Бангладештин бийликтен кулатылган премьер-министри Шейх Хасина былтыр студенттик нааразылык акциясын күч менен басып, кан төгүүгө буйрук берген деп айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынды. Мындай чечимди бир нече айга созулган жараяндан кийин өлкөнүн Согуш кылмыштары боюнча соту кабыл алды.
Дакка шаарында жайгашкан бул сот чечимди күчөтүлгөн коопсуздук шартында чыгарды. Хасина өзү нааразылык акцияларынан көп өтпөй, 2024-жылдын август айында Индияга качып кеткен.
Хасинанын тарапташтары өкүмгө каршы доо арыз менен Жогорку сотко кайрылса болот.
Прокурорлор Хасина былтыр июль-август айларында студенттер жетектеген көтөрүлүштү күч менен басууга түз буйрук бергенин ырастаган далилдер табылганын жүйө келтиришти. Хасинаны мамлекет дайындаган адвокат коргоп, ал айыптоолор негизсиз экенин айтып, актоону суранды.
Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасына караганда, 2024-жылдын 15-июлунан 5-августуна чейин өткөн нааразылык акциялары маалында 1400гө чейин киши өлтүрүлгөн болушу мүмкүн, дагы миңдегени жаракат алган.
Өкүмдүн алдында 78 жаштагы Хасина айыптоолорду четке каккан.
170 миллион калкынын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн Түштүк Азиядагы бул өлкөнү Хасина качып кеткенден бери Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус жетектеген убактылуу администрация башкарат. Өлкө салыштырмалуу тынч болгону менен, саясий туруктуулук калыбына келе элек.
Шерине