Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Түркияда жасалма арактан ууланып өлгөндөрдүн саны отуздан ашты


Жасалма арак чыгарып, сатууга шектелген түркмөнстандык түгөйлөр.
Жасалма арак чыгарып, сатууга шектелген түркмөнстандык түгөйлөр.

Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 38ге жеткени маалым болду. Алардын көбү түркмөнстандык жана өзбекстандык мигранттар. 26 киши оор абалда ооруканада жатат. Соңку беш күндө жасалма аракка ууланып жалпысынан 92 киши ооруканага кайрылганын түрк медиасы жазды.

Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркияда дагы төрт өзбекстандык каза болгонун 17-январда билдирди. Буга чейин Стамбулда жасалма аракка ууланып Өзбекстандын жети, Түркмөнстандын үч жараны набыт болгону кабарланган.

Дипломатиялык мекеме окуяны иликтөө үчүн жергиликтүү бийлик менен кызматташып жатканын кошумчалады.

Өзбекстандын Башкы консулдугунун маалыматында "окуяга катыштыгы бар деген шек менен эки түркмөнстандык кармалганы, аларга кылмыш иши козголгону" айтылды.

Түркмөнстандык түгөйлөр жашаган үйдөн 50 литр жасалма арак, маңзат, дары-дармек жана жасалма миграциялык документтер аныкталган.

Стамбул полициясы шектүү арак сатылган 63 соода жай жабылганын билдирди.

Түркияда түркмөнстандык мигранттар ууланып каза болгон окуялар буга чейин да катталган. 2020-жылы Стамбулда 58 түркмөн жасалма алкогол ичимдикке жапырт ууланган. Анда түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен. Түркмөн активисттери Түркияда арактан ууланып өлгөндөрдүн сөөгү мекенине жетпей, ошол жакта жерге берилгенин билдиришкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG