Басма сөз эркиндиги
Соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын басма сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөрү чукул начарлады. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Пресса эркиндиги” аттуу рейтингинде Кыргызстан 2023-жылы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашты.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюмдун тизмесинде көрсөткүчтөрү чукул төмөндөгөн өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан 57 позициясын жоготкон Бутандан кийинки эле экинчи сапка чыкты.
“Кыргызстан 122-орунга, Тунис менен Нигериянын ортосуна жайгаштырылды. [Бир жылда] 50 сапка түшүү – Борбор Азиядагы эң начар көрүнүш. Журналисттер иштеген абалга баа берүү үчүн пайдаланылган беш көрсөткүч: саясий, укуктук, экономикалык, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук – баары начарлаган. Кыргызстан буга чейин басма сөз эркиндиги боюнча аймактагы салыштырмалуу оазис деп каралып келген. Бирок журналисттер куугунтукталган мурда болуп көрбөгөндөй кырдаал түзүлгөнүн байкаса болот”, - деп билдирген уюмдун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавелье.
Мындай начарлоодон улам Кыргызстан соңку жылдары жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жагынан тең тайлашып келе аткан Грузиянын жана Армениянын көрсөткүчтөрүнөн кыйла алыстап, тизмеде Борбор Азиядагы башка авторитардык өлкөлөргө жакындады.
3-майда жарык көргөн докладдын авторлору Борбор Азиянын жалпы көрсөткүчтөрү начарлаганын белгилешкен. Алсак, Тажикстан басма сөз эркиндиги “өтө олуттуу” көйгөйлөргө туш болгон мамлекеттердин катарына кошулуп, 153-сапка түштү. Бул рейтингде Казакстан - 134, Өзбекстан - 137, Түркмөнстан - 176-орунда турат.
Жарандык эркиндик, демократиянын абалы
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.
9-мартта жарыяланган баяндамага ылайык, соңку бир жыл ичинде же 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын көрсөткүчү андан мурдагы жылга салыштырмалуу өзгөргөн эмес. Өлкө 100дөн 27 упай гана топтой алган. Салыштыруу үчүн айта кетсек, “эркин” деген Британия 100дөн 93 упай, “жарым жартылай эркин” деген Грузия 58 упай топтогон.
Кыргызстан 2009-жылдан бери Борбор Азиядагы жападан жалгыз “жарым жартылай эркин өлкө” деген макамын сактап келип, 2021-жылы “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Андан бери бул тизмеден чыга албай келет.
“Биздин баяндамабыздын тыянагына ылайык, буга элдин саясий укуктарындагы артка чегинүүлөр себеп болуп жатат. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо ири нааразылыкка жана президент Жапаровдун бийликке келишине жол ачканын көрдүк. Булар толук демократиялык жол менен, ачык-айкын жана калыс шайлоо жолу менен ишке ашкан жок. Жапаров башында турган бийликтин элдин саясий укуктарын көз жаздымда калтырышы Кыргызстандын эркин жана адилет өлкө деген көрсөткүчтөрүн төмөндөтүп койду. Мындай жагдай өлкөнүн өзүндөгү элге таасирин тийгизет. Алар бийлигин ээн-эркин, ачык-айкын тандай албай калышат”, - деп билдирген эле Freedom House уюмунун Европа жана Евразия чөлкөмү боюнча улук изилдөөчүсү Майкл Смельцер.
Freedom House уюму дүйнөнүн 210 өлкөсүндөгү саясий укуктардын сакталышына жана жарандык эркиндиктин абалына көз салып келет. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул уюмдун “Интернет эркиндиги-2023” аттуу баяндамасында Кыргызстандын интернет тармагы “жарым жартылай эркин” деген статуска ээ болгон.
Коррупциянын абалы
Transparency International эл аралык уюму “Коррупцияны кабылдоо индексин” 2023-жылдын январында жарыялаган. Анда 2022-жыл ичинде дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүндөгү жемкорлуктун абалы талданган.
Ал индекске ылайык, Кыргызстан бир жыл мурдагыдай эле жалпы 100 баллдан 27 упай гана топтоп, 140-орунга жайгашты жана пост-советтик чөлкөмдөгү жемкорлук кеңири жайылган өлкөлөрдүн бири болуп калды.
Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн жалпы тизмеде ээлеген орду маанилүү эмес экенин, рейтингдеги башкы көрсөткүч упай болорун белгилеген.
Аталган уюм баяндамасында расмий Бишкектин автократияга ыктаганын эскерткен.
“Кыргызстан региондо көрсөткүчү эң начар өлкөлөрдүн арасында. Эгер буга чейин коңшуларынын арасында демократиялык жактан өзгөчөлөнүп турган болсо, эми өлкө автократияга ыктады. Бийликтеги тең салмактуулук жана ооздуктоо системасынын алсызданганы өз бийлигинен кыянат пайдалануу жана жоопко тартылбай калуу көрүнүшүн барган сайын оңойлоштура берет. Эң жаманы, өткөн жылы өкмөт сөз эркиндигин жана жарандык коомду чектеп, коңшу Өзбекстандын өкмөтү менен түзгөн коомчулукка ачык жарыяланбаган келишимге каршы чыккандарды камап, ошол маалда интернетти жарым-жартылай өчүрдү", - деп айтылат уюмдун баяндамасында.
Мурдагы советтик республикалардын ичинен Тажикстан (150-орун, 24 упай) менен Түркмөнстандын (167-орун, 19 упай) көрсөткүчтөрү гана Кыргызстандын рейтингинен начарыраак. Казакстан (101-орун, 36 упай) менен Өзбекстан (126-орун, 31 упай) коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстандан бир топ баскычка алдыда турат.
“Коррупцияны кабылдоо индексинде” Кыргызстандын эң жакшы көрсөткүчү 2020-жылы катталган. Анда өлкө 100 упайдан 31 упай топтоп, 124-орунга көтөрүлгөн болчу.
Экономикада жылыш бар
Өкмөт 2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 1 триллион сомдон же 12 миллиард доллардан ашканын билдирди. Соңку бир жылдагы мындай көрсөткүчтөр Дүйнөлүк банктын статистикасына кошула элек.
Бул эл аралык финансылык институттун 2022-жылдагы статистикасына ылайык, Кыргызстан (11 млрд 544 млн доллар) ички дүң продукциянын көлөмү боюнча ушул тапта дүйнөдөгү 200дөн ашуун өлкөнүн ичинен 147-орунда турат. Бул эки жыл мурдагыга караганда Кыргызстандын көрсөткүчү төрт баскычка жакшырганын билдирет.
2020-жылы Кыргызстан (7 млрд 735 млн доллар) ички дүң продукциянын жалпы көлөмү боюнча 152-орунга же мурдагы советтик республикалардын ичинен эң акыркы катарга түшкөн. Буга коронавирус пандемиясынын кесепети да таасирин тийгизген.
Узак жылдан бери постсоветтик алкакта экономикасы эң начар деп мүнөздөлүп келген Тажикстан 2020-жылы Кыргызстандан эки баскычка алдыга чыккан эле.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан Тажикстанды (148-орун) бир баскычка артка калтырды. Дүйнөлүк банктын бул тизмесинде Казакстан 54-орунда, Өзбекстан 72-орунда, Түркмөнстан 92-орунда турат.
Дүйнөлүк банктын дагы бир эсеби боюнча, Кыргызстан ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү жагынан да соңку 2-3 жылдын ичинде көрсөткүчтөрүн жакшыртканын байкаса болот. Маселен, 2020-жылы Кыргызстан ИДПнын жан башына үлүшү боюнча 200дөн ашуун өлкөнүн ичинен 183-орунда ($ 1173) турса, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 176-орунга ($ 1606) көтөрүлдү.
Кыргызстандын бир жылдык ички дүң жыйымын жалпы калктын санына бөлсөк, ар бир кыргыз жаранына 1606 доллардан тиет. Бул жагынан мурдагы советтик республикалардын ичинен Тажикстан гана Кыргызстандан артта турат. Салыштыруу иретинде айтсак, Казакстандын көрсөткүчү Кыргызстандан кеминде жети эсе көп.
Дүйнөлүк банктын бул статистикасына да 2023-жылдагы көрсөткүчтөр кошула элек.
Кыргызстандыктар канчалык бактылуу?
Бир нече эл аралык уюмдардын колдоосу менен көз карандысыз эксперттер түзүп чыккан “Бактылуулук индексинде” Кыргызстандын ээлеген орду бир нече баскычка жакшырганы менен, топтогон упайында билинер-билинбес төмөндөө бар. Маселен, 2023-жылдын март айында жарыяланган баяндамада Кыргызстан 137 өлкөнүн ичинен 62-орунду (упай: 5,825) ээледи.
2022-жылы Кыргызстан бул индексте 146 өлкөнүн ичинен 64-орунга (упай: 5,828), 2021-жылы 149-өлкөнүн ичинен 67-орунга (упай: 5,7) чыккан.
Бул тизмеде Казакстан 44-орунда (упай: 6,1), Өзбекстан 54-орунда (упай: 6), Орусия 70-орунда (упай: 5,6), Тажикстан 80-орунда (упай: 5,3), Украина 92-орунда турат. Тизмеге Түркмөнстан кошулган эмес.
Бул индексте жарандарга түзүлгөн шарт, коомдогу теңчилик, кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү, укуктардын жана мыйзам үстөмдүгүн сакталышы сыяктуу бир нече жагдайлар эске алынат.
Бийликтин жүйөсү
Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Кыргызстанда демократиялык көрсөткүчтөр төмөндөгөнү, жарандык укуктар чектелип жатканы, басма сөз эркиндиги начарлаганы тууралуу эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүн четке кагып келишет.
Президент Садыр Жапаров 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата тараткан кайрылуусунда журналисттердин жоопкерчилигин эскерткен.
Ушундай эле ойду Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында айткан.
"Бизде сөз эркиндиги бар болгону менен, жоопкерчилик жагы өкүнүчтүү. Жалган, такталбаган маалыматтарды таратуу учурлары катталып келет. Биз мындан арыла албай жатабыз. Мен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп келем. Алар өз өлкөлөрүндө фейк маалыматтарга каршы катаал чаралар бар экенин айтып калышат. Биз да жоопкерчиликке маани беришибиз керек", - деп айткан Шакиев октябрь айында.
Коррупциянын абалы боюнча эл аралык рейтингде Кыргызстандын көрсөткүчү пост-советтик алкакта начар деп эсептелгенине карабастан, кыргыз бийлиги жемкорлукка каршы күрөш натыйжалуу жүрүп жатат деп ишендирип келет.
Ноябрь айында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын “Фейсбуктагы” барагына жазган.
“Коррупциянын тамырын 100% кыркып бүтө элек болсок дагы, 90% жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары “тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен” деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок. Тескерисинче, тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз”, - деп билдирген Жапаров.
Ал өлкөдө коррупциянын 90% жоюлганы тууралуу кайсы көрсөткүчтөргө негиздеп жазганын тактаган эмес.
Сурамжылоо жана элдин пикири
Май айында АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) өлкөдөгү саясий кырдаал, кыргызстандыктарды түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анда “Коррупция Кыргызстан үчүн чоң көйгөйбү?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 65% “ооба” деп жооп берген. 56% бийлик коррупция каршы күрөшүүдө жетиштүү аракет кылбай жатканын айткан.
Ошол эле маалда сурамжылоого катышкан 1500дөй адамдын 78 пайызы “Өлкөдөгү абал туура же туура эмес багытта өзгөрүп жатабы?” деген суроого “туура багытта” деп жооп беришкен. 2022-жылдын апрель айындагы сурамжылоонун жыйынтыгында бул көрсөткүч 85 пайызды түзүп турган.
Эл аралык уюмдун сурамжылоосуна катышкандардын 15 пайызы Кыргызстанда экономикалык абал “кыйла оңолгонун”, 50 пайызы “кандайдыр бир деңгээлде оңолгонун”, 19 пайызы “ошол бойдон калганын”, 9 пайызы “кандайдыр бир деңгээлде начарлаганын”, 4 пайызы “абдан начарлаганын” айтышкан. 2022-жылдын апрель айына салыштырмалуу Кыргызстанда экономикалык абал “кыйла оңолгонун” айткандар 4 пайызга, “кандайдыр бир деңгээлде оңолду” деп эсептегендер 6 пайызга көбөйгөн.
Сурамжылоого ылайык, Кыргызстанда жумушсуздук (29%) баалардын өсүшү (28%) жана коррупция (14 пайызы) негизги көйгөйлөрдүн башкы сабында кала берүүдө.
Сурамжылоого катышкандардын көбү же 37 пайызы “коом акырындык менен реформаларга муктаж” экенин айтышса, 15 пайызы өлкөдө демократиянын өнүгүүсүнө “абдан канааттанарын”, 55 пайызы “кайсы бир деңгээлде канаттанаарын”, 25 пайызга чукулу “канааттанбай турганын” айтышкан.