Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

"Энесин күткөн балдар томсорду". Ажал тооруган төрөт


Быйыл эки айда төрт эне төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Расмий маалыматтарга таянсак, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон.

Өлкөдө 2009-жылы 102 эне төрөттөн көз жуумп, постсоветтик аймакта Кыргызстандагы акыбал эң начар болгон. Ошондон кийин бул маселе курч коюлуп, көңүл бурула баштаган. Андан бери төрөттөн көз жумгандардын саны салыштырмалуу азайганы менен, соңку эки айда эле төрт жолу катталган кайгылуу окуя кайрадан бул көйгөйдү козгоду.

"Сегизди төрөптүр, муну деле өзү төрөйт деп коюшту"

"Дарыгерлер менен сүйлөшчү, кыйналып кеттим..." - бул 36 жаштагы Гүлмира Мамбетованын туугандарына жазган акыркы каты.

Ай-күнүнө жетип, 10-февралда эртең менен эти ооруганда төрөт үйүнө өзү келип, ымыркайын кучактап чыгам деген Гүлмираны туугандары ошол бойдон көрө алышкан эмес. Маркум тогузунчу баласын төрөгөндөн кийин, 11-февралда кечки саат бештерде абалы оорлоп кеткен.

Маркумдун жолдошу Тынчтыкбек Өмүрзаков төрөт үйүндө жубайы катуу кыйналып, каралбай калган деп эсептейт:

"Биз барганда толгоо бышпай жатат, эки сааттан кийин карайбыз деп улам жылдырып жатышты. Кеч кирип, убакыт создугуп, кыйналып кетти, кесарево кылгыла, биз макулбуз деп бир туугандары, апасы жана мен улам санитарка аркылуу айттырып жаттык. Бир дагы дарыгер чыгып "кызыңар ушинтип жатат, абалы мындай" деп маалымат берген жок. Сегизди төрөптүр, тогузунчусун деле төрөйт деп толгоонун дарыларын улам күчтөп сайып жатышты. Ошентип, улам убакытты жылдырып отуруп түнкү саат 12 болду. Убакыт уябай чоюлуп кетти, бирөөбүздү киргизгиле десек, санитарка киргизе албайм, сиздерге маалымат бере албайм деди. Түнкү саат 3:30 - 4түн ортосунда медайым чуркап чыгып, келинчегиңизди операционныйга алып киргени жатабыз деди. Менин келинчегиме чейин эки келинди операция жолу менен төрөтүшкөн. Ошондон кийин балаңыз, келинчегиңиз деле жакшы, бир аз кан токтобой жатат деди. Мага жазып берген дарылардын бардыгын таап, кан да алып келип берип жаттык".

Операциядан кийин 11-февралда таңга маал Гүлмиранын абалы начарлап, Бишкектен дарыгерлер чакырылган. Түшкө жуук гана жакындарына медайым чыгып, ымыркайдын абалы жакшы экенин, келин наркоздон чыга элегин айтып кеткен.

Тынчтыкбек Өмүрзаков, маркум Гүлмиранын жолдошу.
Тынчтыкбек Өмүрзаков, маркум Гүлмиранын жолдошу.

"Төрттөн өткөндө чалып калышты. Дары-дармек жазып берсе керек деп сүйүнүп кеттим. Келсем, бирөө тосуп алып, "балаңызды, келинчегиңизди көрдүңүзбү?" деп сурады. Алгач баламды көрсөтүштү, аны өөп-жыттап кубанып чыктым. Келинчегимди көздөй узун коридор менен бараттым. Алар өлгөн кишини эле аман деп мени ишендирүүгө аракет кылышкан экен. Бирөө эки колу менен башын кармап, бетин нары буруп жатты. Мага дароо эле көрүндү, бир капталы көгөрүп кетиптир. Ошондо эле туугандарга болбой калыптыр деп чалдым... Бул убакка чейин келинчегим өз күчү менен эле төрөгөн. Ошол жерде бизге баланын башы коондой болуп чыкты деп айткан. Демек, келинчегим дарынын күчү менен эле төрөгөн. Мен айнектен карап турганда толгоонун дарысын күчөтүп жатабыз деп айтышканын уккам да. Айнектен карап турганда 7-8 жолу ийне сайышкан, ошонун күчү менен гана төрөгөн", - деди жолдошу Тынчтыкбек.

Маркумдун туугандары келин кесарево болгонго чейин эле толгоону чакырган дарынын күчү менен төрөгөн деп шек санап жатышат. Апасы Гүлнара Мамбетованын айтымында, кызы кыйналгандан колу-буту иштебей калганын айткан экен:

"Апа, мени саат үчкө барасың, бешке барасың деген эле, беште деле төрөбөй жатам деди. Кыйналып жатыптыр, операция кылып эле алып койбойсуңарбы десе, "толгоонуку да, толгоо ошондой болот" деп жоошутуп коюшту. Биз дарыгерге ишенип отурдук да. Бирок бизге санитаркалар эле ошентип айтып жатты. Аябай кыйналып жатканда "колу-бутум иштебей калды" деп жазган экен. Ошол учурда дагы бизди жалдыратып киргизбей койду. Саат үчтө дарыгер чыгып, "бала төрөлө элек, өзү ыйына албай жатат, азыр баланы кесарево менен алабыз" деди. Бизге көрсөткөн жок да. Чын эле кесарево кылдыбы же өзү төрөп койдубу, биз эч нерсени билбейбиз. Бул жагы бизге табышмак болуп жатат. Баланын башы шишик, кыпчылып калган деп атышпайбы. Ошого караганда өзү эле төрөгөн. Ошондон кийин кан токтобой калган... Бейажал өлүп калды кызым... Эртерээк эле операция кылып койсо болмок. Көп эле келиндер өлүп атат, чынында... Кызым кыйналып, креслодо онтоп жатканын тартып бирөө жибериптир. "Кызыңар ыйынбай эркелеп жатат" деп дагы бир сүрөтүн жибериптир. Эмнеге эркелейт, кыйналып жатса, кайдан эркелейт?! Акыбалы оор, алы жок да".

Гүлмира Мамбетова.
Гүлмира Мамбетова.

Гүлмира Мамбетова 36 жашта болгон. Токтогулдан Бишкекке былтыр декабрда көчүп келишкен. Ошол убакка чейин айылдагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, каттоодо турган. 17 жашында турмушка чыккан Гүлмиранын артында жети уул, эки кызы калды. Балдардын улуусу 18 жашта болсо, кичүүсү 11-февралда төрөлгөн ымыркай.

"Анын мага кылган жакшылыктарын, мамилесин айтып түгөтө албайм. Шаарга экөөбүз кеңешип, жакшы максаттар менен келгенбиз. Улуу балам менен кызым шаарда болгондуктан, баш-көз бололу, айылда жумуш деле жок деп келгенбиз. Экөөбүз баш кошкондо эле бир бурчта жатабыз, балдарыбыз босогого чейин жетсин деп тилек кылганбыз. Эми балдардын ысык чайын ичип, сыйын көрө турган учурда ушундай болуп жатпайбы...", - деп жашыды жолдошу.

Гүлмиранын өлүмүнөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, Жайыл аймактык ооруканасында уюштуруу иштери талапка ылайык жүрбөгөнүн аныктаган.

Натыйжада оорукананын башкы дарыгери, анын орун басары жана төрөт бөлүмүнүн башчысы, башкы медайым жумуштан алынганын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева белгиледи:

Раиса Асылбашева.
Раиса Асылбашева.

"Тогузунчу төрөт, тогузунчу кош бойлуулук болуп жаткандыктан биз дагы эмне себептен убагында жасалган эмес деген маселени коюп жатабыз. Бирок активдүү фаза менен келгенде төрөт жакшы эле болуп жаткан, мезгили келгенде абалы оорлошуп кетти. Учурда тергөө органдары дагы өздөрүнүн ишин алып барып жатат. Алар дагы юридикалык баасын берсе, ошого жараша дагы чаралар көрүлөт. Уюштуруу иштери так аткарылбагандыктан, оорукананын администрациясына чара көрдүк, төрөт үйүнүн бөлүм башчысы жумуштан четтетилди. Баланы оперативдүү жол менен алып жаткан мезгилде энеси кансырап калды. Мунун өзүнүн деңгээлдери бар. Ошол себептен дарыгерлер канчалык аракет кылганы менен, жардам бере алышкан жок. Санитардык авиация менен дарыгерлер барган, бирок алардын аракетинен дагы майнап чыкпай калды. Төрөт учурунда ар кандай кырдаал болуп кетет, кансыроону токтото алган жокпуз".

Текшерүү учурунда бейтаптын жакындары ооруканада бар, акысыз берилчү дарыларды дарыканадан сатып алган учур аныкталган. Мындан сырткары дарыгерлерди Бишкектен алып барганга кеткен бензиндин акчасын дагы маркумдун жакындары төлөгөнү белгилүү болду.

Төрөттөн каза болгон келиндин жакындары дарыгерлерге карата чара көрүүнү өтүнүп, Жайыл райондук милициясына арыз жазган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

"Мээрим эгиз балдарын күрөшчү кылууну кыялданчу"

"Кыялдары көп болчу. Биз уул экенин билгенден кийин Акжол, Жоламандай күрөшчү кылабыз, күчтүү спортчу болот, мен балдарымды коштоп барам деп сүйлөшкөнбүз, ушинтип кыялданып жатканбыз".

Тыныбек Керимбай уулу 22 жаштагы келинчеги Мээримай Ташболотова кыялына жетпей калганын айтып жашыды. Ал 11-январь күнү кош бойлуулуктун 34-жумасында өзү көрүнүп жүргөн гинекологдун сунушу менен №2 төрөт үйүнө келип, ошол жерден дароо эле жаткырылган экен.

Ага преэкламсия же заарадан белоктун чыгышы, кан басымынын жогору болушу себеп болгону айтылууда. Бул анын биринчи төрөтү эле.

Тыныбек Керимбай уулу жана Мээримай Ташболотова.
Тыныбек Керимбай уулу жана Мээримай Ташболотова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылгандай, абалы оорлоп баратканына байланыштуу келинге кесарево операциясы жасалган. Жубайлар эгиз уулду болушкан. Төрөттүн төртүнчү күнү дегенде Мээримайдын абалы начарлап, дарыгерлер жаш энени сактап кала алышкан эмес.

"Кесареводон кийин Мээримай өзүн жакшы эле сезип жаткан. Кийин дарыгерлер акыркы жолукканда деле баары жакшы болчу деп айтышты. Ал жолугушууга Мээримайдын ата-энеси дагы катышкан. Жүрөгү деле жакшы эле согуп жаткан деди. Нөөмөттөгү эже да жакшы эле болчу деди. Мээримай акыркы күнү кечки саат 5терде бир дары жөнөткөн, аны издеп таппай койгом. Анын ордуна башка дары бар экен ушул болобу дарыгерден сурап көрчү дедим. Жекшемби күн эле. "Дарыгер жок экен, бүгүн келген эмес окшойт" деп жазды. Мен деле жаман ойдо болгон жокмун. Кийин нөөмөттөгү дарыгер "мен Мээримайдын жанында болчумун" деп айтып жатат. Дем жетпей жатат дегенде эле чуркап бардым дейт. Чын эле ал жанында болдубу, жокпу - далил жок. Бул жерде дарыгер Мээримай өзүн жаман сезип жатканда убагында келбей кечирээк келип калган...", - деди жолдошу Тыныбек.

Саламаттык сактоо министрлиги бул учур боюнча дагы комиссия түзгөн. Өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн медициналык экспертиза дайындалды. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек экенин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева белгиледи:

"Биринчиден, ал дарыгердин көзөмөлүндө турган, 2-төрөт үйүнө преэкламсия менен, оор абалда келген. Түйүлдүктүн өсүүсүндө өзгөрүү болгон (фетоплацентарная недостаточность (ФПН). Кош бойлуунун төрөтү деле жакшы болду. Бирок төрөттөн кийин төртүнчү суткада ушул учур катталып жатат. Ал жактан деле биз экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошонун жыйынтыгы жок, биздин дагы жумуш токтоп турат. Бирок биз экстрагениталдык оорунун болушу дагы себеп болгон деп айтып жатабыз. Анткени келинге жардам берилип жатканда дарыгерлер эхокардиограмма жасаганга аракет кылышты. Ошондо жүрөгүнөн кемтиги бар экенин табышты. Келин, балким, өзүнүн оорусун билчү эмес. Бирок эхокардиограмма ушундай жыйынтык чыгарды. Муну толугу менен экспертизанын корутундусу менен айта алабыз".

Жубайлар былтыр май айында баш кошкон. Бул убакыт аралыгында ден соолугуна даттанган учур болгон эмес дейт жолдошу. Анын жүрөк оорусу бар экени кош бойлуу кезинде, дарыгерге көрүнгөн учурда дагы айтылган эмес.

Тыныбек Керимбай уулу жана Мээримай Ташболотова.
Тыныбек Керимбай уулу жана Мээримай Ташболотова.

"Мээрим ооручу эмес. Мисалы, кош бойлуу кезинде көрүнгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баарын текшеребиз деп айтып жатышпайбы. ЭКГ текшердик, жакшы болчу дейт. Ошолорду дагы текшериш керек. Бир жолу чогуу барганда кирсем, алардын жумушу көп, сеники жакшы деп эле өткөрө берет экен. Бул ден соолук маселеси да, башка жумуш болсо дагы бир жөн. Дем алганың жакшы эмес деп жакшылап текшерип, аныкташ керек да. Биринчи орунда ошолордун дагы жоопкерчилигин караш керек. Экинчиден, төрөтканадагы дарыгер далилдеп берсин ошол жерде болгонун. Мен дарыгерлерден эле көрүп калдым, убагында жардам беришкен эмес. Жүрөгүндө тромб болгон дейт, андай болгондо деле алдын ала төрөгөнгө болбойт же текшертели деп айтыш керек эле да. Баары жакшы дешкен, мен дарыгерлерге ишенгем", - дейт Тыныбек.

Биз Мээримай каттоодо турган Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна баш багып, келиндин ден соолугу тууралуу маалымат алууга аракет кылдык. Мээримди караган дарыгер Аделя Дыйканова саламаттыгында шек жараткан жагдайлар, жүрөгүн текшертүүгө зарылчылык болбогонун гана айтып, башка маалымат берген жок. Мекеменин директору учурда тергөө жүрүп жатканын жүйө келтирип "Азаттыкка" сүйлөп берүүдөн баш тартты.

"Менин иликтөөм аягына чыгабы же чыкпайбы билбейм. Жаңы үйлөнгөндөргө жакшы сабак болсун, мага окшоп ыйлап калбасын, мага окшоп жаштык кылып өкүнүп калбасын деп гана чыгып жатам... Дарыгерди кайра-кайра сурап, такалап туруш керек экен. Башка келгенде анан чоң сабак болот экен. Дарыгерлер өзүнүн ишине жоопкерчиликтүү караса, ошол эле... Адам өмүрү баарынан кымбат, өтө көңүл коюп, жоопкерчилик менен караш керек. Айтарым ошол эле..." - деди маркумдун жолдошу Тыныбек.

Ал эми Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Рыскүл Асакеева маркум Мээримай Ташболотова орто оор абалда келип түшкөнүн айтууда:

Рыскүл Асакеева.
Рыскүл Асакеева.

"34-жумасында преэкламсиянын оор даражасы деп бизге келет. Кабыл алуу бөлүмүндө консилиум кылып, жандандыруу бөлүмүнө которулат. Заарасында 3 гр ашык белок, кан басымы 160/100 болуп, денесинде шишик менен орто оор абалда келген. Биз мындай абалда келген аялдарды дайыма көзөмөлгө алып, байкоо жүргүзүп турабыз. Кан басымын түшүргөнгө дагы дарылар берилет, тамчылатма дагы сайылат. Эртеси консилиум менен көрүлүп, баласынын жүрөгү начар экенин эске алып, кесарево операциясы менен эрте төрөтүунү чечкенбиз. Каза болор күнү жолдошу менен сүйлөшүп, балдарына барып, сүтүн саап жакшы жүрүп эле 21:47де абалы бат өзгөрүп кеткен. Нөөмөттөгү дарыгерлер менен биз дагы чакырылдык, консилиум кылып приэкламсиянын оор даражасынан улам абалы начарлап, аракетибиз текке кетти. 15-январда түнкү 12:30да каза болду. Мээримайдын кыйналып жатканын акушерка менен медайым көргөн. Төрөт бөлүмү жакын, нөөмөттөгү дарыгер алгачкы учурларда эле жанында болду. Ошол учурда болгон нөөмөттөгү бригаданын бардыгы жанында болду. Башкы дарыгер дагы келди. Болгон аракетти көрдүк".

Жаш жубайлар чүрпөлөргө сунушталган аттарды тизмектеп, бирок бир пикирге келе элек болчу. Эми балдардын атын Мээримайдан калган белек болсун деп Белек жана Тилек деген ысым беришти.

Эне өлүмүнүн негизи себептери:

  • экстрагениталдык оорулар;
  • гипертензиялык бузулуулар;
  • төрөттөн кийинки кансыроо;
  • сепсис, төрөгөндөн кийин жатын көңдөйүнүн ириңдеши.


"Преэкламсия жылдан жылга көбөйүп баратат. Мындан 15-20 жыл мурда күнүнө бира аял келсе, азыр күнүнө 6-10го чейин аял келет. Бул абдан кооптуу көрсөткүч. Демек биздин аялдардын ден соолук индекси төмөндөп жатат. Бул бала чагынан, өспүрүм учурунда алдын алуу чаралары көрүлбөгөндүктөн, тамак-ашты чени менен жебегендиктен болот. Дем алган абага да байланыштуу. Каны аз, башы ооруган, абалы оор болуп келгендер көбөйдү", - деди Рыскүл Асакеев.


Таласта дарыгерлер энени дагы, курсактагы ымыркайды дагы сактап кала алышпады

Ушул тапта Талас райондук милициясы 21 жаштагы Таңгүлү Эрматованын өлүмүн иликтеп жатат. Келин Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө 3-январь күнү каза тапкан. Бул күнү ооруканадан айы-күнү жетип, толгоосу бышып кирген келиндин сөөгү чыккан. Ал тогуз ай бели сыздап көтөргөн ымыркайынын ыңаалаганын укпай кете берген.

Маркумдун жолдошу Эламан Дайырбек уулунун айтымында, Таңгүлү төрөт бөлүмүндө жыгылып, дарыгерлер курсактагы баланы дагы сактап кала алган эмес:

Эламан Дайырбек уулу.
Эламан Дайырбек уулу.

"Таңкы 5:30да келинчегиме барып жолугуп, төшөгүн бердим. Ошондо мага төрөт залына алып киргени жатат деди. Өзүм сыртта машинада отуруп күтүп турдум, келинчегиме жазсам, жооп жок. Кирип кеткен экен деп эле ойлодум. 6:15тен өткөндө санитарка келип, "келинчегиңдин талмасы бар окшойт, кулап калды" деди. Мени дароо эле төрөт залына алып киришти. Ошол убакта эле келинчегим үзүлүп кеткен экен. Кирсем, аракет кылганымды көрүп калсын деген тактиканы колдонушту окшойт, бирөөсү көкүрөгүн баскылап, бирөө венасын издеп таппай жатыптыр. Болбой калыптыр, кыйнабагыла дедим. Колунун баарын тешкилеп салышыптыр. Менимче, төшөктү алгандан кийин эле кулап, 15-20 минута каралбай калган окшойт. Үзүлүп кеткенден кийин мени чакырышкан да. Ал жерде кислород дагы болгон эмес, аны кийин кеч болгондо алып келишти".

Маркумдун жолдошу камера боюнча экспертизанын жыйынтыгынан кийин андагы видеожазуулар тазаланып калган болушу мумкүн деп шектенүүдө:

"Биринчи сураганда камера иштейт деп айтышкан. Аны Алексеевкадан көрөсүңөр деди. Ал жакта эч нерсе жок экен, өздөрүндө эле үстүңкү кабатта экен. Биз келгенче убакыт өтүп, өчүрүп тазалап коюшуптур. Кийин көрсө камера иштебейт экен, биз билбей жүрө бериптирбиз дешти. Билбей жүрө бериптирбиз деген жооп айтышты. Орноткондон бери эле иштебей турганын эч ким билбептир. Камера боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты, анда 3-январда түнкү саат 00:00дө өчүптүр, эртесе 12ге чейин иштебептир. Ошол убактан баштап кайра иштеп атат. Бул жерде тазалап коюшкан".

Маркум Тангүлү Эрматова.
Маркум Тангүлү Эрматова.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин ("Медициналык же фармацевттик кызматкер кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу") экинчи бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Аталган ооруканадан билдиришкендей, окуя болгондон кийин төрөт бөлүмү убактылуу жабылып, фактыга тиешеси бар дарыгер жумуштан убактылуу четтетилген.

Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчиси Света Өмүралиева бул окуя облустук, райондук деңгээлде изилденип чыкканын айтты:

Света Өмүралиева.
Света Өмүралиева.

"Бардыгы клиникалык протоколдун негизинде кетти. Бул жерде 100 миң аялга үч-төрт учур боло турган диагноз алдын ала коюлуп жатат. Бала сууга эмболия болуп (тумчугуп) калган. Бул жерде энеси төрөй электе каза болду. Суусу жаңы эле кетип, төрөп жаткан мезгилде энеси дароо өзүн жаман сезет. Ал жакшы эле көзөмөлдө болгон, убагында анализ тапшырып, эч кандай коркунуч жок болчу. Физиологиялык жактан деле баары жакшы болчу. Төрөт бөлүмүнө түшкөндө деле эч канадй шишиги жок, кан басымы жакшы келген. Төрөп жаткан мезгилде эле абалы начарлаган. Түнү врачты чакыртышкан. Биздин бир эле акушер-гинекологубуз бар. Түнкү төрөт болуп калган учурда үйүнөн алып келишет. Ал дайыма ургенттик нөөмөттө турат. Толгоо болуп жаткан учурда эле өзүн жаман сезип, жаман болуп баратам деп эле, ошону менен бир паста өтүп кетиптир".

Жубайлардын ортосунда 1,5 жаштагы кызы бар.

"Келинчегим 23 жашта болчу, экөөбүз 2021-жылы октябрда үйлөндүк. Кызым 1,5 жашта. Сүйлөй албайт да байкушум, кечкисин издеп, куса болуп ыйлайт... Келинчегим фармацевтиканы бүткөн. Бир-эки жылда шаарга кетебиз, ошол жакта иштейм да деп пландап жаткан. Биринчиси шаардан төрөгөн, эч кандай кыйналган деле эмес".

Жыл башынан бери удаа катталган энелердин өлүмүнө байланыштуу маселе өлкө парламентинде да көтөрүлгөн. Депутат Шарапат Мажитова Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттыкка" курган маегинде: "Ар бир окуя боюнча, ар бир арызды биздин комиссия карап, жыйынтыгын чыгарып жатат. Шалаакылар, өз ишине кайдыгер караган дарыгерлер мыйзам чегинде жооп беришүүдө", - деп айткан.

Өлкөдө 2009-жылы 102 эне төрөттөн көз жуумп, постсоветтик аймакта Кыргызстандагы акыбал эң начар болгон. Ошондон кийин бул маселеге көңүл бурула баштаган. Андан бери энелердин өлүмүнүн саны салыштырмалуу азайды. Бирок жыл башынан бери удаа катталган кайгылуу окуя кайрадан көйгөйдү козгоду.

XS
SM
MD
LG