Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

1-класска кирип жаткан баладан экзамен алгандар жоопко тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 1-класска кирип жаткан балдардын билими текшерилбейт жана экзамен алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев 4-апрелде маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, балдар 1-класска келгенден кийин программа боюнча окуп-жазганды үйрөнүшөт.

"Бизге абдан көп суроолор жана кайрылуулар болуп жатат. Мен бардык ата-энелерге айтып коёюн, бала 1-класска барганда эч кандай текшерүү болбойт жана экзамен тапшырбайт. Балдар 1-класска киргенден кийин программа боюнча окуп башташат. Мен ошондой эле өлкөбүздөгү бардык мектептердин жетекчилерине кайрылам, биринчи класска кабыл алуу үчүн эч кандай экзамен алынбашы керек. Андай болушу да мүмкүн эмес, ага жол бергендер жоопкерчиликке тартылат", - деди Касымалиев.

Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоонун 1-баскычы 8-апрелде башталат. Бул баскычта балдар ата-энесинин жашаган жери аркылуу кайсы мектепке камтылганына жараша катталат. Министрлик 8-апрелге чейин баланын жашаган жери кайсы мектепке тиешелүү экенин жана ата-энесин документалдуу түрдө аныктап алууга чакырууда. Ал үчүн калкты тейлөө борборлоруна (ЦОН) кайрылууга тийиш.

2-баскыч 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт. Экинчи баскычында ата-энелерге балдарын окутуучу мектепти тандоо укугу берилет. Тандоо электрондук порталдагы бош орундарга ылайык гана жүргүзүлөт.

Кыргызстандын билим берүү тармагын реформалоого багытталган "Алтын казык" программасы боюнча Кыргызстанда быйылтан тартып 12 жылдык билим берүү системасы киргизилет. Ага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окууга баруу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG