Орусиянын президенти Путиндин кыргыз-тажик чек ара талашын жөнгө салууда Москванын колунда эки өлкөнүн өзүндө жок, ишенимдүү документтер менен карталар бар экенин айтканы күдүк ойго жем таштады.
Айрым аскердик аналитиктер менен картограф адистер кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин айткан Путиндин бул сунушун тараптардын бүйүрүн кызыткан жана ошол эле кезде кооптуу коңгуроо катары кабыл алышууда.
Паритеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси чек арага тиешелүү документтер менен карталар Москвадан мурда эле эки ирет алынганын айтууда. Айрым эксперттер Путиндин эч кимде жок жашыруун архивдик материалдар тууралуу билдирүүсүн геосаясий оюн катары кабыл алышты.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин 14-октябрда маалымат жыйында Кыргызстан жана Тажикстандын лидерлери менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу айтканы саясий-аналитикалык чөйрөнүн гана эмес, коомчулуктун дагы бүйүрүн кызытып, кызуу талкууга себеп болду.
Эки кошунанын мамилеси кескин начарлаган шартта мунаса табуу татаал экенин айткан Путин эвакуация болгон жайкын тургундарды "качкындар" деп атап, алардын үйүнө кайтышын камсыздап, куралдуу кагылыштын кайталанышына жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Москва арачылыкка ашыкпай, кыргыз-тажик чек ара талашын тынч жол менен чечүүгө салым кошорун, бул үчүн анын колунда жетиштүү архивдик материалдар бар экенин билдирди:
"Москвада керек болсо союздук республикалардын чек аралары тууралуу алардын өздөрүндө дагы жок, ишенимдүү маалыматтар бар экенин айтайын деген элем. Биз бул документтердин бардыгын көтөрүп, ошол карталардын бардыгын көтөрөбүз. Коллегалар менен бирге чогуу карап чыгып, анан чечим кабыл алуу жолдорун издейбиз".
Путиндин колунда мурдагы союздук республикалардын, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын анык чек аралары тууралуу алардын өзүндө жок кандай документтер жана карталар болушу мүмкүн деген суроо кабыргасынан коюлган учур.
Чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссияларда мурда иштеген геодезия жана картография боюнча адистерге Путиндин кайсы документтер жана карталар тууралуу айтканы кызык болууда. Чек ара аймагындагы куралдуу окуядан кийинки Путиндин бул жүрүшү адистердин бүйүрүн кызытып, ошол эле кезде таң калуусун да жаратып жаткан учур.
Катылган карталар барбы?
Чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссияны мурда жетектеген Саламат Аламанов Москвадан эки ирет архивдик материалдар алынганын, бирок анда Орусия башка эч кимде жок, чек араларга байланыштуу кайсы бир жашыруун материалдарга ээ экени тууралуу маалымат болбогонун айтты:
"Биз Москвага барып, суроо-талап жибергенде ал жактан бизге "болгон документтер, болгон карталар ушулар" деп беришкен. Баш-аягы эки ирет барып, чек арага тиешелүү архивдик материалдарды, документтерди жана карталарды алып келгенбиз. Архивде сакталган болгон материалдардын бардыгын бердик дешкен. Азыр ал эмнени айтып жатканын түшүнгөн жокмун. "Бизде башка документтер бар" дегенин окуп таң калдым. Болсо, эмнеге буга чейин жашырып, бербей жүрүшкөн? Биз расмий кайрылганда "бар документтердин бардыгын алгыла" деп берип келишкен. Же ошолордун арасынан кайсы бирин катып коюп, азыр оюн кылып жатышабы? Ойкутуп-кайкытып сүйлөгөндө менде шектенүү пайда боло баштады. Биздин карталарды жакшы билген адистер барып, чек араларга тиешелүү карталарды алып келип, ошол документтер менен материалдар фонддо сакталып турат. Бул жерде жөн эле карталар эмес, мурдагы макулдашуулар менен протоколдорго тиркелген, ошолорго байланыштуу карталар же документтер болушу керек. Азыр башкаларда жок карталар менен материалдар бар дегенине таң калдым. Анда алар бизди буга чейин алдап келишкенби деген суроо пайда болот".
Чек араларды тактоодо мурдагы паритеттик комиссиялардын эски документтери жана алардын негизинде түзүлгөн карталар колдонулат. Аламановдун айтымында, эреже боюнча сүйлөшүүлөрдө мына ошол чек ара сызыктарын тактоого байланыштуу макулдашуулардын жана протоколдордун негизинде иштелип чыккан карталар гана талаш-тартыштардын предмети боло алат. Ал эми башка кандайдыр бир карталар кабыл алынбай турганы айтылды.
"Аскердик карталар менен да иштегенбиз"
Мында адистер Путин "башкаларда жок жана ишенимдүү материалдар" дегенин СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын "жашыруун" жана "өзгөчө жашыруун" деген гриф менен сакталган ар кандай масштабдагы аскердик-топографиялык карталары тууралуу айткан болушу мүмкүн деген ойдо.
Саламат Аламанов илимий негизде салыштыруу үчүн аскердик карталар менен иштеген учурлар деле болгонун белгиледи:
"СССРдин Башкы штабынын карамагындагы картография башкармалыгы иштеп чыккан ири, орто жана майда масштабдагы аскердик-топографиялык карталар биздеги атайын кызматтардын көзөмөлүндө болчу. Биз тилкат менен кол коюп берип, атайын уруксат алып, аларды адистик карталар менен салыштыруу үчүн колдонуп, жердин нугун, өзгөчөлүктөрүн тактап, иштеген учурлар да болгон. Андай "өтө жашыруун" деген гриф менен сакталган аскердик карталар бардык союздук республикалардын аскер бөлүктөрүндө жана атайын кызматтарында болгон. Бүгүнкү күндө мына ошол карталардан дагы жашыруун, өзгөчө сырларды сактаган карталар чыгып калышы мүмкүн эмес. Анан калса бардыгыбыз СССРдин курамында бир мамлекет болгондуктан союздук республикалардын административдик чек араларын Москва өз алдынча чийип, өтө жашыруун кылып жасаштын эч кандай кажети дагы болгон эмес".
"Күтө турбайлыбы?"
Анткен менен саясий-эксперттик чөйрөдө кыргыз-тажик чек ара талашын жөнгө салууда Орусиянын документалдык жана картографиялык архивдик материалдарын колдонуп, анын ортомчулугунан баш тартпоо керек деген пикирлер да үстөмдүк кылат.
Эксперт Эрнест Карыбеков чек ара талашын тактоодо кезинде Москвада басылган жана сакталган карталар менен документтердин түп нускаларын салыштыруу маанилүү деди:
"Чек ара талаштарына байланыштуу кээ бир документтерди, карталарды ар бир тарап өз ыңгайына жараша өзгөртүшү мүмкүн. Мына ошол колдо бар документтер менен карталарды Москвадагы түп нускалары менен бейтарап салыштырып, тактоо маселеси турат. Анткени биз мурда бир мамлекеттин курамында болгондуктан архивдин бардыгы Москвада сакталып турат. Ошол карталар менен документтердин түп нускаларын салыштыруу акыйкат натыйжа берип, чек ара сүйлөшүүлөрүндө аларга ишенимдүү булак катары баа берүүгө негиз болот. Мына ошолорго таянуу дагы бир вариант. Сунушталып жаткан жардамды четке какпоо зарыл. Анан эгерде мына ошол документтер менен карталар биздин Кыргызстандын позициясына, анын далил базасына дал келбей, карама-каршы чыгып калган учурда гана алардын объективдүүлүгү тууралуу айтып чыксак болот. Азыр эми ал кандай карталар же документтер экенин карап, күтүп туралы".
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков орус президенти Владимир Путиндин Москвада мурдагы союздук республикалардын чек аралары тууралуу башкаларда жок материалдар бар экенин айтканын Кремлдин геосаясий кызыкчылыгына байланыштырды. Анын айтымында, мурда айтылбаган жашыруун материалдарды Орусия өзүнө ыңгайлуу геосаясий курал катары колдонушу мүмкүн:
"Эки мамлекетте тең жок документтер бизде бар" деп эмнени айткысы келип жатканын билбейм. Бирок кандай болгон күндө дагы бул иште "оюн жасап", чаргытып, кайсы бир тарапка тартканга жол берилбеши керек. Мунун бардыгы манипуляция кылууга негиз берип коюшу мүмкүн деген ойго түртөт. Анын мына ошентип, кылтыйтып койгону коркунучтуу. Анткени картаны иштеп чыгып, баса турган станок алардын колунда. Мунун артында кандайдыр бир чоң "геосаясий оюн" дагы жатышы мүмкүн. Ошондуктан абдан этият болуу керек. Мына ошондой максатта башкача материалдар дагы алдыга жайылып калышы ыктымал. Бирок мына ошолордун бардыгы чыныгы, түпкүлүктүү документтердин бар экенин жокко чыгара албайт. Анткени союздук республкалардын ошол кездеги карталары башка республикалардын архивдеринен дагы чыгышы мүмкүн".
"Аскердик карталар жалгыз эле Орусияда эмес"
Аскердик-топография иштеп чыккан карталар мүнөзү жана жашыруундуулугу боюнча бир канча түргө бөлүнөт. Алар негизинен аскердик объектилерди көздөн жазгырып, жашыруун кармоо жана аскердик коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлүп, ар кандай масштабдагы карталарда ар кандай маанилүү координаттарды белгилүү же жашыруу милдетин өзүнө алат.
Ал эми ошол кездеги союздук республикалардын жашыруун аскердик-топографиялык карталары бирдей басылып, бирдей бекитилгендиктен алардын өзгөчө түп нускасы же андан айырмаланган көчүрмөлөрү болушу мүмкүн эместиги тууралуу мурдагы министр Исмаил Исаков мына буларга токтолду:
"СССРдин учурундагы аскердик карталарда дагы, административдик-чарбалык карталарда дагы Ворух анклав абалында чийилип, көрсөтүлгөн. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Мен мына ошол жашыруун аскердик карталарды колдонуп жүргөн аскер адамы катары муну жоопкерчилик менен айта алам. Аскердик карталарда жердин нугу тагыраак тартылат. Ошондуктан ал карталар жашыруун болуп жүрөт. Андай карталар бизде деле сакталып турат. Алар Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын же башка мурдагы союздук республикалардын архивдеринин бардыгында бар. Алардын бардыгы бир жерден басылган да. Ага кайсы бир тарап гана ээлик кылып, мына ошол жактын гана колунда "чечүүчү материалдар турат" дегенге анчейин ишенбеш керек".
Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилерин Москвага чакырып, куралдуу кагылышка алып келген чек ара талашын чечүү жолдорун жабык талкуулаган. Анда тараптар тынч, саясий-дипломатиялык жолдор менен чек ара чырларын чечип, маселени жөнгө салууну макулдашканы айтылганы менен кандайдыр бир расмий документтерге кол коюлган эмес.