Жакында бир кыргыз ырчысынын казак султаны Кенесары тууралуу айткан бир беткей сөзү кызуу талкуу жаратты. Ошол эле учурда бул маселе Кыргызстанда жаш муундар өз элинин гана тарыхын үйрөнүп чектелбестен, жалпы чөлкөм тарыхын да мыкты билиши керектигин айгине кылды. Тарыхчынын блогу.
Султан Кенесары баскынчыл жортуул жасаган
Сөз төркүнүн кыскача эскертсек, мындайча: 2025-жылы 9-январда YouTube интернет тармагындагы казакстандык AIRAN деп аталган каналда “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандагы демократияга ким тоскоолдук кылды?” деген бир сааттык видео тасма жарыяланган.
Бул берүүдө Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевдин алдын ала жазылган узун маегинен үзүндү да келтирилген.
Тасма. “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат?" (Орус тилинде). AIRAN. 09.1.2025.
Анда Кайрат инибиз:
“Кырдаал ушундай болуп калып, Ормон хан Кенесары ханды өлтүрүүгө мажбур болгон. Мен өз атымдан бул окуя үчүн казак элинен кечирим сурагым келет. Азыр ыйлагым келип турат. Кенесарынын түпкү ниети ак болсо керек. Ал эки элдин орус империясына каршы биригишин каалаган да...” – деген пикирин билдирген.
Интернеттеги коомдук тармактарда Кайрат инибизди сынга алган же ага болушкан пикирлер жамырап чыкты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, этнография жана археология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Рыскул Жолдошов мырза “Фейсбуктагы” баракчасында К.Примбердиевдин калпыс оюна карата таасын жооп узатканын айта кетелик.
Рыскул Жолдошов мырза: “Ормон хан баштаган кыргыздар казактын жерине басып кирип согушкан эмес. Алар кыргыз жерин, ата журтун коргоп согушкан. Кенесары болсо калдайган калың кошууну (аскери) менен кыргыз жерине кол салып, кыргыздарды басып алууга аракеттенген баскынчылык согуш жүргүзгөн... Кыргыз элин Кенесарынын мыкаачылыгынан, кыргыз жеринин казактарга алдырышынан сактап калган Ормон ханга урпактары ыракмат айтышы керек”, – деп баса белгилеген.
Айтмакчы, 2020-жылы июлда кыргыз журналисти Замирбек Өсөров “Кыргызстанда султан Кенесарыга айкел тургузуу керек” деп сунуш кылып, чоң чуу чыкканы эсте. Биз “Фейсбукта” анын сунушуна карата сын пикир жарыялаган элек.
Биз “Фейсбуктагы” 2020-жылкы жарыябызда бул өңүттөргө да токтолгонбуз.
“...Теги казак, сөөгү кыргыз, Кыргызстандын ИАсынын мүчө кабарчысы, профессор Анварбек Хасанов агайыбыз да Кенесарынын жортуулун баскынчыл жортуул деп атачу, академик Бегимаалы Жамгырчинов, маркум профессорлор Кушбек Үсөнбаев, Токторбек Өмүрбеков да Кенесарынын жортуулун баскынчыл деп таасын чагылдырышкан.
...Ал кезде Чүйдөгү жана ага чектеш бир катар аймактардагы кыргыздар Ормон хан жетектеген эгемен Кыргыз хандыгына баш ийип турушкан. Алардын убактылуу өкүм сүрсө да, чакан, эгемен көчмөн хандыгы Коконго да, падышалык Орусияга да, цин-манчжурларга да баш ийген эмес.
Кенесары алардын эгемен хандыгына нагыз баскынчы болгон.
Кенесарыга каршы күрөш боштондук мүнөзгө ээ болгон”, – деп жазган элек.
Кенесары казактар үчүн улуттук баатыр экендиги да анык
Өз тарыхыбызды калыс жазуу зарылчылыгы коңшу элдердин тарыхына да акыйкат мамилени талап кылат эмеспи.
Албетте, “Чубактын кунундай” чубалжыган бул талаш маселе жаатында ушул саптардын ээси профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков менен бирге 8-класс үчүн жазган “Кыргызстан тарыхы” окуу китебинде кыйла кеңири маалымат камтылат.
XIX к. 30–40-жж. акыркы көз каранды эмес казак султаны Кенесары Касым уулу (Касымов; 1802–1847) баш болгон бир катар казак төбөлдөрү өз жеринде падышалык Орусиянын улам араанын ачкан оторчул баскынчыл саясатына каршы чыгып, эгемендик үчүн күрөш жүргүздү.
Султан Кенесары – айтылуу Абылай хандын небереси, Касым султандын уулу, демек, казак хандарынын тукуму эле. Бул боштондук күрөшү үчүн азыр да аны казак эли өзүнүн улуттук баатыры катары даңазалайт.
Кенесары мыкты куралданган падышалык оторчул аскерлерге туруштук бере албай, улам жаңы кыйынчылыктарга кептелип, түштүк-чыгышка чегинди.
Ошол мезгилдеги Казакстанды толук каратууну энсеген Орусия мамлекети менен Орто Жүз казак сулгандарынын ортосундагы мамилелердин курчушу, жалпы жоокерчилик заман татаал тарыхый кырдаалды мүнөздөйт.
1841-ж. султандардын, уруу ак сөөктөрүнүн курултайында Кенесары хан көтөрүлөт. Хан Кененин ордосу ал кезде Иргиз, Торгой (Тургай) өрөөндөрүндө жайгашкан болчу.
1845-ж. Орол (Урал), Орунбор (Оренбург) тараптан падышалык аскерлердин эгемен казак урууларына каршы кысымы күчөгөн эле. Ошол жылы генерал-майор Николай Францевич Вишневский (1802–1881) колбашчылык кылган орус жазалоочу аскеринин жоокерлери султан Кенесарынын колунун артынан сая түшөт.
Кунанбай, Барак, Нуралы өңдүү кээ бир казак султандары Вишневскийдин (оторчулардын) тарабына кошулуп кетет.
Аскери суюлган Кенесары Борбордук Казакстанды калтырып, Сары Аркадан Улуу Жүз казагынын журту – Жети-Суунун түндүк ыптасына конуш которууга мажбур болот.
Майнапсыз аяктаган баскынчыл жортуулдар
Арийне, султан Кенесары өмүрүнүн акырында өз элинин адилеттиги үчүн күрөшүн баскынчыл саясатка буруп салган.
Тактап айтканда, султан Кенесарынын Казак жергесиндеги эгемендик үчүн адилет согушу Ормон хан Ниязбек уулу жетектеп жаткан Кыргыз хандыгына каршы баскынчыл согушка айланып кетти.
Султан Кенесарынын 1845–47-жж. Чүй өрөөнүн көздөй жортуулдары менен байланыштуу болгон дал ушул согуштук баскычты объективдүү кыргыз жана казак тарыхчылары “баскынчылык мезгил” катары гана карашат.
Султан Кенесарынын аскерлеринин бейкүнөө элге көрсөткөн кордугу, каракчыларча талап-тоноолору, зордук-зомбулуктары, мыкаачылыгы мүлдө түндүк кыргыз журтунун кыжырын кайнатып, аларды көз карандысыздык үчүн чечкиндүү күрөшкө түрттү. Караламан калың журт Ормон хандын чакырыгы менен түп көтөрө жоого каршы аттанды.
Айрым казак султандары да кыргыздарга жан тартып, ылым санашкан. Кыргыз манабы, солто уруусунун төбөлү Жангарач Эшкожо уулу (1801–1864) казактардын айрым төбөлдөрү – ботбай уругунан Супатай (Сыпатай) баатыр жана дуулат уругунан Рүстөм (Рустем) баатыр Абулпайыс уулу менен мурдатан эле дурус ымалада болгон.
Чүй суусунун оң жээгинде, Токмоктун түндүк-чыгыш тарабындагы бөксө тоонун этегиндеги жайык жер Май-Төбө – Текеликтин сеңири (Кекиликтин сеңири) деп аталат.
Дал ушул жерде 1847-ж. апрелде башталып, бир нече күнгө созулган салгылашуу Ормон хандын колбашчылык айлакер өнөрүнүн жана жалпы кыргыз ынтымагынын негизинде баскынчылардын олуттуу жеңилиши менен аяктаган.
Кыргыз ханы Ормон хандын колу башаламан качкан жоонун сары изине түшүп кубалап, Мыкандын кара сазына камайт. (Бул жер Бишкектин түндүк тарабында жайгашкан). Ушул жерде эки тарап акыркы салгылашуу өткөрүштү.
Айыгышкан айкашта султан Кенесарынын калган-каткан кошууну биротоло талкаланып, ал өзү нөкөрлөрү менен бирге туткунга түштү.
Албетте, айрым казак жана кыргыз замандаштарыбыздын Кенесарынын телчиге баштаган жаңы Кыргыз хандыгына каршы баскынчыл жортуулун актаган тейдеги бир жактуу пикирлери жөнсүз экендиги талашсыз.
Азыркы казактын көрүнүктүү тарыхчыларынын бири, профессор Мамбет Койгелдиев агайыбыз Алматыдагы илимий жыйындардын биринде ушул саптардын ээсинин көзүнчө Кенесарынын кыргыздарга каршы чапкынын “өтө олуттуу катачылык” деп баалаган.
Маркум султандын баш сөөгү тууралуу талаш-тартыш кептер
Уламыштарга жана айрым маалыматтарга караганда, султан Кенесарынын башы кесилип алынып, кийинчерээк бул баш сөөк Ормон ханга колдоо кылган айрым казак төбөлдөрү аркылуу падышалык Орусиянын Шибердеги оторчул башкармалыгынын жетекчисине жеткирилген, делет. Азыркы тапта дагы султан Кенесарынын баш сөөгү Орусиянын архивдик мекемелеринин же борбордук музейлеринин биринде кампада сакталып жатат ко деген жоромол бар.
Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин “Алаш” илимий-изилдөө институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Султан-хан Жусуп Аккулы мырза бул жаатта жаңы архивдик табылгасын 2014-жылы жайында шардана кылган. (Султан-хан мырза өз учурунда “Азаттыктын” Казак кызматынын Прага шаарындагы баш кеңсесинде да иштеп кеткени маалым).
Султан-хан Жусуп Аккулы мырза Орусиянын Омск (Омбу) облусунун мамлекеттик тарых архивинин маалыматтарын иликтеп жатып, мында орусиялык чөлкөм таануучу жана тарыхчы Андрей Палашенковдун (1886–1971) жеке архивинен кызыктуу маалымат учураткан жана ал табылгасы жөнүндө 2014-жылы илим чөйрөсүнө шардана кылган.
А.Палашенков жазуучу, этнограф, тарыхчы, саякатчы жана чөлкөм таануучу Сергей Николаевич Марковго (1906–1979) шилтеме кылып, мурдагы падышалык Батыш Шибер Башкы башкармалыгынын архивинде Кенесары Касым уулунун иши боюнча “өзгөчө тиркеме” болгондугун, б.а. “кишинин убакыттын өтүшү менен саргайып кеткен, чекесине өкмөттүк кеңсенин мөөрү басылган бекем баш сөөгү. Бул – Абылайхандын небереси, султан Кенесары Касым уулунун баш (сөөгү)” өзүнчө тиркелип сакталгандыгын учкай эскерткен.
(Айтмакчы, Сергей Марков 1932-жылы сталиндик ГУЛагга “контрреволюциячы” деген жалаа менен түшүп, бир-эки жыл абакта жатып чыккан. Ага болушуп, колдоо көрсөткөндөрдүн бири – жазуучу Макисм Горький болгон).
Тарыхчы Султан-хан Жусуп Аккулы мырзанын тыянагына караганда, султан Кенесары Касым уулунун баш сөөгү Орусиянын Омбу (Омск) облусунун мамлекеттик тарых архивинде 1930-жылдарга чейин сакталган жана, сыягы, кийинчерээк борбордук архивдердин бирине жөнөтүлгөндөй.
2016-жылы августта ал кездеги Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Орусиянын ошол учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге Кенесарынын баш сөөгүн орусиялык архив же музейден таптырып, Казакстанга өткөртүү тууралуу өтүнүч билдирген. Медведев мырза бул маселени териштирүүгө убада кылган.
Казак коомчулугунда Масимовдун бул өтүнүчүн “курулай популизм” деп сынга алышкан.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2021-жылы 30-июнда жолугуп, андан "казак элинин ыйык артефакты" болгон Кенесары хандын баш сөөгүн таап, Астанага кайтарууну суранган.
Ал эми казак археологу Руслан Шербаев мырза Кенесарынын сөөгүн Чүй боорунан издесе болот, бирок анын башы кесилген деле эмес болчу, деген пикирин 2016-жылы 17-августта билдирген.
1990-жылдардын башында Чүй боорунан Кенесарынын сөөгүн табуу максатында казуу иштери жүрүп, майнапсыз аяктаган.
Болочокто эки тараптын археологдору тең катышкан археологиялык иликтөөлөрдү улантууга деле болот.
Ал биргелешкен изилдөөлөрдүн максаты – тек гана Кенесарынын сөөгүн издөө эмес, байыркы жана орто кылымдардагы жана андан соң XVII – XIX кылымдардагы жалпы Жети-Суудагы археологиялык эстеликтерди чогуу-чаран иликтөө жана табылган артефакттарды сактоо үчүн тийешелүү музейлерге тапшыруу иштерин аткаруу болууга тийиш.
Азыркы тапта кыргыз жана казак археологдору, тарыхчылары жана этнографтары тыгыз кызматташып келишет.
Чөлкөм тарыхы – араздашуунун эмес, ынтымактын өрнөгү
Жогорудагы кечирим суроо окуясы азыркы кыргыз жаш муундары жалпы дүйнө жүзүнүн, анын ичинде Евразиянын, асыресе Түркстан, Шибер, Алтай, Ички Азия чөлкөмдөрүнүн тарыхын астейдил үйрөнүшү керектигин көрсөттү.
Себеби кыргыз тарыхы эч качан азыркы Кыргызстандын тарыхы менен чектелбейт. Анын сыңарындай, казак жана кыпчак тарыхы да азыркы Казакстандын аймагынын тарыхы менен чектелбейт.
Айдын жарымы караңгы, жарымы жарык дегендей, кыргыз-казак тарыхында орток аскердик ынтымак түзгөн (маселен, Жуңгар хандыгынын баскынчылыгына каршы биргелешип салгылашкан) доорлор да, өз ара чабыша кеткен учурлар (кыргыздардын Абылай хан, кийин султан Кенесары менен уруштары) да орун алганы маалым.
Маданият жана адабият тармактарында, сопулук философиялык мурасты жаратууда жана таркатууда, жадитчилер кыймылында, Алаш-Ордо, Түркстан автономиясы сыяктуу мамлекеттик түзүлүштөрдү түптөөдө ж.б. жүрүмдөрдө кыргыздар менен казактар башка тектеш элдер менен тыгыз биримдикте аракет кылышкандыгын баса белгилөө ылайык.
Тарыхты калыс жазуу үчүн бул окуяларды бүт калыс таразалап, эч кемейтпестен чагылдыруу керек.
Ошол эле жогорудагы Ормон хан башкарган Кыргыз хандыгын биротоло ыдыратууда сырткаркы күчтөр эле эмес, кыргыздын бугу уруусунан чыккан Боронбай (Боромбай) сыяктуу жикчил төбөлдөрү дагы, албетте, орусиялык оторчулардын сооодагер Файзулла Ногаев сыяктуу тыңчыларынын тилине кирип алып, өзгөчө кесепеттүү рол ойношконун да ачык жаза баштадык.
Кыргыздар Фергана өрөөнү, Памир, Каратегин, Ак-Тоо (Чыгыш Памир), Чыгыш Теңир-Тоо, Каракорум, Тарим ойдуңу, Тарбагатай сыяктуу аймактарда дагы саясий окуяларга иштиктүү катышкан.
Демек, ал чөлкөмдөрдүн көп этностуу калктарынын жалпы тарыхын да кылдат изилдөө аркылуу Кыргызстандын чегинен тышкаркы аймактарда ырааттуу байырлаган кыргыз топторунун тарыхына да кылчая алабыз.
Тарыхты үйрөтүүнүн айрым заманбап кемчиликтери
Жаш муундарга чөлкөм тарыхын жана кыргыз тарыхын үйрөтүүдө кыйла өксүктөр бар.
Анын бири – заманбап мултимедиа жана интернет каражаттарынын аз колдонулушу. Бул өксүктү жоюу үчүн окуу китептердин авторлору гана эмес, жалпы педагог айдыңдар, санарип дүйнөсүн коён жатагына чейин өздөштүргөн чыгармачыл жаш муундар түгөл салым кошууга тийиш.
Дагы бир өңүт: 1990-жылдары жумуриятыбыздагы айрым орус тилдүү мектептерде айрым мугалимдер “Кыргызстан тарыхы” сабагына тымызын саботаж жарыялап, “Орусия тарыхын” өтө берген учурлар жөнүндө көп уккан элем.
“Викидеги” ачык маалыматка караганда, таланттуу ырчыбыз Кайрат Тыныбек уулу Примбердиев (1985-жылы ноябрда туулган) 2000-жылы Таластагы Көк-Ой мектебинде 8-классты аяктаган экен. (“Когой” сөзүн “Көк-Ой” деп аңдадым).
Демек, Примбердиев мырза деле өз мектебинде жогорудагы Кенесарынын жортуулдары жөнүндө “Кыргызстан тарыхы” сабагынан милдеттүү түрдө окуган болсо керек. Бул окуя тууралуу сабак 1989-жылдын сентябрынан бери Кыргызстандын мектептериндеги “Кыргызстан тарыхы” боюнча окуу программасына кирген.
Окуу китептерден тышкары 1995-жылы чыккан “Талас облусу” энциклопедиясында жана башка энциклопедиялык китептерде деле Кенесарынын баскынчыл жортуулу тууралуу чагылдырылып келчү.
Бөөдө жерден кечирим суроо окуясын жалаң гана Кайрат инибиздин жеке калпыстыгы катары карабастан, жалпы эле эгемендик доорунда балдарды жана эрезеге жеткен муундарды атамекендик жана чөлкөмдүк тарыхка үйрөтүүдөгү педагогдук кемчиликтин бир мөмөсү катары карашыбыз деле абзел.
Азыркы тапта жумуриятыбызда көптөгөн университеттер “Кыргызстан тарыхы” сабагын кыскартып жана ал сабак боюнча мамлекеттик сынактарды жоюп салып жатышат. Ал мамлекеттик сынактарды жарандык таалим үчүн өзгөчө зарыл иш катары кайра калыбына келтирүү абзел.
“Чет өлкөлөрдүн каражаты менен ачылган орто жана жогорку окуу жайларда “Кыргызстан тарыхы” сабагы милдеттүү окутулабы?” деген суроо да жүрөк өйүтөт. Бул сабак мамлекеттик тил сабагы сыяктуу эле өзгөчө саясий мааниге ээ.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги дал ушул көйгөйлөрдү да астейдил иликтөөсү керек.
“Эсимде” аянтчасы сыяктуу коомдук долбоорлор көбөйсө, алардын мултимедиалык маалыматтары тарых сабагы үчүн кошумча каражат кызматын аткараары шексиз.
УТРК, ЭлТР сыяктуу каналдарда фолк-хисторичилердин “жөө жомоктору” эмес, тарыхый дарекке таянган тарыхчылардын баяндары обого чыгарылышы, тарых жана тарыхый инсандар жаатында көркөм жана даректүү тасмаларды, мултфилмдерди ж.б. жаратуу абзел.
Чет жактарда байырлаган айдыңдарды да интернет мазмунун жакшыртуу үчүн чыгармачыл кызматташууга чакырсак болот.
Айтор, тарых сабагы жана тарыхый сабаттуулук жаатында кооз сөздөрдөн көп тарамдуу педагогдук, жаратмандык жана уюштуруучулук ишке өтүүнү улантуу зарыл деп санайбыз.
Шерине