан жана узакка созулган талаш-тартыштардан кийин" колдошту деп билдирди Олий Мажлистин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы, чоо-жайын тактабастан. Мыйзам долбоору эми сенатта каралышы керек.

"БИЗДИН ҮНҮБҮЗДҮ БАСЫП ЖАТЫШАТ"

Өзбек режиминин исламга карата тарыхый калыптанган кооптонуусу жана шекшимелигине себептер бар.

Өзбекстанда эгемендиктин алгачкы жылдары мамлекеттин жарыкчыл тутумуна ачыктан-ачык каршы чыгууга даяр турган диний жамааттар өтө тез пайда боло баштаган.

Ушундай жамааттардын бири – Өзбекстан ислам кыймылы (ӨИК). Бийлик аны Ташкентте бир катар автоунаа жардырууларын уюштурду деп айыптагандан кийин жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери иш жүргүзүп келет.

ӨИК Ташкент үчүн олуттуу коркунуч туудурган күндөрү артта калгандай көрүнсө да, ал баштагыдай эле өзбек режимин кулатуу ниетинен кайткан жок. Анүстүнө Ооганстан менен Пакистандын чек ара аймактарында экстремисттердин аман калуу үчүн күрөшү орчундуу маселеге айланды.

Бирок акыркы жылдары өкмөттү жактаган муфтияттагыларга караганда исламды эскиче чечмелеп келген консервативдүү мусулмандардын үндөрү бийик угула баштаганы талашсыз.

Мирзиёевдин бийлигинин алгачкы жылдарында аталган консерваторлор мамлекеттик мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынышына, окуучулардын өздөрү өтө эле ачык деп эсептешкен мектеп формасын кийишине каршы чыгышкан.

Көк-Гумбаз мечитинин кумпасы, Шахрисабз, Өзбекстан.
Көк-Гумбаз мечитинин кумпасы, Шахрисабз, Өзбекстан.

Азыр жарыкчыл да, диний да үндөрдүн мейкиндиги тарып баратат.

Өткөн айда таанымал azon.uz онлайн каналы менен сайтынын негиздөөчүсү Мубашшир Ахмад Фейсбуктагы билдирүүсүндө өзүнүн ар кайсы долбоорлорун жапканын жарыя кылды.

2017-жылы Өзбекстандагы ислам дини жана анын тарыхы тууралуу ой-пикирлерди жана талкууларды чыгарып келген azon.uz сайтынын ишке кириши Өзбекстандын маалымат мейкиндигинде пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн мисалы болгон.

Апрель айында таанымал блогер Хожиакбар Носиров Өзбекстандагы бир катар белгилүү йогурт маркаларын курамында кошениль куртсымак коңузунан алынган тамак-аш боёгучу барлыгы үчүн арам эсептелиши керек деген видео ролиги үчүн 15 суткага камалып чыккан.

Ислам аалымдары кармин тамак-аш боёгучун колдонсо болор-болбосу жөнүндө бир пикирге келишпесе да, бул теологиялык мыйзамдуу талаш-тартыштын чегиндеги эле маселе. Жок эле дегенде Өзбекстандан тышкары жерлерде.

Аталган окуяларды жана диний блогерлерди суракка алуу үчүн полиция бөлүмдөрүнө улам алып келип жатышканы тууралуу байма-бай кабарларды эске алганда, диний сөздөр дагы эле угулуп жатканы таң калычтуу.

Ал сөздөр чын эле угулуп жатат. Буга мисал катары 11-сентябрда Ташкенттин мурдагы имамы Шермурод Тогайдын Фейсбук социалдык тармагындагы азан тууралуу жазган жалындуу постун айтсак болот. Ал Өзбекстан Алланын жолунан тайса, "улуулукка жетпейт" деп эскертти.

"Эми азандын үнүн өчүргүлөрү келип жатат. Үнүбүз угулбай калды. [Бирок] азан токтобойт. Бизден унчукпоону талап кылгандардын өздөрүнүн үнү өчөт. Алардын орду тозокто болот”, – деп ачууланган Тогай “ыймандуулардын саны көбөйө берет”, “кемпайлардын, канкорлордун көрүстөнүнө каргыш тийет” деди.

Тогайдын бул посту жарыкчыл мамлекетти коргогондордун тескери пикирлерин жаратты.
Бирок аны жактагандар да болду.

Комментарий жазгандардын бири Анжиянда, Мирзиёевдин өзү быйыл жыл башында кайтып келгенин кубаттаган жерде азандын үнү угулбай калганын айтып өкүндү.

XS
SM
MD
LG