Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

Трамп Кытай менен Орусия ортосуна ажырым салабы?


Кытай лидери Си Цзиньпин, АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин. Коллаж сүрөт.
Кытай лидери Си Цзиньпин, АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин. Коллаж сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кремль менен түз сүйлөшүүлөргө даярданып жатканда, эксперттер белгилегендей, Вашингтондун Кытай менен Орусия ортосуна жарака салуу аракети күч алууда.

АКШнын Украинадагы согушту токтотууга болгон дипломатиялык аракети жана Москва менен мамилелерди нормалдаштырууга багытталган кадамдары Киевде жана Европанын баш калааларында тынчсыздануу жаратты.

Себеби алар Орусияга ыңгайлуу болгон тынчтык келишими түзүлүп, өзүлөрү четте калуудан кооптонуп жатышат.

Бирок Орусия президенти Владимир Путин менен Трамптын жакындашуусу Европада эле эмес, Кытайда да тынчсызданууну пайда кылууда. Буга АКШнын Орусияга карата ондогон жылдар бою жүргүзүп келген тышкы саясатынын кескин өзгөрүп жатышы түрткү болду.

"Кытайлыктар Трамп шайланганда эле ушундай болорун билишкен. Мындан улам Украинадагы согушту тез арада токтотууну жактай турганын ишарат кылышкан. Бээжин Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды жоюп салса, Москванын Кытайга болгон көз карандылыгы азаят деп тынчсызданат”, - деди АКШнын экс-президенти Жорж Буштун Кытай боюнча башкы кеңешчиси Деннис Уайлдер “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.

Кытай лидери Си Цзиньпин Путин менен стратегиялык өнөктүштүктү чыңдоону тышкы саясатынын артыкчылыктуу элементтеринин бири катары көрөт.

Алардын алакасы Москва Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачканы дагы жакындап кеткен.

Бээжин орус экономикасын соода-сатыкты кеңейтүү жана энергетикалык келишимдер аркылуу колдоп жатат. Андан тышкары Кремлдин аскердик аракеттерине негизги керектүү буюм-тайымдарды жеткирүү менен салым кошуп жатканы кабарланып келет.

Байкоочулардын баамында, Путин менен Си Батышка каршы туруп, АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүн алсыратуу боюнча орток пикир таба алышкандай.

Кытай лидери Си Цзиньпин жана Орусия лидери Владимир Путин. Казан шаары. 23-октябрь, 2024-жыл.
Кытай лидери Си Цзиньпин жана Орусия лидери Владимир Путин. Казан шаары. 23-октябрь, 2024-жыл.

Мунун баары АКШ менен Орусия делегацияларынын Сауд Арабиясындагы жолугушуусунан кийин үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Эр-Рияддагы талкууларда тараптар Украинадагы согушту токтотуудан тышкары Вашингтон менен Москванын алакаларын калыбына келтирүү маселелерин сүйлөшкөн.

Уайлдердин айтымында, ал Трамп ноябрда шайлангандан кийин “жогорку даражадагы бир катар кытай аткаминерлери менен” сүйлөшкөн. Ошондо эле алар Москва менен Вашингтондун алакасы келечекте жакшырат деген тынчсыздануусун жашырган эмес.

Уайлдердин сөзүнө караганда, алардын баары “Москвага бир гана Трамп барат” деген сөз айкашын колдонушкан. Муну менен кытайлыктар АКШнын мурдагы президенти Ричард Никсондун 1972-жылкы Бээжинге жасаган тарыхый сапарын эске салып жатышкандай. Ал анда Кытай менен жакындашуусун Советтер Союзуна каршы колдонууну көздөгөн. Ал эми азыр АКШ Орусия менен алакасын жакшыртып, Москва менен Кытайдын мамилесине доо кетирүү аракетин айрым аналитиктер “Никсондун тескери багыты” деп аташууда.

"Никсон АКШнын Кытай саясатын өзгөрткөндөй эле, Трамп Орусия менен болгон саясатта жаңы жолду тандашы мүмкүн. Алтургай Москвага да жетип барышы ыктымал. Бул Орусия менен Кытайдын мамилеси үзүлөт дегенди билдирбейт, бирок азыркыдай бекем болбой калышы мүмкүн",– деп белгилейт Уайлдер.

Кошмо Штаттардын башында 1969-жылдан 1974-жылга чейин турган Никсон АКШ менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык алакалардын түзүлүшүнө жол ачкан.

Ал эми Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө АКШ менен Кытайдын алакасы абдан солгундап кеткен.

Вашингтондун стратегиясы кандай?

Американын жаңы администрациясынын Орусия менен жакындашуусу кандай жыйынтык берери азырынча белгисиз.

Бирок ушул айдагы Трамптын Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү, Эр-Риядда өткөн АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен мамилесинин чыңалып кетиши Ак үйдүн Москва менен жаңы мамиле түзүү аракетин көрсөтүп тургандай.

"Биз жөн эле “кайра баштоо” аракетин эмес, АКШ–Орусия мамилесинин түп-тамырынан өзгөрүүсүн көрүп жатабыз. Украинадагы согуш Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүү үчүн эмес, Вашингтон менен Москванын жакындашуусуна тоскоолдук жараткан фактор катары каралып жатат". – дейт Эл аралык кризистик топтун Украина боюнча улук аналитиги Лусиан Ким.

Кытай үчүн мындай өзгөрүү бир топ кооптуу сценарийлерди жаратат.

Эгерде АКШ–Орусия мамилеси оңолуп, Вашингтон Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы аракеттерин азайтып, көңүлүн Тынч океан аймагына бурса, Кытай Тайван кризисинде геосаясий жактан алсыз болуп калышы мүмкүн.

“Менимче Кытай алсызыраак Орусияны көргүсү келет. Алтургай Украинадагы согуштун уланышы деле Бээжиндин кызыкчылыгында болмок. Анткени ал согуш АКШнын көңүлүн Индия–Тынч океан аймагынан өзүнө буруп турмак”, - дейт Лондондогу Royal United Services Institute институтунун изилдөөчүсү Сари Архо Хаврен.

Трамптын администрациясы Кытай менен узак мөөнөттүү атаандаштыкты АКШнын тышкы саясатынын башкы максаты катары көрөрүн так билдирген. Муну менен Америка Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарын экинчи планга жылдыруу аркылуу Азиядагы басымын күчөтүүнү көздөп жатышы ыктымал.

АКШ президети Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзиньпин. 9-ноябрь, 2017-жыл. Бээжин.
АКШ президети Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзиньпин. 9-ноябрь, 2017-жыл. Бээжин.

Жакында Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон менен Москванын ортосунда "геосаясий жана экономикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү" каралганын билдирди.

Андан бир нече күн мурда Мүнхен коопсуздук конференциясында АКШнын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог "АКШ Путинди Кытай, Иран жана Түндүк Корея менен болгон мамилесин үзүүгө мажбурлоону көздөп жатат" деп айтты.

Февраль айында The Wall Street Journal басылмасына курган маегинде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Вашингтон Орусиянын Кытайга болгон көз карандылыгын азайтуу үчүн Москва менен мамилени өзгөртүүгө даяр экенин билдирген.

"Путин Кытайдын 'кичүү өнөктөшү' болууну каалабайт", – деген Вэнс.

Трамп Кытай менен Орусиянын ортосуна ажырым салабы?

Архо Хаврендин айтымында, АКШ Орусия менен Кытайды толук ажыратат деген ыктымалдык, айрыкча Путин бийликте турган кезде, жогору эмес. Анткени ал Си Цзиньпин менен жеке мамилесин бекемдеп алган.

Бирок кенедей жаракалардын пайда болушу Москва–Бээжин стратегиялык кызматташтыгын алсыратып, Кытайды Тайван боюнча аракеттерине этияттык менен мамиле кылууга мажбурлашы мүмкүн.

"Эки өлкөнүн байланышы күчтүү бойдон кала берет, бирок тарыхый жактан алар бири-бирине ишенбейт. Бул ишенимсиздик эч качан жоголбойт", – дейт Хаврен.

Трамптын администрациясы дипломатияны чагылгандай тездик менен жүргүзүп жатканы менен, алар жаңы эле башташканына байланыштуу алдыда дагы көп окуялар күтүшү ыктымал.

Лондон университетинин SOAS Кытай институтунун директору Стив Цангдын пикиринде, Вашингтон менен Москванын алакаларынын жакшыруусу Кытай үчүн жалаң эле жаман жаңылык эмес.

"Си Путиндин согушта жеңилип калышын каалабайт, ошондуктан Трамп Орусияга ыңгайлуу тынчтык келишимин сунуштаса, бул Бээжин үчүн деле жакшы жаңылык. АКШнын кийинки президенти ким болорун, анын позициясы Трамптыкынан канчалык өзгөчө болорун эч ким билбейт", – дейт Цанг.

19-февралда жасаган билдирүүсүндө Трамп Сини Вашингтондо күтүп жатканын жана Кытай менен жаңы соода келишими боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин билдирди.

"Бардыгы өтө тез өзгөрүп жатат. Кытай азыркы жагдайга нааразы, бирок бул өзгөрүшү мүмкүн", – дейт Архо Хаврен.

Шерине

XS
SM
MD
LG