Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:08

Орусия Харьковго сокку уруп, бир нече киши каза тапты


Балаклеядагы соккунун кесепети
Балаклеядагы соккунун кесепети

Орусиянын армиясы 17-ноябрга караган түнү Украинанын Харьков облусундагы Балаклея шаарынын борборуна эки жолу ракеталык сокку урду.

Шаардык администрациянын башчысы Виталий Карабанов билдиргендей, ракеталар көп кабаттуу үйлөрдүн жанына түшкөн.

Кийинчерээк Карабанов соккунун кесепетинен үч кишинин өмүрү кыйылганын, дагы ону жараат алганын, анын үчөө 2011, 2007 жана 2010-жылы туулган балдар экенин тактады.

Жараат алгандардын тогузу ооруканага жаткырылган, бири амбулатордук медициналык жардам алып жатканы кабарланды.

Орусия Украинанын аймагына толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери миңдеген украин жарандарынын өмүрү кыйылып, миңдеген турак жайлар талкаланды, жүздөгөн украиналыктар жер которууга аргасыз болушту.


Шерине

XS
SM
MD
LG