Бишкек шаардык сотунун судьялары Кемпир-Абад ишин ачык кароодон баш тартты
Ушул иш боюнча айып тагылып, райондук сотто акталган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков "Мен Бишкек шаардык сотуна Кемпир-Абад ишин мыйзамга ылайык, эл билсин деп ачык өткөрүү өтүнүчүн келтиргем. Бүгүн судьялар Мирад Динеев, Алмаз Калбаев жана Сүйүнбек Бекташов мурдагы тергөөчүнүн чечимине таянып, сотту жабык өткөрөбүз деп чечишти", - деп билдирди. Ошондой эле айыпталуучулар менен адвокаттар судьялардан ишти сот арачылары менен өткөрүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Бул өтүнүч кийинки соттук отурумда карала турган болду. Шаардык сотто Кемпир-Абад иши 2024-жылдын 6-августунда карала баштаган. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүү менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алар тагылган айыпты саясий куугунтук катары сыпаттап келет.
Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамы менен Сирияда калган жарандарын мекенине алып келүү иштерин улантат
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде Сириядан алты этап менен 700гө жакын аял, балдар алып келингенин айтты. "Учурда төрттөн-бештен ар кайсы жерде калгандар бар. Кээ бири келүүдөн баш тартты. Айрымдары узак мөөнөткө абакка кесилип кеткен, аларды Сирия өзү деле коё бербейт. Жакында ЮНИСЕФ менен бирге дагы 4-5 баланы алып келүүгө аракет көрүлүп жатат", - деди Иманкулов. Иманкулов Сириянын аймагында Кыргызстандын канча жараны бар экени тууралуу так маалымат жоктугун айтты. 2024-жылдын февраль айындагы маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден баш-аягы Кыргызстандын 432 жараны алынып келген. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар экени маалымдалган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн кабыл алынган чечим болгонун" айтты
Ташиев бул тууралуу Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин жана коллеждердин кызматкерлери менен 16-январда өткөргөн кеңешмеде айтты. "Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн президенти болгон, "мыйзамдагы ууру" жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан мамлекет үчүн "мыйзамдагы ууруну" жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Кийин анын башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду", - деди Ташиев. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Бишкектеги №13 мектептин окуучусу рэкетчиликтен жабыркаганы кабарланды
Омбудсмендин басма сөз кызматы акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага балдары Бишкек шаарындагы №13 мектепте окуган ата-эне кайрылып, балдарынын укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөнүн билдирди. Окуучулардын апасынын сөзүно караганда, 21-декабрь күнү 9 жана 11 жаштагы эки уулу ийримге бараткан жеринен аларды ошол эле мектепте окуган, эки жаш улуу окуучу кармап алып, колундагы тамак-ашын тартып алган, улуусун уруп-сабап, акча талап кылган. Натыйжада бала мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган. Ата-эне 25-декабрь күнү милицияга да арыз жазганы кабарланды. Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды. Мекеме 2023-жылы өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзгөндө сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышкан.
Казакстанда Викрам Рузахуновго кыйноо көрсөткөн алты полиция кызматкери кесилди
Казакстанда сот 2022-жылдын январь окуялары маалында Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайда болгон кыйноо фактылары боюнча өкүм чыгарды. Ал жерде жүзгө чукул өзбек, кыргыз, казак жарандары, анын ичинде кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылганы маалым болгон. Сот полиция кызматкерлери Бауыржан Сопоков, Арман Шойбеков, Берик Адилбеков, Олжас Айдарханов, Серик Турпанов жана Нурсултан Хамитовду кармалгандарга "кыйноо көрсөткөн" деп таап, ар бирин үч жылдан эркинен ажыратты. Бул иш боюнча сот жараяны былтыр 16-сентябрда башталган. Прокуратуранын версиясына караганда, 2022-жылдын 7-январында чек ара кызматынын атайын бөлүгү башалмандыктын болжолдуу катышуучуларын колго түшүрүү максатында Алмата-Бишкек кан жолунда Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жүздөгөн жаранын кармаган. Кошмамбеттеги убактылуу кармоочу жайга алардын 98си жеткирилген. Аларды камоо боюнча эч кандай документтер толтурулган эмес. Дал ошол жерден кармалгандар ырайымсыз кыйноого дуушар болушкан.
Орусияда сот Алексей Навальныйдын адвокаттарын түрмөгө кести
Орусиянын Владимир облусундагы сот 17-январда оппозиция активисти, маркум Алексей Навальныйдын мурдагы адвокаттарын "экстремисттик коомго аралашуу" иши боюнча эркинен ажыратты. "Медиазона" басылмасы жазган маалыматка караганда, Вадим Кобзев 5,5 жылга, Алексей Липцер 5 жылга, Игорь Сергунин 3,5 жылга түрмөгө кесилди. Сот ошондой эле аларга жазасын өтөп бүткөндөн кийин үч жыл адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салды. Адвокаттар 2023-жылдын күзүндө кармалышкан. Анын алдында үйлөрүндө, кеңселеринде тинтүү жүргөн. Прокурорлор аларды Алексей Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы фондунун" ишине аралашкан деп айыпташкан. Бул уюм Орусияда экстремисттик деп саналат. 2023-жылы август айында Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы Навальныйды экстремисттик бирикме түзүү тууралуу жана башка бир нече айыптын негизинде 19 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын алыскы Ямал-Ненец аймагындагы колонияда өтөп жаткан Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта көз жумган.
Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 38ге жеткени маалым болду
Түрк медиасы алардын көбү түркмөнстандык жана өзбекстандык мигранттар экенин, 26 киши оор абалда ооруканада жатканын жазды. Соңку беш күндө жасалма аракка ууланып жалпысынан 92 киши ооруканага кайрылган. Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркияда дагы төрт өзбекстандык каза болгонун 17-январда билдирди. Буга чейин Стамбулда жасалма аракка ууланып Өзбекстандын жети, Түркмөнстандын үч жараны набыт болгону кабарланган. Өзбекстандын Башкы консулдугунун маалыматында "окуяга катыштыгы бар деген шек менен эки түркмөнстандык кармалганы, аларга кылмыш иши козголгону" айтылды. Түркмөнстандык түгөйлөр жашаган үйдөн 50 литр жасалма арак, маңзат, дары-дармек жана жасалма миграциялык документтер аныкталган. Стамбул полициясы шектүү арак сатылган 63 соода жай жабылганын билдирди.
Шерине