17-январда эртең менен Израилдин соккусуна кабылган Газанын Хан-Юнис аймагындагы Насер ооруканасында соккудан улам жакындарын жоготкон палестиндер чогулуп, аза күтүштү.
Мунун баарына күбө болгон жергиликтүү тургун Жома Абед ал-Аал элдин жашоосу тозокко айланганын айтты:
"Биз кудайдан эртерээк эки тарап элдешсе деп суранып жатабыз. Анткени адамдар өлүм тооруган мындай жашоодон тажап кетти. Элдин психологиялык, социалдык, экономикалык абалын, балдардын абалын эске алганда, биздин жашоо адам чыдагыс, тозокко айланды. Чынын айтсак, биз азап чегип жашап жатабыз".
Газа тилкесинде Израилдин аскердик учактары абадан сокку урууну улантууда. Аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы 17-январдын таңында билдиргендей, тараптар ортосундагы элдешүү жараяны жарыялангандан кийин жасалган чабуулдардан кеминде 101 кишинин өмүрү кыйылды. Арасында жаш балдар жана аялдар бар.
17-январда Израилдин министрлер кабинети Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) менен макулдашууну жактыруу үчүн чогулганы кабарланды. Израилдин өкмөтү ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну жактырууга бейшембиде эле чогулмак.
Ал күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС менен "соңку мүнөттөрдө жаралган пикир келишпестик" макулдашууну толук бекитүүгө тоскоолдук жаратканын билдирген. Ошондой эле Нетаньяхунун кеңсеси ХАМАС барымтадагылардын алгачкыларын жекшемби күнү бошотот деп кошумчалаган.
Айрым маалымат каражаттары Нетаньяхунун жардамчыларына таянып жазгандай, ок атышууну токтотуу буга чейин айтылгандай 19-январда эмес, 20-январда күчүнө кириши мүмкүн.
ХАМАС радикал уюмунун өкүлдөрү арачы өлкөлөр жарыялаган макулдашуунун бардык жол-жоболорун аткарууга даяр экенин айтышкан.
Ал тапта бир күн мурун Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ок атышпоо макулдашуусуна карабастан Израил Газа тилкесине кол салууларын улантып жатканына тынчсыздануусун айтып, эми Газа тилкесин калыбына келтирүү ишин баштоо керектигин билдирди:
"Өткөн түнү Газанын көчөлөрүн арбаган кубаныч, шыктануу жана сыймыктануу анын элинин майтарылбас ишениминин жана баатырдыгынын натыйжасы. Эми алдыбызда Газа тилкесиндеги Израилдин соккуларынан кийинки калыбына келтирүү жана аймакка гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз жеткирүү сыяктуу абдан маанилүү милдеттер турат".
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык коомчулукту Израил менен ХАМАС ок атышпоо макулдашуусуна жетишкенден кийин Газа тилкесине массалык гуманитардык жардамды каржылоого чакырды.
Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен макулдашуу боюнча жылыш жекшемби күнү байкаларын айтты.
"Ок атышпоо макулдашуусуна келсек, аны ишке ашыруу, биз буга чейин айткандай, жекшембиде башталат. Ушунчалык оор жана татаал болгон сүйлөшүүлөр акырындап жыйынтыкталып баратканы таң калычтуу эмес. Биз аны аягына чыгарабыз деп ойлойбуз. Кандай болгон учурда да мен эртеден бери Бретт Макгерк менен, биздин катарлык досторубуз менен телефондон сүйлөшүп жатам. Иш алдыга жылганына жана макулдашуу аткарыла баштаганына жекшемби күнү күбө болорубузга абдан ишенем".
Эки тарап ок атышууну токтотуу боюнча мунасага жетишкенин 15-январда АКШнын президенти Жо Байден жарыялаган. Ал үч баскыч менен ишке ашары айтылган.
Алты аптага созула турган биринчи фазасында ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы бир катар туткундар бошотулуп, Израилдин абагындагы айрым палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйүнө кайтышына, тилкеге гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жо Байдендин айтымында, экинчи этапта Израил менен ХАМАСтын ортосунда согушту биротоло токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат, Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу макулдашууга айланат.
Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөгү үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.
Газадагы согушка ХАМАСтын 2023-жылдын күзүндө Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда 1200дөй кишинин өмүрү кыйылап, 250дөй адамды согушкерлер барымтага алып кетишкен.
Шерине