Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кыргыз-тажик чек арасы: талкууга түшкөн протокол


Кыргызстан, Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы, Ак-Сай айылы. 16-сентябрдагы куралдуу жаңжалда күйүп кеткен жүк ташуучу машине. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.
Кыргызстан, Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы, Ак-Сай айылы. 16-сентябрдагы куралдуу жаңжалда күйүп кеткен жүк ташуучу машине. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.

Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптан төрттөн чек ара бекетин алууну макулдашты. Мындай чечим чек арадагы жаңжалдарды токтотуу максатын көздөйт деген түшүндүрмө берилди. Ошол эле маалда Ворух анклавынын айланасындагы чек ара постторунун алынышы коомчулукта суроо жаратууда.

Ондогон адам өмүрүн алып, эгемендик жылдардагы эң масштабдуу куралдуу жаңжал деп сыпатталган 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштын кийин эки өлкөнүн бийлик жетекчилери кезектеги документке кол койду.

25-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов эки тараптан чек арадагы төрттөн постту алууну макулдашты.

Документке ылайык, Кыргызстан "Тамдык" чек ара бекети, "Булак-Башы", "Катта-Туз", "Ак-Сай" посттору, ал эми Тажикстан "Бедак" чек ара бекети, "Кех", "Каракчикум" жана Кожалыдагы "Шаршара" постун алып салат.

Посттор алынган соң чек араны кайтаруу ары-бери каттаган кезметтерге жүктөлөт.


Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда кабыл алынган чечим боюнча түшүндүрмө берип жатып Камчыбек Ташиев "конфликтке себеп болгон чек ара бекеттерин алып салдык" деп билдирген эле.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Бул документке кол коюлганы белгилүү болору менен коомчулукта талкууга айланып, эл ичинде ар кыл пикир жаратты. Утур-утур жаңжал катталып, чек ара чийини толугу менен аныктала элек аймактагы постторду алуунун кесепетин эскерткендер да бар.

Анын үстүнө алынган чек ара постторунун дээрлик көпчүлүгү Тажикстандын Ворух анклавын курчап турат. Бул анклав Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы үчүн маанилүү маселе.

Ворух анклавынын кире бериши.
Ворух анклавынын кире бериши.

Чек арадагы посттор алынса, 45 миңден ашуун адам жашаган анклавдын аймагы кеңейип кетпейби деген чочулоо айтылды. Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев соңку чечимге камтама болуп жатканын билдирип чыкты.

"Бул постторду мен Баткендин губернатору болуп турганда, 1999-жылы койдурганбыз. Ал учурда тажиктер биздин аймактагы арчаларды кыркып, жайлоону пайдалана баштаган. Буга кошумча дал ушул аймак аркылуу 1999-жылы террорчулар ашып кирген. Бул коопсуздук маселеси. Тажиктер Ворух жакка пост коюуга акысы жок, милиция гана туруш керек. Биз жакка пост коюлушу керек. Эми алар алынса, Ворух кеңейип, Матча району менен байланыш түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан, бул чечим шашпай, жалпы чек ара маселесинин алкагында каралышы керек болчу".

Буга кошумча бир катар адистер кол коюлган протоколдун жалпы мазмунуна кызыгып, анда дагы кандай шарттар камтылганын ачыкка чыгарууну талап кылышты.

"Бийлик сөзсүз түрдө түшүндүрмө бериш керек. Жергиликтүү элдин талабы болгон соңку кол салуу учурунда өрттөлгөн үйлөр, уурдалган мүлктүн тагдыры эмне болду, аны да түшүндүрүш керек. Эгер дал ушулар камтылса, анда суроолор болбойт эле", - деп билдирди транспорт министринин мурдагы статс-катчысы Максатбек Дыйканов.

Ак-Сай - Тамдык жолу.
Ак-Сай - Тамдык жолу.

Бийлик протоколго түшүндүрмө берди

Коомдогу дал ушундай реакциялардан соң бийлик жекшембиде кол коюлган протокол жөнүндө бир нече жолу түшүндүрмө таратты.

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан чек ара бекеттерин алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” чогултуп, Баткенге алып барып, курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла” деп тапшырды.

Протоколго кол койгон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чукул маалымат жыйынын уюштуруп, документтин көчүрмөсүн журналисттерге таратты.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Ташиев чек арадагы постторду алуу чыр- чатактарды болтурбоо максатын көздөй турганын, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурбасын билдирди.

"Бул жерде конфликтке алып келген постторду эки тараптан жоюу боюнча эң башкы маселе каралды. Ал жерде бирөөгө жер берүү же чек араны аныктоо боюнча протоколго кол коюлган жок. Биз куралдуу жаңжалды болтурбай, кармап туруу максатын көздөдүк. Эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркация боюнча комиссия чечет. Ал комиссиянын ишин тез арада баштоо боюнча чечим кабыл алдык".

Камчыбек Ташиев чек ара тууралуу коомчулукка жалган маалымат таратпоону талап кылды.

Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койгон протоколдун көчүрмөсү
Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койгон протоколдун көчүрмөсү

Протоколдун көчүрмөсүндө жазылгандай, эки тараптан бирден чек ара бекетти жана үчтөн постту алуудан башка Кыргызстандан Ак-Сай жана Тажикстандан Кожалы айылдарында экиден көп эмес милиция кызматкерлери турган пункттарды ачуу, утур-утур жаңжал болгон аймактарга көзөмөл камераларын орнотуу, чек ара сызыгынан оор техниканы алып чыгуу макулдашылган.

Атайын кызматтын башчысы оор техника эки күн аралыгында чыгарыларын билдирди.

Мындай жол менен бийлик соңку жаңжалдан кийин ок атууну болтурбоо үчүн бардык аракетин көрүп жатканын айтууда.

Бирок буга чейинки бийликтердин тушунда кол коюлган документтерден улам коомдо шектенүү күч. Азыр дагы ар кандай чечмелөөлөр уланууда.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.

Чек арадагы кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айыпты койду.

Кыргызстан анда бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү кайта баштаганы кабарланууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG