Transparency International эл аралык уюму дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялады. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда жагдай бир баскычка начарлаганын билдирет. Кыргыз бийлиги ноябрь айында өлкөдөгү коррупциянын тамырын 90% кыркып, саясий жемкордукту жойгонун билдирген. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатат?
Transparency International эл аралык уюмунун баалоосуна ылайык, 2023-жылы Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча бир баскычка артка кетти. Уюм бул жааттагы жылдык баяндамасын 30-январь күнү жарыялады. Максималдуу жүз упайлык баалоодо 26 упай алып, 141-орун алды. Кыргызстан 180 өлкөнүн ичиндеги бул орунда Гвинея, Орусия жана Уганда менен чогуу турат. 2022-жылы 27 упай менен 140-орунда болчу.
Борбор Азияда Кыргызстан сыяктуу эле Тажикстан (162-орун) менен Түркмөнстанда (170-орун) дагы коррупциялык абал начарлаган. Ал эми Казакстан мурунку жылга караганда үч упай алдыга жылса (93-орун), Өзбекстан эки упай өйдөлөгөн (121-орун).
Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.
Уюмдун баяндамасында коррупция паракордук менен кымыруучулуктан тарта уюшкан, масштабдуу жана татаал жемкордук схемага чейинки көрүнүштөрдү камтый турганы белгиленген. Чоң даражалуу адамдардын бийлигинен кыянат пайдаланып жасалган мындай иш-аракеттер коомго олуттуу жана оор зыян алып келет.
"Коррупциянын тамырын 90% жойдук"
Деген менен, кыргыз бийлиги өлкөдөгү коррупциянын абалы жана ага каршы күрөш боюнча өзүнүн ишенимдүү пикирин айтып келет. Соңку үч жылдан бери коррупцияга байланыштуу бир катар чуулгандуу кармоолор болду.
2023-жылы ноябрь айында президент Садыр Жапаров коррупцияны 90% жойгонун жар салган. Мындан улам 2020-жылдан бери бюджеттин көлөмү үч эсе өскөнүн белгилеген.
Көп өтпөй бюджетти бекитүү боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан өкмөт башчы Акылбек Жапаров президенттин билдирүүсүн бекемдеп, саясий коррупция биротоло жоюлганын айткан.
“Чындыгында 30 жылда өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтаждалды. Анын эң башкы далили – “Кумтөр”. Ал элге кайтарылды. Ошону менен бирге беш арбитраждык, алты ар түрдүү эл аралык соттук процесттерди бүтүрдүк. Мындан тышкары, “Мегакомдун” кыргыз өкмөтүнө койгон 300 миллиондук доосу бар эле, аны жеңип чыктык. “Бителдин” мурунку кожоюндары 75 миллионго, “Манас Банк” 18 млн долларга, Таш-Көмүрдөгү пересплав заводу 60 млн долларга - бүт баары бизге доо коюп келген. Кыргызстандын ичинде ошолорду коргогон кишилер бар эле, ушул иштердин баарын бүтүрдүк. Бүт баары 100% биздин карамагыбызга өттү. Буга чейин ушунун барын саясий коррупция басып турган жана кыргыз элине алып, кызмат кылдырганга мүмкүнчүлүк берген эмес”.
Ошого улай эле, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызмат үч жылдай мезгил ичинде казынадан уурдалган 1,2 млрд доллар каражатты мамлекетке кайтарганын жарыялаган.
Атайын кызмат мурунку өкмөт башчылар менен министрлерди баш кылып ондогон аткаминерлерди жемкордукка айыптап, жоопкерчиликке тартып жатканын байма-бай жарыялап келет. Бажы тармагындагы ири коррупциялык схемага айыпталып соттолгон Раимбек Матраимов 2 млрд сом төгүп эркиндикке чыгып кеткен. Жакында кайра издөөгө алынган ал азыр кайда экендиги белгисиз.
Камчыбек Ташиев мурдагы бажычы Раимбек Матраимов менен кримтөбөл Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Атайын кызмат ошол “мафияга” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткени айтылган.
"Коррупция менен системдүү күрөш жүргөн жок"
Кыргызстанда акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөш деген ураанды саясий чөйрөдө “кустурузация” деген түшүнүк менен сыпаттап келишет. Мында коррупцияга же кызматтык кылмышка шектелген адамдар кармалып, камалып, казынага каражат төгүү аркылуу бошотулушу айтылат.
Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай укук коргоо органдары коррупционерлерди кармап, капчыгын казынага кагып алганы менен, системдүү өзгөрүүлөр байкалбай жатканын белгилейт:
“Коррупция төрт түргө – мыйзамдык, саясий, бюрократиялык жана авторитардык деп бөлүнөт. Изилдөөлөр ошол төрт багыт боюнча тең жүргүзүлөт. Коррупцияны түп-тамыры менен жоюу үчүн бизде, тилекке каршы, система өзгөргөн жок. Албетте, ар бир тармактан кармап жатканы элге жагат. Бул жакшы нерсе. Бирок алдын алуучу мыйзамдарды иштетип, жарандар, журналисттер менен кызматташып, жемкордукту системдүү түрдө жокко чыгармайынча коррупцияга каршы күрөш натыйжасыз болуп калат. Көрүнүш бар, бирок тамыры менен күрөш жок болуп жатат. Четинен кармап, каражатты кайтарып атканы жакшы, казына аткарылып жатат. Бирок системада жемкордукка каршы иш жүргөн жок да. Мисалы, салык, бажы, билим берүү, милиция тармактарында кармалып атат. Алар ошол жолго түшпөшү үчүн системаны өзгөртүү керек”.
Transparency International уюмунун баалоосуна караганда, дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли эң төмөн деген беш өлкөгө Дания, Финляндия, Жаңы Зеландия, Норвегия жана Сингапур кирет. Алардын упайлары 83төн 90го чейин жетет. Ал эми коррупция кеңири жайылган мамлекеттердин сап башында 11-16 упай менен Сомали, Венесуэла, Сирия, Түштүк Судан жана Йемен турат.
Саясат талдоочу Эмилбек Жураев бийликтин коррупцияга каршы күрөшү жабык жана сырдуу мүнөздө болуп жаткандыктан, натыйжасы жакшы болбой жатат деп эсептейт:
“Расмий бийлик жетекчилери тарабынан коррупцияга аёосуз чабуул жүрүп жатканы жөнүндө сөз болуп келет. Ошол эле кезде коомчулукта, ишкерлер арасында коррупциянын эч кандай токтобогону, тескерисинче, кайсы бир деңгээлде ирилешкени жөнүндө сөздөр бар. Албетте, биз Transparency International уюмунун рейтингдерин, алардын маалымат булактарын так билүүбүз кыйын. Бирок алардын жылдар бою көптөгөн мамлекеттерди салыштыруу жагынан бирдиктүү тажрыйбанын негизинде түптөлгөн методологиясы бар. Менимче, бул жерде эң эле чоң маселе – бийликтин сөзү бекем, ишенимдүү болсун десек, ал ачык-айкындык менен камсыздалат. Кыргызстанда толгон-токой аракеттер болуп жатат, жоопко тартып, иш козгоп жатышат. Ар кандай уюшкан кылмыштуу топторго каршы чабуул жасалууда. Бирок булардын баары жабык, купуя болууда. Кайсы аракет кайсы мыйзамдын негизинде, кандай өлчөмдө, кандай далилдүү фактылардын негизинде болуп аткандыгы жөнүндө эч кандай маалыматыбыз жок”.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитети да жыл сайын калктын ишеним индексин баалап турат. Анын ичинде жарандардын мамлекетке ишеними, мамлекеттик аткаруу бийлиги менен муниципалдык органдардагы коррупцияны кабылдоо жана алардын ишмердигинин сапатын баалоо тармактары бар. Соңку жылдардагы сурамжылоолордо эң коррупциялашкан мекеме катары Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги, Транспорт министрлиги жана Жаратылыш ресурстары министрлиги аталып келет. Мамлекеттик мекемелердеги коррупция боюнча начар бааны көбүнчө Бишкек шаарынын тургундары берип келет.