Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Борбор Азиянын жаңы келишим түзүү дымагы


Түркмөнстан. Аваза. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу. 6-август, 2021-жыл.
Түркмөнстан. Аваза. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу. 6-август, 2021-жыл.

Чолпон-Ата шаарында өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Орусиянын жетегисиз жана анын катышуусуз өтө турган бул саммитте буга чейин бейтараптуулукту сактаган Түркмөнстан менен ар кандай саясий бирикмелерге кирүүдөн карманып келген Өзбекстандын аталган келишимге кошулары кабарланды. Бул - эл аралык геосаясий абал кыйчалыш болуп, чөлкөмдөгү үч өлкөдө кандуу окуялар болгондон кийин жана Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу өтүп жаткан кеңешме.

Чолпон-Ата саммити: мааниси жана камылгасы

Борбор Азияда тынчтыкты сактап, андагы беш өлкөнүн өз ара мамилесин чыңдоого багытталган мамлекет башчыларынын кезектеги кеңешмесин кыргыз мамлекети кабыл алганы турат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаары бир учурда беш президентти кабыл алууга камданып жатканын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмү кабарлады. Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесине келүүгө президенттердин бардыгы - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев макулдугун беришкен.

Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жыйында Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселеси караларын билдирди:

“Өлкө лидерлери аймактык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат. Региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү болочогун, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Азымбакиев.

Чолпон-Ата саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров айрым кошуна мамлекет башчылары менен жекече жолугушары да белгилүү болду.

Келишим шарты: ич ара кол салышпоо, сырткы күчкө чогуу каршы туруу

Бул саммиттин алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында "XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин" долбоору жарыяланды.

Бул документ Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин негиздемеси, казак өкмөтүнүн токтому, президенттин аталган макулдашууга кол коюу тууралуу жарлыгынын долбоору менен коштолгон.

Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкелинин ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 26-май, 2022-жыл.
Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкелинин ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 26-май, 2022-жыл.

“Геосаясий туруксуздуктун, эл аралык аренадагы чыңалуунун, глобалдык коопсуздуктун тобокелдиктери күчөгөн шартта Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну тереңдетүү Казакстан үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Чөлкөмдөгү кызматташууну өнүктүрүү максатында ишеничтүү мамилелерди түзүү, региондун өнүгүшүн камсыздоо, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле ар түрдүү эл аралык аянтчаларда аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн маселелерди алдыга жылдыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Буга чейинки кеңешмелерде аймактык жакындашуу жараяндары туруктуу мүнөзгө ээ болду. Чөлкөмдө конструктивдүү жана көп тараптуу саясий диалог түзүлдү”, - деп жазылган казак өкмөтүнүн түшүндүрмөсүндө.

Бул келишимдин негизги өзөгү ага кол койгон тараптар бири-бирине кол салып, күч колдонуудан баш тартып, сырттан коркунуч болгондо биргеликте каршы туруу шарттарын ичине камтыйт. Документ ынак кошуналыкка, достукка негизделип, кызматташууну чыңдоого, чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө, өз ара ишенимди камсыздап, жалпы кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга багытталганы долбоордун түшүндүрмөсүндө көрсөтүлгөн.

Жабык маалымат

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган келишим долбоорунун ага кол коё турган тараптардан макулдашуудан өткөнү тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат мекемесине кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

Тышкы иштер министринин бир орун басары Динара Кемелова Борбор Азия мамлекет башчыларынын кеңешме жыйынын уюштурууга жооптуу башка орун басар Нуран Ниязалиев экенин айтып, ал өзү жалпы уюштурулуп жаткан саммит жана анда кабыл алына турган документтердин мазмуну боюнча маалымат бере албастыгын кошумчалады.

Түркмөнстандагы жолугушуу. Август, 2021-жыл.
Түркмөнстандагы жолугушуу. Август, 2021-жыл.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев саммитте кол коюла турган документтердин саясий мааниси тууралуу эмнеге маалымат ачык жарыяланбай жатканын минтип түшүндүрдү:

Нуран Ниязалиев, Кыргызстандын тышкы иштер министрининин биринчи орун басары.
Нуран Ниязалиев, Кыргызстандын тышкы иштер министрининин биринчи орун басары.

"Бул маселе тууралуу мен азыр эч кандай комментарий бере албайм. Бул президенттердин деңгээлинде болуп жаткан жолугушуу. Ошондуктан бул тууралуу маалыматтарды президенттик администрациядан ала аласыздар. Болбосо биздин басма сөз кызматка чалсаңыздар, ошол жактан кийин маалымат беришет. Буюрса, бир аз коё турсаңыз, маалымат болот го дейм. Сабырдуулук, чыдамдуулук деген болуш керек. Иш болсо жүрүп жатат. Бир аз чыдап туруңуздар, маалымат болот".

Саясат талдоочулардын баамында, бул саммитти уюштуруп жаткан тарапка Москвадан катуу басым болуп, ошондуктан кыргыз дипломаттары кол коюла турган документтер тууралуу кенен маалымат бере албай, этияттап жатышы ыктымал.

Москвадан этияттаган Борбор Азия жана Кавказ

Анткени азыркы эл аралык геосаясий абалда Кавказдагы жана Борбор Азиядагы Орусиянын жетегиндеги мамлекеттердин өз алдынча чөлкөмдүк бирикмелерге биригүүсү ансыз да эл аралык изоляцияда калган Москваны тынчсыздандырбай койбойт дешет саясат талдоочулар.

Кавказда Азербайжан менен Грузия, ал эми Борбор Азияда Өзбекстан менен Казакстан Орусиядан көз каранды болбогон, ийкемдүү, бирок этият тышкы саясатты жүргүзүүгө умтулуп, ошол эле кезде Москва менен мамилесин бузгусу келбей турганы буга чейин жетекчилердин позицияларынан белгилүү болгон.

Саясат талдоочу Марс Сариев Кавказ менен Борбор Азиядагы соңку геосаясий өзгөрүүлөргө төмөндөгүдөй баа берди:

Марс Сариев, саясий илимдер боюнча адис.
Марс Сариев, саясий илимдер боюнча адис.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бардыгы биригип, чөлкөмдүн жалпы кызыкчылыгын коргоо үчүн аракеттенип жатышат. Сейрек кездешчү көрүнүш. Борбор Азия лидерлери "Чоң аганын" - Орусиянын катышуусу жок, өз алдынча чогулуп жатышат. Анан калса Кавказда дагы башкача тенденция башталды. Армения тышкы саясатын таптакыр өзгөртүп, Түркия жана Азербайжан менен мамилесин оңдоп, бардыгы Грузия менен биргеликте чөлкөмдө биригүү жана жакындашуу демилгесин баштап жатышат. Ошентип азыр Кавказда дагы, Борбор Азияда дагы чөлкөмдүк уюмдар пайда болуп жатат. Бул аймактарда мына ушундай тенденция башталды. Азыр Кавказ менен Борбор Азиядагы негизги мамлекеттер Орусиядан алыстап жатышат. Бул нерсени албетте, Орусия жактырбайт. Бирок анын басым көрсөтүү "рычагдары" азайып баратат. Аны өзү деле түшүнүп жатат. Бирок ушундай учур биздин чөлкөм үчүн опурталдуу", - дейт саясат талдоочу Сариев.


Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаңы союздаштык келишиминде аскердик, соода-экономикалык, логистикалык багытта, маданий-гуманитардык, жарандык коргонуу, энергетика жана туризм тармактарында өз ара кызматташууну арттыруу шарттары каралган. Анда өз ара ишенимди камсыздоо, кызматташууну тереңдетүү, дүйнөлүк коомчулук менен оптималдуу мамиле түзүү аркылуу азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына чогуу каршы туруу милдеттери камтылган. Борбор Азия мамлекет башчыларынын бул жолку кездешүүсү Орусия Украинага кол салгандан берки жогорку деңгээлде өтүп жаткан биринчи жыйын.

Ишке ашпай келген демилге

Мурдагы тышкы иштер министри Данияр Сыдыков Борбор Азия ынтымагын чыңдоо демилгеси кечээ эле пайда болбогонун айтып, ал бир топ жылдан бери кеңешме жолугушууларды уюштуруу демилгеси башталган күндөн бери келе жатканына токтолду:

"Буга чейин эле Борбор Азиянын беш мамлекети биригип туруп, ар кандай көйгөйлөрдү чогуу чечүү максатында биргеликте кадам таштайбыз деген ниеттен улам алгачкы жолу Нур-Султан шаарында мамлекет башчыларынын кеңешме жолугушуусу башталган. Андан соң ал Ташкент шаарында өттү. Кийинкиси Бишкекте өтүшү керек эле. Бирок Кыргызстандагы ички маселелерге, андан кийин президенттик жана парламенттик шайлоого байланыштуу улам артка жылды. Ошондуктан кезектеги кеңешме-жолугушууну өткөрүү былтыр Түркмөнстанга тапшырылып, ошол жакта уюштурулду. Ошентип, эми гана кезек бизге келди. Бул саммитти өткөрүү - тарыхый иш-чара. Президенттер өз ара сүйлөшүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алса, биздин чөлкөмдөгү көп көйгөйлөрдү ийри отуруп, түз чечүүгө жол ачылат. Мунун соода-экономикалык, инвестициялык жана коопсуздукту чыңдоо жагынан дагы пайдасы чоң", - деди мурдагы башкы дипломат Сыдыков.

КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ баштаган бир катар саясий жана экономикалык уюмдарда Орусия менен союздаш Кавказ менен Борбор Азия мамлекеттери үчүн орус-украин согушу чоң сыноолорду жаратты. Анын ичинде тышкы саясатта согушка карата мамилеси, согуштан улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар Борбор Азия өлкөлөрүндө да сезиле баштады.


Чолпон-Атада 20-21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин бул жыйыны үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салуусунун алкагындагы алгачкы кеңешме. Буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары былтыр 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстанда жолуккан. Андагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кызматташтыктын “Жол картасын” иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасы өткөн 30 жыл аралыгында бирде бекемделсе, көпчүлүк учурда өз ара кызыкчылыктардын талашынан улам солгундап турду. Анда аймактын өлкөлөрү газ берүүнү токтотуу же чек араларын жаап салуу аркылуу бири-бирине басым жасап, кыр көрсөткөн учурлар да болгон.

Кошуна мамлекет башчылары ачык кайым айтышкандын айынан жолугушуулары да азайып кеткен. Борбор Азия лидерлеринин августта Авазадагы (Түркмөнстан) жолугушуусу – мындай форматта өткөн үчүнчү кездешүү болду. Бул иш-чара 2020-жылы Кыргызстанда өтүшү керек болчу.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырылып, аны өткөрүүнү Түркмөнстан өзүнө алган. Буга чейин мындай кеңешме жолугушуулар 2018-жылы Нур-Султанда, 2019-жылы Ташкентте өткөн. Бул кеңешме 2005-жылы жоюлган Борбор Азия кызматташтык уюмунан кийин Орусиянын катышуусуз өткөн алгачкы жолугушуу катары каралды.

1990-жылдардан кийин Борбор Азияда биримдик маселеси көтөрүлүп, штаб-кеңсеси Ташкент шаарында жайгашкан аймактык кызматташтык уюму негизделген. Бир нече убакыттан соң бул уюмдун курамына Орусия кошулгандан кийин анын иши токтотулган Москва өзү бул уюмга киргенден кийин ЕврАзЭШ – Евразиялык экономикалык шериктештик уюму деген негизделип, буга байланыштуу Борбор Азия кызматташтык уюму жоюлган болчу.

XS
SM
MD
LG