Кан төгүүгө чекит коюу аракеттерине карабай Израилдин армиясы Газада соккуларын улантып, 15-январда кеминде 10 киши каза тапканы кабарланды.
15 айлык наристе Масса Закут 2023-жылы 7-октябрда Газанын Бейит Лахья шаарында төрөлгөн. Дал ошол күнү Палестинанын анклавында башталган согуш басылбай келатат.
Кыздын ата-энеси башка газалыктардай эле бир нече жолу жер которууга аргасыз болуп, тамак-аш, дары-дармек тартыштыгынан жапа чегүүдө. Закуттун үй-бүлөсү ушу тапта Дейр ал-Балахта качкындар лагериндеги чатырда жашайт.
Энеси Рола беш жыл балалуу боло албай жүрүшкөнүн, толгоосу келгенде бомбаларга карабай күйөөсү менен ооруканага жөнөшкөнүн айтып берди:
"Жарашууну, коопсуз жана туруктуу жашоого кайтарыбызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ооба, Газанын түндүгүндөгү үйлөрүбүз кыйрады, бирок жок дегенде эч ким бомбалабай, аткылабай, согуш учактары асманыбыздан учпай калса экен".
Роладай болуп Израил менен ХАМАСтын Катардын борборунда өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жүз миңдеген палестиналыктар үмүт артып жатат.
Алардын бири, Хан Юнистен жер которгон Рами Абу Шера AP агенттигинин кабарчысына буларды айтты:
"Бир да адам өлбөгөн, жаракат албаган же жер которууга мажбур болбогон учурду күтүп жатабыз. Жетишет, согуштан чарчап-чаалыктык, күчүбүз калган жок, азап-тозокту мындан ары көтөрө албайбыз. Жашообуз бүлгүнгө кабылды. Дүйнөдөгү башка жөнөкөй адамдардай болуп эле жашагыбыз келет, андан көптү деле каалаган жокпуз".
Шейшембиде Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажед бин Мохаммед Ал Ансари ок атууну токтотуу келишимине "эң жакынкы арада" жетишүү мүмкүн экенин билдирди. Маалыматка караганда, долбоордун соңку варианты тараптарга берилди. Бирок алардын келишим шарттарына макул болуп-болбогону так айтыла элек.
Катар, Египет жана АКШ арачы түшкөн сүйлөшүүлөрдүн бул жолку айлампасы 3-январда Дохада башталган. Согушка чекит коюп, барымтадагыларды бошотуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.
АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун жоочулары 2023-жылы 7-октябрда Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200 киши өлгөн, 250дөн ашуун киши туткунга алынган. Барымтадагылардын жарымынан көбү ошондон бери каза тапкан же бошотулган.
Жакындары хамасчылардын колунда кала берген израилдиктер да тынчтык келишими кабыл алынса аталары, энелери же балдары үйүнө кайтат деп үмүттөнүшөт:
"Азыр абдан коркуп турам. Себеби келишимге кол коюла элек. Израил жана ХАМАС биротоло бекитишин күтүп жатам. Мүнөт өткөн сайын айнып кетишет, баш тартышат деп корком. Ошентсе да мунасага келишет деп үмүттөнөм", - дейт жээни барымтада кармалып жаткан Яир Кешет.
Долбоор боюнча биринчи этапта 33 кишини, биринчи кезекте балдарды, кары-картаңдарды бошотуу каралган.
Кан төгүүнү токтотуу аракеттери жүрүп жатканы менен Израилдин армиясы Газага соккуларын улантууда. Шейшембиде Дейр ал-Балах шаарында бери дегенде 10 киши мүрт кеткенин, бир нечеси жараланганын жергиликтүү дарыгерлер билдиришти.
ХАМАС башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери каза тапкандардын саны 46 миң 700дөн ашты.
15-январда акыркы 24 саатта анклавдагы 50 бутага сокку урулганын Израилдин ички чалгын кызматы – Шин Бет расмий кабарлады.
Израил армиясы - ЦАХАЛ адатта согушкерлердин жайларын бутага алганын, алар карапайым адамдарды калкан кылып пайдаланарын айтып келет.
Ал арада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ок атуу токтосо ачарчылыктын кырында турган, гуманитардык каатчылык тооруган Газага жардам жеткирүүгө даярдык көрүп жатат. Ошентсе да чек аралардан өтүү жана коопсуздукту камсыздоо маселелери бүдөмүк бойдон кала берүүдө.
Шерине