Бирок, өзбек аялдар менен байкоочулардын “Азаттыкка” айтышынча, аялдар алдоо жолу менен стерилизацияланып жатыптыр деген коркунуч эл ичинде күчтүү экенин көрсөттү. Кээ бир дарыгерлердин сөзүнчө, аялдар операцияга “ден соолугунан жана каржы
Гистерэктомия - төрөттү азайтуу саясатыбы?
Өзбек аялдарга бала төрөтпөө үчүн жатынга гистерэктомия операциясы мажбурлап жасалып жатыптыр деген каңшаар февралдын ортосунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыккандан кийин тараган. Береги №40-буйрукта гистерэктомия төрөттү болтурбоонун эң коопсуз жолу катары балалуу болууну каалабаган аялдарга бекер сунуш кылынсын деп көрсөтүлөт.
Андан эки апта кийин “Fergana.ru” сайты министрлик өз буйругу менен ар бир участкалык дарыгерди айына эки аялды бойдон алдырууга купуя макулдатууга милдеттендирген жашыруун жобо чыкканын да кабарлаган. Интернет басылманын жазышынча, мындай чарага барууга элдин ылдам өсүшү, көп балалуу энелерге жөлөкпул төлөөгө жана бала бакчалар үчүн каражаттын жетишсиздиги себеп болгон.
Азыр Өзбекстанда 28 миллион эли бар. БУУнун эсеби боюнча, ушу темпте өсө берсе, 2050-жылга Өзбекстандын калкы 50 миллионго чыгат.
35тен өткөн аялдар төрөбөөгө тийишпи?
Атын атагысы келбеген хорезмдик келин “Азаттыктын” Өзбек кызматына бойго бүтүрбөөчү контрацептер аялдардын эркине каршы же аларга айтпай орнотулганын айткан:
- Хорезмде 35тен өйдө жаштагы аялдарга төрөттөн соң күчтөп контрацептер орнотулат. Кээде доктурлар аялдардын боюна бүтпөс үчүн жатынын алып салат. Дарыгерлер маалелерди кыдырып, жатыныңарды акысыз тигип беребиз деп, аялдарды күчтөп текшерүүгө жөнөтүшүптүр.
Хорезмдик аялдын сөзүн Ташкен облусундагы медициналык мекеменин атын жашырган кызматкери да тастыктады:
- Эч ким балдардын төрөтүн азайтууга аракет кылган жок. Саламаттык сактоо мекемелери оорукчан аялдар жана 17-19 жаштагы кыздар төрөбөш керек деген талап койушууда. Төрөт арасында аз дегенде үч жылдык тыныгуу болуш керек. 35 жаштан жогору курактагы аялдардын боюна бүтпөгөнү жөндүү. Мына ушуларга каршы күрөш жүрүүдө.
Дарыгер чиновник аялдын сөзүнчө, бийликтин саясаты аялдарды 20-30 жаштын ортосунда балалуу болууга үгүттөп көндүрүү.
Ырасмий маалыматтарга ылайык, Ташкен облусундагы аялдардын 57 проценти аз кандуулук сыяктуу мээнетке чалдыккан.
Ташкентте жайгашкан Эксперттик-жумушчу борбордун серепчиси Сухроб Ысмайылов аялдар түрдүү айла-амалдар менен стерилизация болуп жатканына ишенет.
- Биз аялдар мажбурлап стерилизация кылынууда деген жокпуз. Бирок айрым жерлерде аялдарды алдап андай операция жасаган учурлар бар. Биздин маалыматыбыз боюнча, Каракалпак автоном республикасында жана Ташкен шаарында саламаттык мекемелери стерилизациялоо жөнүндө өз жобосун чыгарган. Ага ылайык, дарыгерлерге ар айда эки аялды өз ыктыяры менен стерилизацияга макулдатуу жөнүндө көрсөтмө берилген.
Кээ бир байкоочулардын айтышынча, Өзбекстанда элдин өсүшүн контролдоо үчүн 1999-2003-жылдары эле аялдарга түрдүү айла менен контрацептер орнотулган.
Дарыгерлерге ар айда эки аялды өз ыктыяры менен стерилизацияга макулдатууга көрсөтмө берилген.
Сухроб Ысмайылов
Өзбекстандын эгемендигинин 18 жылдыгын Алишер Навои атындагы гүлбагкта майрамдоодон бир көрүнүш. Ташкен. 31-август 2009
жетпегенден улам” макул болушкан учурлар бар.Гистерэктомия - төрөттү азайтуу саясатыбы?