Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде беш киши каза болду


Украина.
Украина.

Украинада 21-ноябрга караган түнү Орусиянын соккусунан Запорожье шаарында кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, дагы үч киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдирди.

Облус башчысы Иван Федоров аймакка орус тараптан башкарылуучу авиабомбалар учуп баратканын эскертип, элди этият болууга чакырган.

Чабуулдун кесепетинен үйлөр, дүкөндөр, базарлар зыян тартканы маалымдалды.

Бир күн мурда Орусия Украинанын Харьков, Львов, Тернополь жана башка шаарларын абадан аткылап, жапырт сокку урган. Украин президенти Владимир Зеленский бул күнү орус аскерлери өлкө аймагын 470 согуштук дрон жана 48 ракета менен аткылаганын билдирген. Тернополдо 26 киши, арасында үч бала каза болгон. Мындан тышкары 93 киши, анын ичинде 18 бала жараат алган.

2022-жылдын февраль айынан бери Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу согушунан жапа чегип келет. Чабуулдарды токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG