Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Кыргыз бажысы: Коррупцияга каршы күрөш көп күчтү, убакытты талап кылат


"Матраимов-Көлбаевге тиешеси бар 100дөн ашык бажычы иштен алынды"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:57 0:00

"Матраимов-Көлбаевге тиешеси бар 100дөн ашык бажычы иштен алынды"

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев Матраимов-Көлбаевге байланышы бар 100дөн ашуун бажычы иштен алынганын “Азаттыкка” айтты.

Мындан тышкары ал бажыдагы коррупция, санариптештирүү, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-сатык, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ачыла турган “Бедел” өткөрмө бекеттери жана андагы аткезчилик боюнча суроолорго жооп берди.

- 2023-жылы Матраимов-Көлбаев мамилеси мафия деп аталып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган мафияга байланышы бар 50 бажычы иштен алынарын айткан. Негизи соңку бир нече жылдан бери Матраимовдун бажыдагы схемасы боюнча көп сөздөр айтылды, журналисттик иликтөөлөр жарыяланды. Азыркы тапта кыргыз бажысы Матраимовдун коррупциялык схемасы жана анын таасиринен толук кутулду деп айтсак болобу?

- Чынын айтканда, мурда болуп келген терс көрүнүштөрдүн айынан Бажы кызматы үчүн толугу менен тазаланган мамлекеттик органдардын катарына кирүү аябай оор болууда. Азыр Бажы кызматында мурдагы схемалар жок. Менин сөздөрүмө биздин мекеме чогулткан каражаттар далил болуп берет.

Жалпысынан алганда, 2023-жылы Матраимов-Көлбаев схемаларына тиешеси бар деп табылган 88 кызматкер иштен кеткен. Ушул жылдын беш айында эле дагы 34 кызматкер кетти. Кээ бирине иш козголду. Алардын айыбы аныкталгандан кийин иштен кетип жатат. Коррупция менен күрөш көп күчтү, убакытты талап кылат экен. Тынымсыз күрөштүн жыйынтыгы менен ушундай чечимдерге келип жатабыз.

- 2023-жылы бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат 111 миллиард сомдон ашты. Быйыл май айындагы көрсөткүч былтыркыдан да көп экени кабарланууда. Бажы төлөмдөрүнөн чогулган каражаттардын жылдан жылга өсүп жатышына эмне себеп болууда? Бул коррупция менен күрөштүн жыйынтыгыбы же орус-украин согушунан кийин Кыргызстан аркылуу кеткен товардын көлөмүнүн өскөнүнөн улам болуудабы?

- Сурооңузга өзүңүз деле жооп берип жатасыз. Сөзсүз түрдө орус-украин согушунун тиешеси болот. Анткени кирип жаткан жүктүн көлөмү да көбөйдү. Бирок пандемияга чейинки товар эң көп кирген 2019-жылы Бажы кызматы бюджетке 37 миллиард сом төккөн экенбиз. 2023-жылдагы 111 миллиард сом бюджетке түшкөн акча. Жалпы бажы тармагы чогулткан акча 140 миллиард сомго жакын. Бул сумманын 30 миллиарддайы ЕАЭБге кеткен. Эгерде ЕАЭБди жалпы бир казан катары ала турган болсок, анда 2020-жылга чейин Кыргызстандын биримдикке салган акчасы, ал жактан алган суммадан дайыма аз болуп келген. Ошол эле 2020-жылы 6 миллиард сомдой салсак, 12 миллиард алып келгенбиз. 2023-жылы ЕАЭБдин жалпы казанына 50 миллиард сомдон ашык түшүрсөк, ал жактан 13 миллиард гана алып жатабыз. Ошондо Бажы кызматынын өткөн жылдагы чогултуусу 140-150 миллиард сомго жакын болду. Бул ошол 2019-жылга салыштырмалуу үч эседен ашык көбөйүп жатат да.

- Быйылкы көрсөткүчтөр, пландар кандай?

- Беш айдын жыйынтыгы менен былтыркыга караганда көбүрөөк. Финансы министрлиги 2024-жылга 117,4 миллиард сом деген план койгон. Азыркы учурда жакшы эле келе жатабыз. Ошол эле учурда былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз маселе бар. Өзүңүздөр билгендей, былтыр Орусияга аябай көп автоунаа кетип жүргөн. Ошол көрсөткүч быйылкы жылы азыраак болгондуктан, анча-мынча маселе бар. Бирок 117 миллиард деген көрсөткүчкө жетүүгө толугу менен аракет кылып жатабыз.

- Бир нече жылдан бери коррупцияны жоюу, товар өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү максатында бажы тармагын санариптештирүүгө аракет жүрүп келет. Бул иштер качан аягына чыгат? Адатта коррупция адамдык фактордон улам болуп жатат деген сөздөр айтылчу эле. Бул система адамдык факторду канчалык жокко чыгара алат?

- Коррупция менен күрөштүн санариптештирүүдөн башка жолун көрбөй турам. Анткени жаңы төрөлгөн балдардан тарта туура тарбия бермейинче, кыйын болсо керек. Анын үстүнө буга көп убакыт талап кылынгандыктан, коррупция менен күрөштүн негизги жолу санариптештирүү деп эсептейм. Бажы кызматы 2022-жылы өзүнүн өнүгүү концепциясын бекитип алган. Андагы негизги максатыбыз - Бажы кызматын көзөмөл кылуучу органдан кызмат көрсөтүүчү мекемеге айлантуу.

“Эркечтам” жана “Достук” өткөрмө бекеттерине “Смарт бажы” системасы толугу менен киргизилди. “Смарт бажы” - өзүнө көп бизнес процесстерди камтыган система. Бул өзүнүн жакшы жыйынтыгын берди.

“Смарт бажы” системабыз Британиянын соода палатасы өткөргөн сынакта алдыңкы төрт орунду ээлеген долбоорлордун катарына кирди.

- Бир гана Кыргызстан үчүн эмес, дүйнөлүк соода жүгүртүүдө чоң роль ойногон Кытай боюнча да сурайын. Май айында кыргыз өкмөтү Кыргызстан менен Кытай биргелешип “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу боюнча талаа иштерин баштаганын кабарлады. Ал качан ишке кирет? “Эркечтам” жана “Торугарт” сыяктуу эле кызмат кылган өткөрмө бекеттердин бири болобу?

- Келечекте ошондой деңгээлге жетүү керек деген максат менен иш жүргүзүлүп жатат. Сентябрь айында ишке берүү максатында эки тарапта тең иштер жүрүп жатат. Ал жактын жолу жүк ташууга ыңгайсыз болгондуктан, чоң каржылык чыгымдар талап кылынат экен. Сентябрь айына жеке жарандар менен жеңил автоунааларды өткөргөн деңгээлге жеткирели деген аракеттер жүрүүдө. Азыркы күндө жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүгө эки тараптын тең даярдыгы жок болууда. 2027-жылга оптимисттик пландарды коюп жатабыз. Ал жерге ЕАЭБдин талаптарына толугу менен жооп берген көзөмөл-өткөрмө пункту курулат. Ага чейин көпүрө, жолдор салынышы керек экен.

- Сентябрь айында ачылганда, сиз айтып жаткандай, жарандар менен жеңил автоунааларды өткөрүү максатын эле көздөйбү? “Бедел” өткөрмө бекети Ысык-Көл жана Нарын облусундагы айрым кендерге байланыштуу ачылып жаткан жокпу?

- Жеке жаран катары кендер менен байланышын көргөн жокмун. Бүгүнкү күндө соода-сатыкты толугу менен жүргүзүү үчүн “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери жаңыланып жатат. Өткөрмө пункттардын көп ачылганы өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзүп берет. Анын жаман жагын көрбөй турам.

- Евразиялык экономикалык биримдик боюнча да сурайын. Биримдиктин негизги принциптеринин бири - эркин товар жүгүртүү. Бирок ага мүчө өлкөлөр ортосунда, өзгөчө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда пикир келишпестик бар. Эки өлкө ортосундагы өткөрмө бекеттеринде бир нече чакырымга созулган кезек пайда болуп калат. Бир биримдикке мүчө эки өлкө эмнеге бир пикирге келе албай жатат?

- Бул маселе дайыма болуп келген. Анткени ар бир өлкө өзүнүн ички мыйзамдары менен кээ бир товарларды жүгүртүүгө көзөмөл жүргүзүүнү киргизип, кээ бир ашыкча көзөмөлдөрүнө ушунун негизинде түшүндүрмө берип жатат. Чынын айтканда, ишкерлер документтеринде көрсөткөндөй болбогон учурлар да кездешип калат экен. Кошуна өлкө өз текшерүүлөрүн “документте көрсөтүлгөн жүк менен ташылып бараткан жүк дал келбеген учурлар болуп жатат” деген түшүндүрмө берип келет. Ошол эле учурда биздин дарекке “Казакстан тараптан чыгып келе жаткан жүктү текшерип жатасыңар” деген сөздөр айтылып калат. Ошого да түшүндүрмө берейин. Бүткүл дүйнөлүк соода-сатык уюмуна киргенде Казакстан 4 миңге жакын товардык позицияларга, аларды ЕАЭБге караганда төмөн төлөмдөрдү төлөп, өз өлкөсүнө иштетүү мүмкүнчүлүгүн алган.

Алар ошол товарларды Казакстандын ичинде эркин жүгүртө алат. Бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууга уруксат жок. Казакстан ал товарларды толук көзөмөлдөө, сыртка чыгарбоо милдетин алган. Аталган товарларды Кыргызстанга түз алып келүүгө караганда Казакстан аркылуу ташуу арзан түшүп атпайбы. Муну айрым таза эмес ишкерлер колдонгон учурлар болуп калат. Ошол 4 миңдей товардык позицияны көзөмөлдөө үчүн иштерди жүргүзүп келебиз. Анткени ишкерлерге да бирдей шарт түзүп беришибиз керек да. Мамлекеттик органдар бардыгына бирдей шарт түзүп бергенге милдеттүүбүз.

- Эми дагы бир коңшу өлкө менен болгон байланыш боюнча да сурайын. 2021-2022-жылдагы чек ара чатагынан кийин Тажикстан менен болгон өткөрмө бекеттер жабык турат. Бул көрүнүш эки өлкө ортосундагы соода-сатыкка кандай таасирин тийгизип жатат? 2023-жылы президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Баткен” бажысында 204 бажы эрежелерин бузуу фактылары аныкталганын кабарлаган. Бул боюнча сиздерде кандай маалымат бар?

- Өткөрмө бекеттери жабылып калгандан кийин товар жүгүртүү токтоп калган. Албетте, бул эми өзүнүн терс таасирин тийгизбей койбойт. Өзүңүз билесиз, ал жерде делимитация, демаркация иштери толугу менен бүтө элек. Көчөнүн бир тарабы Кыргызстан болсо, экинчи жагы Тажикстан. Ошол көчөнү эки өлкөнүн тең жарандары пайдаланат. Өткөрмө пунктары жабык болгону менен, ууру жолдор аркылуу аткезчилик кылган жарандарыбыз жок эмес. Бирок бара-бара алар дагы түшүнүп, азайып баратат. Күрөшүүнү токтоткон жокпуз. Мурдагыдай чоң жүк ташуучу автоунаалар менен эмес, жеңил унааларды аз көлөмдө ташып кирген аракеттер токтой элек. Бирок мурдагыга салыштырмалуу кескин түрдө аз. Ошол эле учурда чоң партия менен жүк ташыгандар азыркы күндө жок.

Матраимовдун империясы куладыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG