Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Казакстанда Викрам Рузахуновго кыйноо көрсөткөн алты полиция кызматкери кесилди


Судья Динмухаммед Адайбаев Кошмамбеттеги кыйноолор боюнча мурдагы полиция кызматкерлерине чыгарылган өкүмдү окуп жатат. 17-январь, 2025-жыл.
Судья Динмухаммед Адайбаев Кошмамбеттеги кыйноолор боюнча мурдагы полиция кызматкерлерине чыгарылган өкүмдү окуп жатат. 17-январь, 2025-жыл.

Казакстанда сот 2022-жылдын январь окуялары маалында Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайда болгон кыйноо фактылары боюнча өкүм чыгарды. Ал жерде жүзгө чукул өзбек, кыргыз, казак жарандары, анын ичинде кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылганы маалым болгон.

Сот полиция кызматкерлери Бауыржан Сопоков, Арман Шойбеков, Берик Адилбеков, Олжас Айдарханов, Серик Турпанов жана Нурсултан Хамитовду кармалгандарга "кыйноо көрсөткөн" деп таап, ар бирин үч жылдан эркинен ажыратты.

Жабырлануучу өзбекстандыктардын адвокаты Айна Шорманбаева соттун чечимин "өтө жумшак" деп атап, доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Викрам Рузахуновдун адвокаты Елена Жигаленок дагы "Азаттыктын" казак кызматына телефондон берген комментарийинде соттун өкүмүнө нааразы экенин айтты.

Бул иш боюнча сот жараяны былтыр 16-сентябрда башталган. Прокуратуранын версиясына караганда, 2022-жылдын 7-январында чек ара кызматынын атайын бөлүгү башалмандыктын болжолдуу катышуучуларын колго түшүрүү максатында Алмата-Бишкек кан жолунда Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жүздөгөн жаранын кармаган. Кошмамбеттеги убактылуу кармоочу жайга алардын 98си жеткирилген. Аларды камоо боюнча эч кандай документтер толтурулган эмес. Дал ошол жерден кармалгандар ырайымсыз кыйноого дуушар болушкан.

Башаламандык маалында Казакстандагы мамлекеттик телеканалдардын биринде башы-көзү көгөрүп-шишиген кыргызстандык жигит "кагылышууларга катышуу үчүн акча алганын" айткан видео көрсөтүлгөн. Кийин ал кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени, кыйноодон улам жалган айыпты мойнуна алууга аргасыз болгону ачыкка чыккан.

Бара-бара бул иш дипломатиялык талашка айланган. Дал ушул окуядан кийин казак бийлигинин "Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен келген террорчулар" деген жүйөсү суу кечпей калган.

2022-жылы январда кошуна өлкөдө газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон. Анда расмий эсеп боюнча 238 киши набыт болгон.

Эксперттер бул кандуу окуялар боюнча чындык толук ачыкка чыга элек деген пикирде.

Шерине

XS
SM
MD
LG