Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

Жапаров менен Ташиевдин жакындары эмнеге камалды?


Ак үй. Бишкек.
Ак үй. Бишкек.

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын туугандары удаа кармалганы белгилүү болду.

Өлкө жетекчилиги мыйзамсыз иш-аракетке баргандардын баары эч нерсеге карабай жазаланарын эскертүүдө.

Деген менен бийлик башчыларынын туугандарынын алдамчылыкка шек саналып камалышын өлкөдө коррупцияга каршы системалуу иш жүргүзүлбөгөнү менен байланыштыргандар дагы бар.

Өлкөнүн эгемен тарыхында бийлик башчыларынын тууган-уругу, жакындары мамлекеттин ишине, саясатка, коррупцияга аралашкан учурлар орун алган.

Садыр Жапаровдун аталаш тууганынын баласы жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы камалганы 17-июлда белгилүү болду.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв Фейсбуктагы баракчасына: "Өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт. Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай мыйзам чегинде жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат", - деп жазды.

Садыр Жапаровдун тууганы камалганын Бишкектеги Биринчи май райондук соту бышыктаган. Ага ылайык, Ж.У.Р аттуу шектүүгө "алдамчылык" беренеси менен айып коюлган жана УКМКнын өтүнүчү менен 19-августка чейин камакка алынды. Маалыматта жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураганы айтылат.

Айрым бир маалымат каражаттары кылмышка шектүү президенттин аталаш тууганы 33 жаштагы Улан Жапаров экенин жазышты. Ошондой эле ал губернаторлук кызматка коюуга жардам берүүнү убада кылып 100 миң доллар акча алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Буга байланыштуу УКМК азырынча түшүндүрмө бере элек.

Жапаровдун аталаш иниси былтыр октябрда үй камагына чыккан. Ал бажыдагы коррупцияга байланыштуу 2023-жылы июль айында камалган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин ырастаган.


Ташиевдин тууганы "алдамчылыкка" шек саналып камалганы тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы расмий маалымат берген. Анда атайын кызматтын төрагасынын бажасы болорун, түрк жараны менен бирге жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акчасын алдап кеткени белгиленген.

"Акыркы учурда айрым жарандар жогорку кызматтагы адамдар менен тааныштыкка жана үй-бүлөлүк мамилеге жамынып, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барганы көп катталууда. Бирок өлкө жетекчилигинин чечкиндүүлүгү жана саясий эрки менен мындай көрүнүштөр түп-тамыры менен жок кылынат, бийликтегилер менен тууганчылыкка, жакын мамилеге карабай кылмыш жасаганы үчүн сөзсүз жазаланат. Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы – А.Т.О. аттуу бажасы тергөөнүн жүрүшүндө А.С. аттуу түрк жараны менен өз ара тил табышып, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу менен жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акчасын алганы аныкталган. Жабырлануучу тарап арыз менен УКМКга кайрылган. Жакын туугандык мамилеге карабастан Ташиев бардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине объективдүү иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүүнү тапшырды. Кылмышка шектүүлөр камакка алынды. Учурда жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө. УКМК мындай фактыларга бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертет. Ошондой эле жарандарды колдонуудагы мыйзамдардын алкагында зарыл чараларды көрүү үчүн атайын кызматка тиешелүү маалыматтарды билдирүүгө чакырат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында УКМК соңку учурларда айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттер Ташиевдин атын жамынып, материалдык сый акы үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылып жатканын эскерткен. Ушундай адамдардын айынан алданып калгандар атайын кызматка кайрылышы керектигин белгилеген.


Ал арада ИИМ өзүн президенттин жана УКМКнын төрагасынын жардамчысы деп тааныштырып жүргөн Бишкек шаарынын бир тургуну камалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматта ушул жылдын башында материалдык зыяндын ордун толтурууга көмөктөшөрүн айтып жабырлануучудан 80 миң доллар акча алып качып кеткен.

Деген менен соңку окуялар талкууларды жандантты.

Саясий серепчи Руслан Акматбектин пикиринде, бул жагдайлар өлкөдө коррупция түп-тамырынан бери жоюула электигинен кабар берет.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

"Бир чети кылмышка аралашкандарды тууган экенине карабай камап жатканы алкышка татыктуу. Жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле мезгилде бул коррупцияга каршы күрөш системалуу жүрбөй жатканынан, системалуу коррупция жоюла электигинен кабар берет. Үч жыл болду, "жаңыланып, реформа болуп жатат, өлкө өзгөрүү, илбирс секирик, ал-бул" деп жатабыз. Соңку окуялардан улам демек дагы деле мамлекеттик кызмат сатылып жатат окшойт деп ойлосо болот. Адамдар президенттин атын жамынып алып барып жатса демек бул системалуу коррупция жоюлбаганынан, баягы эле схемалар иштеп жатканын кабар берет. Болбосо мындай көрүнүш болмок эмес. Тилекке каршы, биз дагы деле коррупциянын жыйынтыгы менен гана күрөшүп жатабыз. Ага алып келген себептерди жое алган жокпуз. Өлкөдө өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок ошол эле учурда системалуу түрдө өзгөрүүнүн жоктугунан кабар берет. Эпизоддук түрдө күрөш жүрүүдө. Мындай көрүнүштөр мурда эле болуп келген, жаңы пайда болгон жок. Акыркы окуялар ошол тенденция азыр мурункудай масштабдуу болбосо дагы уланып жатат дегенди туюндурат. Демек акча, тааныш-билиш менен жумушка орношсо болот деген түшүнүк өзгөргөн эмес. Президенттин тууганы буга чейин дагы кармалып, азыр дагы кармалып жатканынын өзү дагы бир көрсөткүч. Ал бул сапар да жазасыз калам деп ойлосо, анда жазалоонун натыйжалуулугу дагы суроо жаратат".

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев кыргыз коомунда акча менен жумушка орношуп, маселесин чечүүгө даяр адамдар тууралуу оюн айтты. Ошондой эле кадр тандоо, дайындоо маселесине токтолду.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Президенттин айланасындагы айрым бир туугандарына "Абаңа айт, мени кызматка койсун" дегендер барат. Бул ошол бир эле Садыр Жапаровдун же Ташиевдин туугандары менен чектелбейт. Азыркы башкы прокурордун, мурдагы башкы прокурордун айланасында дагы куду ушуга окшогон окуялар бар. Спикердин айланасында дагы ушундай учурлар айтылып жүрөт. Эртеби-кечпи бул ачыкка чыгат. Кыргызстанда Кадр кызматы, кадрлар резерви пайдасы жок эле нерсе болуп калды да. Мына, кызматтарга өкүл балдар дайындалууда, мунун өзү коррупция. Ал өкүл баласы кызматка өкүл баласын, туугандарын дайындап жатат".


Жарандык активист, саясатчы Мавлян Аскарбеков өлкө башчыларынын жакындарынын мамлекеттин ишине, саясатка аралашуусуна тыюу салган мыйзам керек деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Өлкө башчыларынын мыйзам бузган тууган-тааныштарынын кармалышын абдан жакшы көрүнүш деп белгилесе болот. Президенттин администарциясы, УКМКнын басма сөз кызыматы калыстык үчүн, адилеттик үчүн кармалып жатат деп билдирип жатат. Эми көшөгө артында кандай оюндар жүрбөсүн, ушундай камоолордун мотиви кандай гана болбосун баары жакында ачылат. Кыргызда "кыңыр иш кырк жылда" деген сөз бар. Ага чейин сабырдуу болуп күтүп туралы. Кызмат башындагы адамдар жакын туугандарына карабай камап жатат деген ой менен сабыр кылып, жакшылыкка жооруп туралы. Үчүнчүдөн, мен жеке өзүм саясатка аралашып жүргөн адам катары буга чейин дагы сунуштагам, азыр дагы парламентке, мыйзам демилгелеген органдарга сунуштайт элек. Көп жылдан бери мыйзам даярдайлы деп даярданып жүрөбүз. Кыргызстанда жогорку кызматка барган ар бир адам тууган-уругу, өкүл баласы, ага-иниси дегендердин баары мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын баарына, тендерлерге так тыюу салган, чектеген мыйзам кабыл алышыбыз керек. Мындай мыйзам көп эле мамлекеттерде бар. Андан сырткары ант берип жатканда дагы менин жакындарым мамлекеттик, муниципалдык кызматка барбайт, саясатка аралашпайт" деген сөздөрдү ошол антка киргизип коюш керек. Эл алдында ачык айтылганы өтө маанилүү. Биз тууган-уругу аралашкан учурларды Аскар Акаевдин тушунан бери башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр эми ар кандай сөздөрдү угуп жатабыз. Ошондуктан ушундай болбошу үчүн атайын мыйзам кабыл алынышы керек".

Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөш тынымсыз жүрүп жатканын белгилеп келет. Былтыр жыл аягында Садыр Жапаров коррупцияны 90% жойгонун жар салган. Мындан улам 2020-жылдан бери бюджеттин көлөмү үч эсе өскөнүн белгилеген. Ал эми өткөн аптада Камчыбек Ташиев быйыл алты айда атайын кызмат бюджеттен 70 млрд сомдон ашык каражат уурдалганын аныктап, анын 50 млрд сомун өндүрүп казынага өткөрүп бергенин билдирген эле.

Кыргызстанда бийликтеги адамдардын жакындары ар кыл мамлекеттик иштерге аралашканы буга чейин да катталган. Эгемендик тарыхында үч жолу элдик толкундоолордун аркасында бийлик алмашкан өлкөдө мындай нааразылыктардын сап башында президенттердин жакындарынын ар кыл коррупциялык иштерге аралашканы да айтылган. Ошондуктан, ар бир келген бийлик өз жакындарын мындай шектүү иштерге аралаштырбоого убада берип, аны эл алдында далилдөөгө аракет кылат.

XS
SM
MD
LG