Ага ылайык, эми мындан ары маркумду үн чыгарып ыйлап узатууга, кара кийип аза күтүүгө болбойт. Айрым эксперттер мындай эрежелер этикага сыйбайт деп сындап жатат. Ошондой эле муну жеке жашоого ашкере кийлигишүү катары сыпаттагандар да бар.
Завкибек Солехов мындан бир канча күн мурун 59 жаштагы атасын жерге берди. Ал атасынын дүйнөдөн күтүүсүз өткөнүн укканда өзүн коерге жер таппай, катуу күйүткө батты. Солехов мындай учурда адамдын эмоциясын башкара албай каларын айтып отурду:
- Атамдын тажыясында чачын жулуп, кийимин тыткан адам болгон жок, бирок аялдар өкүрүп-бакырып, боздоп ыйлашты. Мындай учурда өзүңдү кармоо деле кыйын экен, ичиңдеги кайгы-муңду сыртка чыгарып өкүрүп-бакырып ыйлап алгым келди. Бийлик дароо эле тыйып баштабай, алгач түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болмок.
Тажикстан: той азайса экономика оңолот
Тажикстан: той азайса экономика оңолот
Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу жаңы эрежелерди Дин иштери боюнча комитет муфтиятка караштуу Аалымдар кеңеши жана Ислам таануу борбору менен биргеликте иштеп чыкты. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына аталган комитеттин маалымат-катчысы Афшин Муким билдирди:
- Азырынча бул эрежелер сунуш катары берилди, бирок салт-санааны, үрп-адатты көзөмөлдөгөн мыйзамга киргизилгенден кийин ар бир жаран аны аткарууга милдеттүү болуп калмакчы. Мындай жаңы эреже-тартиптин максаты тажыяларды, аза күтүүнү жөнгө салуу болуп саналат.
Тажикстандык психолог Махмодулло Давлатов бийлик өкүлдөрү жаңы эрежелерди кабыл алганда жакынынан айрылган адамдардын абалына көңүл бурбай жатканын айтып сынга алды.
- Жакынын жоготкон адамдар айрыкча башында нес абалда эле жүрүшөт. Алар кээде өздөрүн көзөмөлдөй албай калышат, башка адамдардын колдоосуна муктаж болушат. Эгер аларды мааленин же жамааттын башчысы келип "үнүңөрдү катуу чыгарып ыйлабагыла" деп тыйса жаны ачып, күйүткө, ызага батып турган адам мындай тыюуга кандай реакция кыларын болжоп айтуу кыйын.
Тажик бийликтери маркумдун тажыясы боюнча жаңы эрежелер ханафи- мазхабына туура келет деп жатат. Анда катуу боздоп ыйлаганга, башы менен жер сүзгүлөгөнгө, кийимин айрып, бетин тытууга жана кошокчуларды чакырууга тыюу салынат. Тууган-уруктары үн чыгарбай ыйлашы керек болот. Туугандарына гана көр казып, сөөк жууганга уруксат берилет. Ошондой эле өлгөн адамдын үйүндө көз көрсөтүп, батага келгендер түнөп калганга болбойт. Аза күткөн аялдар кара эмес, көк кийиши керек.
Дин иштери боюнча комитет Аалымдар кеңеши менен биргеликте мындан төрт жыл мурун имамдардын сакалы боюнча атайын норма киргизген. Анда ханафи-мазхабына ылайык, сакалдын узундугу бир тутамдан ашпашы керек деп жазылган жана андан кийин үч сантиметр эле болушу керек деп дагы кыскарган.
Тажик бийликтери соңку кездери динге байланыштуу бир катар чектөөлөрдү киргизди жана муну экстремизм-терроризмге каршы күрөш менен негиздеп келет.