Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Орусия мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу шарттарын катаалдатты


Вячеслав Володин
Вячеслав Володин

Орусиянын Мамлекеттик Думасы жалпы жыйынында медициналык камсыздандыруу системасын жакшыртууга багытталган мыйзам кабыл алганы аталган мекеменин расмий сайтында жазылды.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин бул тууралуу өзүнүн MAX телеграм каналында жазып, милдетүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу шарттары эми мигранттар үчүн кыйындаганын билдирди.

"Эми биздин өлкөдө бекер медициналык кызмат алуу үчүн чет элдик жарандар Орусияда кем дегенде беш жыл легалдуу иштеши керек болот. Шашылыш медициналык жардам керек болгон учурлар өзүнчө каралат", - деди Володин.

Маалыматка караганда, Орусияга келип иштеп, жогорку деңгээлдеги социалдык кепилдиктерди колдонгусу келгендер мындай укугун мыйзамдуу, чынчыл эмгеги менен тастыктоого тийиш.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. (KS)


Шерине

XS
SM
MD
LG